«МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ, КЕЧКЕ АЧКА ИШТЕЧҮБҮЗ»

Улуу Ата Мекендик согуш... Колуна курал алып, душмандардан мекенибизди коргоп калган ардагерлерибиздин саны бирин-серин тартып, арасы суюлуп барат. Бизге азыркы жыргал турмушту тартуулаган ошондогу кырчындай жигиттер учурда бир топ жашты таяп калган. Бул аталардан сырткары тылда эмгектенип, «Бардыгы фронт үчүн!» деген ураандын астында баш көтөрбөй, иш ылгабай кара жанын карч уруп иштеген ата-апаларды унутта калтырганыбызды мезгил кечирбесе керек.

«ӨГҮЗГӨ МИНИП АЛЫП МОЛО ТАШ МЕНЕН ДАН БАСТЫРЧУБУЗ»
Кыргыз ССРинин Эмгек сиӊирген зоотехниги, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Алтыбай Назаркулов ошол убактагы оор мезгилди баяндап өттү:
-1931-жылы Токтогул районунда төрөлгөм. Апам 3 жашымда төрөтү оор болуп көз жумган экен. 1941-жылы согуш башталды. Атам бизди бир тууганы Назарбайга таштап, согушка кетти. Кийин ал да атамдын артынан согушка аттанып, чиедей жаш балдар чоӊ апамдын колун карап калдык. Экөө теӊ согушка кеткен боюнча кабарсыз болду, ал тургай кара кагаз да келген жок. Эки баласы теӊ дайынсыз болгонуна чоӊ апамдын күйүтү күч болдубу, ал да каза болуп калды. Ошентип атамдын бир тууган эжеси Алейкан апамдын колуна келдим.
Согуш күчөп турган маал. Айылдагы алдуу эркектин баары согушка кетип, жалаӊ аялдар, жаш балдар совхоздун жумуштарына тартылабыз. Мектепке кышкысын гана барып бир аз окучубуз. Мектеп деген аты эле болбосо, күнүбүз талаада өтчү. Тамак-аш тартыш, эптеп нандын үзүмүн карандай сууга чылап жеп кубат алабыз. Керээли кечке өгүздү жайдак минип алып, моло ташты сүйрөтүп аялдар оргон буудайдын баштарын бастырабыз. Мындан сырткары пахта отоп, сугарып, бышканын терип, районго алып барып тапшырабыз. Жумуш биринин артынан бири чыга берер эле. Жаз келери менен туут башталып, совхоздун сакмалына жөнөйбүз. Айтор, боорубузду жерден албай жатып кара жумушка баш-отубуз менен кирип иштеген күндөр эсимде...

«ЛЕНИН ЗАВОДУНДА ЖАШ БАЛДАР ОК-ДАРЫ ЧЫГАРЫП ИШТЕШТИ»
Алтыбай атаны Алейкан апасы багып чоӊойтот. 17ге чыкканда Токтогулдан Фрунзеге (ред. Бишкек шаары) жөө-жалаӊ келип, ошол кездеги Айыл чарба техникумуна тапшырып окуп калат. Башынан өткөргөн согуштун күндөрүн баян этип отурган абышкасына кошулуп кемпири Зинакүл Султанбекова да шаар жериндеги согуш мезгилинен кеп салып берди:
-Мен Фрунзеде төрөлүп-өскөм. Согуш учуру шаар, кыштак дебей кара түн алып келген алаамат жылдардан болду. Тамак-аш тартыш, дүкөндөргө талон менен кезекке турушуп, үй-бүлөдөгү ар бир балага 200 граммдан гана нан берилчү эле. Азыр бир ууч эл болуп алып түндүк-түштүк, шаар-кыштак болуп бөлүнүп жатпайсыӊарбы. Ал учурда орус, кыргыз, татар, тажигине карабай колдо болгон ашын бири-бирине берип, ачкачылыктан өлбөй аман калганбыз. Украинадагы бир заводду Фрунзедеги Ленин атындагы заводго эвакуациялап келишти. Ошол жерде 14-16 жаштагы балдар жана аялдар станокко туруп, оор темир-тезекти көтөрүп, ок-дары чыгарып иштешчү.
Жеӊиш келген күн бүгүнкүдөй эсимде. Түн ичинде үйдө отурсак сырттан тарс-турс үндөр чыгып, ызы-чуу түшүп эле калды. Эшикке чыксак элдин баары көчөдө салют аттырып, сүйүнүп, ал тургай ыйлап да жүрүшөт. Колдорунда болгон ашын алдынан чыкканына сунуп, тааныган-тааныбаганы менен эле кучакташып сүйүнүп жатышыптыр. Көрсө, борбордон «Душмандар жеӊилди, биз жеӊдик!» деген кабар келген экен. Эртеси дүкөндөрдө талонсуз нан, азык-түлүктүн түрү жайнап, кененчилик болуп калды.
Ошентип бойго жетип, атаӊарга турмушка чыктым. Ал кезде Алтыбай техникумда окучу. Чыӊгыз Төрөкулович менен чогуу окуп, ал жубайы менен, биз, дагы бир топ балдар теӊтуш катары катташып жүрдүк.
Тарыхтан сабак берип, илим жактап, ошол тарыхтан согуш тууралуу көптү окудум. Согушта элдин ынтымагы, тартиптин бекемдиги менен гана фашисттерди жеӊген экенбиз.

«МУНЖУ БОЛУП КЕЛГЕНДЕРДИ КӨРДҮМ»
Тылда балалыгы өткөн апаларыбыздын арасында Нурдинова Жумабүбү апа да бар. Ал да ошол жылдарды эсине салып, азыркы балдардын балалыгындай таттуу күндөрдү көрбөгөнүн айтат:
-Жалаӊ аял, жаш балдар, кемпир-чалдын баары талаадан арпанын башын терип, орок оруп иштедик. Кимдин үйүндө бир ууч талкан болсо ошондон жарма кайнатып, айылды бүтүн чакырат. Жарма жасаган үйдү өзүбүз эле билип, барып алчубуз. Ары тур, бери тур дебей үй ээси казаны какшып калганча куюп берет.
Бир күнү үйдө эч нерсе жок ачка калдык. Атам мага алып келип берген кызыл жоолук бар болчу. Ошону алып чыгып кеткен. «Алмашып келдим» деп бир табак талкан алып келди. Ал Ат-Башыга таанымал чоӊ молдо болгон. Денесине жара чыгып, кызамык, шал болуп ооруп келгендер үйүбүздө тоголонуп эле ар кайсы жерде жатышчу. Атам оорулуулар менен алышып, дем салып, бутуна тургузуп үйлөрүнө жиберчү. Апам болсо үйдөгү жууркандарды бузуп, сырттарынан бизге мектепке көйнөк, китеп кап тигип берчү. Аны көтөрүп алып мектепке барсак Бүкүй деген кароолчу эже эшиктин алдынан тосуп алып, сумкаларыбызды чогултуп алат да, «талаадан арпанын башын терип, 5 килограммга жеткиресиӊер, болбосо бербейм» деп жөнөтчү. Баягы баштыктарыбыз мектепте калбасын деп ачка болсок да ийреӊдеп, арпанын башын терип, аны эжебизге тапшырып, көз байланганда үйгө келип суй жыгылчубуз.
Бир күнү мектептен келсем атам үйгө төшөлгөн тактайдын баарын чыгарып жатыптыр. Ал кезде тактайланган үйлөр чанда гана болчу. Кечинде бригадир араба менен келип, тактайларды жүктөп кетти. Көрсө, атам «кичине болсо да жардам болсун, тактайды фронтко жибергиле» деп бригадирге барыптыр. Ошентип үйдүн ичине жампа менен топуракты жууруп төшөп, суу сээп, шыбак шыпыргы менен шыпырып, тактайы жок жашап калдык. Ачкадан каза таап, оору-сыркоодон канчасы кырылды. Мунжу болуп келгендердин, кабары чыкпай калган уулун жоктогон же кара кагаз алып боздогон энелердин элеси алиге чейин эсимде.
Согуш жылдарды эске салган ата-апалардын баяндарын угуп отуруп толкундоо, сыймыктануу, аларга болгон ыраазычылык муунумду бошотуп, көзүмө жаш алдым. Урпактарына жыргал күндөрдү алып келген ата-апалардын этегине гүл эгип, таманынан өпсөк да аздык кылат. Жашына жаш кошуп өмүрүн узарта албасак да, тирүүсүндө сыйлап, тарыхка аттарын жазып, урпактарыбызга өткөрүү биздин милдет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Жеңиш үчүн кары-жаш дебей оорукта иштегенбиз”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
sezimay
2015-04-13 09:43:44
окуп алып козумо жаш тегеренди, ушуларды баатыр дейт, 7 апрельдин баатыры деп кыжырды келтиришет кайдагы баатыр кокустан ок жегендер же акча учун баргандар
0
boyka.kg
2015-04-13 12:46:10
sezimay, тура айтасын кайдагы батыр
0
aziziko
2015-04-15 18:02:24
sezimay, Олгон арбактардын артынан соз айтпайт пендечилик кылба . Алар баатырбы баатыр эмесби бир эле кудай билет. Арбактарды тынч жаткыралы .
0
Meruet84
2015-04-13 10:15:11
Ата Мекенди коргогондорго таазим !Баатыр деген наамдарына татыктуу инсандар болгон .Эл жер учун канын жанын аябай , бизге урпактарына сактап беришти .Надушмандардан коргошту .Азыркы
0
maks1980bishkek
2015-04-13 11:32:32
Мына эн патриот муундар.кайталангыс баатырлар!сиздерге ийилип таазим этебиз!ал эми апрель баатырлары бир гана атамбаев менен отунбаева учун гана.уксам эле кыжырым келет
0
Nuranna_93_kg
2015-04-15 03:24:50
Ech kim,ech nerse, ech kachan unutulbait!Sogush ardagerlerine taazim.Ushul sogushtu estesem ele Tolgonaidyn kuioosunon,baldarynan ajyragany,Maisalbeginin shapkesin jyttagan boidon temir joldo bozdop kala bergeni koz aldyma zamatta tartyla tushot.Zalkar jazuuchubuz "Betme bet","Jamilya",Erte kelgen turnalar","Samanchynyn jolu","Birinchi mugaliminde" keniri achyp surottop bergen sogushtu.
0
adusi9
2015-04-16 10:48:11
Сиздерге мин мертебе таазим этсек да аздык кылат
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан