ЖИГЕРДҮҮ ИШ. ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЙЫНТЫК.

Бүгүнкү күндө Megacom уюлдук операторунун байланышы өлкөдөгү калк отурукташкан аймакты 98 пайызга камтып, абоненттеринин саны 3 миллионго жетти. MegaCom`дун каржы-чарбалык ишмердүүлүгү жылдан-жылга өсүүдө. Өткөн 2014-жылы бюджетке салык түрүндөгү жана башка төлөмдөр үчүн 1 миллиард 900 миллион сом төккөн. Бул жана башкалар туурасында журналисттер үчүн уюштурулган атайын маалымат жыйында компания жетекчилиги айтып берди.

«КОМПАНИЯНЫН ӨСҮШҮ УЛАНУУДА»
Өлкөбүздүн ири компаниясынын жетекчиси белгилегендей, өткөн жыл MegaCom компаниясы үчүн да, абоненттери үчүн да жигердүү болду.
Азат Базаркулов, MegaCom компаниясынын башкы директору:
– 2014-жылдын маанилүү учурларынын бири – бул Мегаком компаниясынын толугу менен мамлекеттик болушу. Учурда абоненттердин саны 3 миллионго жетип, ар бир экинчи кыргызстандык биздин оператордун кызматтарын колдонуп келүүдө. Биз үчүн ар бир абонент маанилүү. Компаниянын киреше бөлүгү 8,6 миллиард сомду түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 5,8 пайызга өсүш алган.
Өлкөнүн бардык аймагына заманбап байланыш тартуулоону башкы максат кылып келебиз. Алыскы аймактарга жаӊы базалык станциялар курулууда жана сапаттуу байланыш үчүн оптикалык байланыш линиялар төшөлүүдө. Замандын талабына ылайык, мобилдик интернетти жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу үчүн өзгөчө басым жасалып жатат. Ошондой эле абоненттерибизге мобилдик кызматтарды жана ыӊгайлуу тарифтик пландарды сунуштап, жогорку сапаттагы тейлөөнү, туруктуу мобилдик байланыш жана маркетингдик кызматтардын кошумча топтомдорун тартуулоону улантат.
Жыл сайын интернет-трафикти пайдалануучулардын саны арбып келет. 2014-жылы MegaCom абоненттери 2,5 миллиард мегабайттан ашык маалымат менен алмашкан. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү.
Мирлан Карабукаев, компаниянын маркетинг департаментинин жетекчиси:
– Замандын талабына ылайык, интернет пайдалануучулардын саны күн сайын өсүүдө. Аны менен бирге MegaCom кошумча кызматтар боюнча өлкөдө алдыӊкы уюлдук оператор болуп саналат. Анын ичинде мобилдик ТВ, Megogo кинотеатры, «Билим берүү» акысыз опциясы бар. «Сен кайдасыӊ?», «Жакын адамдар», «Мобилдик которуу» кызматтарын бириктирип, үй-бүлө ичинде ыӊгайлуу баарлашууну шарттаган «Үй-бүлөлүк топтомду» өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Ошондой эле компания тарабынан демилгеленген «MegaCom балдарга», «Ардагерлерге жардам», «MegaCom Аллеясы», «MegaФутбол» долбоорлору үзгүлтүксүз ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, өлкөбүздүн спортуна колдоо көрсөтүү алкагында «MegaCom – Олимпиада-2016 Кыргызстандын курама командасынын өнөктөшү» коммерциялык эмес жалпы республикалык долбоору старт алды. Долбоордун максаты – жогорку спорттук жетишкендиктерге жетишүүгө дем берүү жана Олимпиадалык принциптерди жайылтуу менен өлкө үчүн, эл үчүн жана жеке өзү үчүн сыймыктануу сезимди күчөтүү. Компаниянын бардык социалдык демилгелери, мобилдик оператордун аймактарга колдоо көрсөтүү жалпы улуттук масштабдык программасы алкагында ишке ашырылууда.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, мындан ары кыргызстандыктар уюлдук оператордун кызматын пайдаланууда номерди каттоодон өткөрүүсү керек. 2015-жылдын март айын алганда тармактагы активдүү абоненттердин жалпы санынын 70 пайызы персонификациядан өткөн. Абоненттерди персонификациядан өткөрүү боюнча мамлекеттик демилге алкагында абоненттер 2015-жылдын 8-августуна чейин оператор менен келишим түзүүсү зарыл.
Нурлан Курманбаев, компаниянын өнүгүү жана тармактарды оптимизациялоо департаментинин жетекчиси:
– Жыл ичинде компания базалык станцияларынын санын көбөйттү. 3,75G тармагы республикабыздын 3 миллион адам жашаган калктуу аймагын кучагына алды. Жаӊы базалык станциялар өлкөбүздүн бардык 40 районунда тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болду. Компания тарабынан мобилдик байланыш калк жайгашкан аймактын 98 пайызын курчады.
2014-жылы MegaCom мобилдик оператору тарабынан абоненттерди сапаттуу байланыш менен камсыздоо, кызматтардын жана опциялардын түркүмүн кеӊейтүү максатында компания «Бишкек – Ош» оптикалык була байланыш линиясын төшөө иши жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө, «Жалал-Абад – Ош» тилкесинин 115 чакырымына оптикалык була төшөлүп, өлкөбүздүн телекоммуникация тармагындагы эӊ алгылыктуу долбоордун биринчи этабы аяктады. Бул жалпы жумуштун 30 пайызын түзөт. Өзүнүн оптикалык була байланыш линиясын ишке киргизүү менен 2016-жылы мобилдик оператор абоненттерине маалыматты жогорку ылдамдыкта өткөрүү жөндөмдүүлүгүн шарттаган жаӊы кызматтарды сунуштап келет. Ошондой эле 4G LTE сыяктуу жаӊы технологиялардын пайдубалы түптөлдү.

МЕГАКОМДОН ЖАӉЫ ТАРИФ – «МЫКТЫ»
Мегаком компаниясы абоненттерине замандын талабына ылайык жана ыӊгайлуу тарифтерди тартуулап келет. Бул жолу кезектеги жаӊы тариф чыкканын жарыя кылат. «Мыкты» тарифи – мыкты баа жана мыкты чечим! Башка тарифтерден жөнөкөйлүүлүгү менен айырмаланып, бардык ички чалуулар, SMS жана мегабайтка болгон нарк 50 тыйынды гана түзөт. Абоненттик төлөм жок.
«Бардык эле абоненттер операторлордун көптөгөн сунуштарын түшүнүп, өзүнө ыӊгайлуу тарифтерди издей беришпейт. Көпчүлүк учурда абоненттин кайсы убакытта мобилдик интернетти колдонушу, чалуулары бир мүнөттүк чектен ашабы же жокпу ушуга гана көз каранды болуп калат. Ашыкча баш оорутмасы жок, эӊ ыӊгайлуу тариф издесеӊиз, анда «Мыкты» тарифи сиз үчүн»,- деп белгилейт маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

«Мыкты» тарифине өтүү үчүн *303*38*1# кыска буйругун терүү керек (өтүү наркы – 60 сом). «Мыкты» тарифинин баштапкы топтомун Мегаком компаниясынын ар бир фирмалык салонунан же Сатуу жана тейлөө борборунан сатып алууга болот. Тариф тууралуу толук маалымат megacom.kg сайтында жайгаштырылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан