Кургак учуктун көбөйүшүнө ички-тышкы миграция, жашоо-турмуштун төмөндүгү себеп экендиги талашсыз. Адамдар жана жаныбарлар жабыркоочу бул дарттан учурда канча киши азап тартууда? Оору кандайча жугат? Булар жөнүндө Бишкектеги Улуттук фтизиатрдык борбордун директору Абдуллат Кадыров баяндайт.
Статистика
Дүйнөдө. 2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча кургак учук менен
9 миллион адам ооруп, анын 1,5 миллиону каза тапкан.
Кыргызстанда. 2013-жылы 7710 адам ооруп, анын 144ү кайтыш болгон. 2014-жылы 5763 адам ооруп, анын 389у көз жумган. Өлкөдө кургак учуктан дарылоочу 27 оорукана бар.
Кургак учукту микобактериялар козгойт. Аны 1882-жылы немис окумуштуусу Роберт Кох ачып, «Нобель» сыйлыгына (1905) татыган. Андыктан оору козгогучтар Кох таякчалары деп да аталат.
КУРГАК УЧУК ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
Дарттын келип чыгуусуна эмнелер себепкер?
Жугуу жолдору
Кайсы органдар жабыркайт?
Түрлөрү
Оорунун белгилери
Диагноз үчүн керектүүлөр
Дарылоо
Алдын алуу
«ООРУГАНДА ӨЛӨМ ГО ДЕП ОЙЛОГОМ»
Жаркынай, Жалал-Абад облусунун Аксы районунан, учурда Бишкекте жашайт. 20 жашта, үй-бүлөлүү, 1 баласы бар.
– Ооруканда 2 айдан бери дарыланып жатам. Оорум күчөгөндө тамак өтпөй, жалаӊ суу ичип калгам. Жатып алып өлөм го деп ойлогом. Өпкөмдөн тышкары ичегилерим да кургак учукка чалдыгыптыр. Жолдошум, балам да текшерилип, азыр алар үйдө дары ичип жатышат. Врачтарга рахмат, жакшы карап, дарылашууда.
«ДАРЫГА ТУРУКТУУ ФОРМАСЫ МЕНЕН ООРУГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ»
– Абдуллат мырза, айтсаӊыз, дартка чалдыккан адам канча убакыт дарыланышы зарыл?
– Дарттын дарыга сезгич жана дарыга туруктуу формалары бар. Дарылар эл аралык донорлордун эсебинен келет жана бекер берилет.
Дарыга сезгич түрүндө (ооруп, алгачкы ирет дарылануу) адам 6-8 айга чейин дарыланып, 4 түрлүү дары ичет. Эгер адам аягына чейин дарыланса, толук айыгып кетет. Бирок кээ бир адамдар узак убакыт күн сайын дары ичкенден тажап, дарылануусун токтотуп салышат. Мындай болгондо оору козгогучтар ал ичкен дарыларга көнүп, кийин алардан өлбөй калышат. Адам дарттын дарыга туруктуу түрү менен ооругандардын катарына кошулуп, дарты аздан күчөй баштайт. Врачка кайра барганында, алар мурункудан күчтүү дарыларды берүүгө аргасыз болушат. Күчтүү дары ичкен сайын организмге күч келип, айыгуу убактысы да узарат. Башкача айтканда, 1,5-2 жылга дейре 5-6 түрлүү дары ичүүгө аргасыз болот. Андыктан дарыланууну баштаган соӊ эрктүү болуп аягына чыгаруу кажет. Өкүнүчтүүсү, учурда туруктуу формасы менен ооругандардын саны өсүп жатат. Дарыланууну токтотуп койгондор оору жуктуруучу булак болуп кала беришет.
Кээ бирлер дарттан айыгам деп врачтарга кайрылбай ар кайсы жаныбарлардын этин, майын жеп жүрө беришет. Айтылгандар адамга күч-кубат бериши мүмкүн, бирок бактерияларды өлтүрө албайт. Андыктан врачтарга гана кайрылуу керек.
– Ооругандар сөзсүз ооруканага жатып дарыланышы керекпи?
– Жок, үйүндө (амбулатордук) дарыланса да болот. Үйдө ооруган адамга өзүнчө бөлмө бөлүп берүү керек. Мындайга мүмкүн болбосо, анда бөлмөнүн бир капшытын бошотуп, көшөгө менен бөлүп коюу кажет. Идишин, сүлгүсүн жана башка буюмдарын да бөлүп, полду хлор кошулган суу менен жууп туруу зарыл. Үйдө бир адам кургак учук менен ооруса, анда калган үй-бүлө мүчөлөрү да текшерилет.
– Операция тууралуу да түшүндүрсөӊүз...
– Мисалы, кургак учуктан адамдын бир өпкөсү жарабай калса, ал операция жолу менен алынып салынат. Эгер сөөктүн кургак учугу болсо, сөөктүн чириген жерлери кырылып, тазаланат.
«ӨТКӨН ЖЫЛЫ ТҮРМӨДӨ 135 АДАМ ООРУП, 17СИ КАЙТЫШ БОЛДУ»
– Түрмөлөрдө кургак учук менен ооругандардын саны канча?
– Кыргызстандагы №27 жана №31-түрмө (колония) кургак учук менен ооругандар үчүн атайын адистештирилген. Абактардагы кургак учук менен ооругандардын баары ушул 2 колонияга бөлүштүрүлөт. Статистикага келсек, 2013-жылы 149у кургак учук менен ооруп, алардын 25и каза тапкан. 2014-жылы 135и ооруп, 17си көз жумган. №27-колонияда 40 орундуу хоспис бөлүмү бар. Ал жерде өмүрүнүн акыркы кезин өткөрүп жаткандар жана дарылануудан өз эрки менен баш тарткандар жаткырылат.
– Айыкпай эле эркиндикке чыгып кеткендер башкаларга оору жуктуруп жүрө береби?
– Кургак учук менен ооругандар эркиндикке чыгардан 6 ай мурун биздин борборго маалымат келип түшөт. Анда адамдардын аты-жөнү, жерлиги толук көрсөтүлөт. Биз ал маалыматты керектүү райондордогу фтизиатрларга, алар айылдагы ФАПтарга жиберет. Эркиндикке чыгып үйүнө баргандарды алар каттоого алып, текшерип, дарыларды берип турушат. Бирок эркиндикке чыккандардын баары айылына барбай же барса да башка жакка кетип калышууда. Мындайда аларды көзөмөлгө алуу кыйын. Дарттын ачык түрү менен ооругандар, албетте, ооруну жуктурушат.
– Өлкөдө селсаяктарды карап, текшерүү, кургак учук менен ооруса айыктыруу чаралары көрүлөбү?
– Бишкекте селсаяктар баш калкалоочу «Коломто» аттуу жай бар. Ошол жерге селсаяктар шаршемби сайын барып жуунуп, тамак ичип кетип турушат. Алар менен көбүнчө бейөкмөт уюмдар иштешип, көзөмөлдөп турушат. Кургак учукка чалдыкты деп шектелгендерди флюорографияга түшүрүшөт. Ооруганы далилденсе, анда бизге маалымат беришет жана биз керектүү райондун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна аларды дарылоо боюнча көрсөтмө жиберебиз.
2015-жылы 1-марттан 1-апрелге чейин кургак учукка каршы айлык жарыяланып, Бишкектен 124 селсаяк текшерилди. Алардын 11и кургак учукка чалдыккан деген күмөн менен учурда толук текшерүүдөн өткөрүлүүдө.
Негизи үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору өздөрү жайгашкан аймактагы селсаяктарды көзөмөлдөп, ооругандарын дарылоого милдеттүү.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg