ИЗДЕЙМ СЕНИ

«КЕСИПТЕШИМДИ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– 2014-жылдын сентябрь-октябрь айларында Бишкектеги «Green City» мейманканасында Муктарбекова Айсулуу аттуу бийкеч менен чогуу иштегем. Экөөбүз жакшы достордон болуп жүргөндө ал жумуштан кетип калды. Жакындарынан сурасам, Катар өлкөсүнө кеткенин айтышты. Эгер аны менен байланышып турган жакындары болсо, мага чалып же жазып коюшса жакшы болмок.

Таалай Иманалиев,
тел.: 0552 17 53 55,
happiness.edmundo@gmail.com

«КУРБУМ АИДА, ДАЙЫНЫӉДЫ БИЛДИР!»
– 1973-жылы Токтогул районунда төрөлгөн Аида Мамытованы издеп келем. Ал экөөбүз 1994-95-жылдары Бишкекте батирде бирге жашап, бирге иштеп курбу болуп калганбыз. 1,5 жаштагы Элеонора деген кызы бар болчу. Кийин мен Таласка айылга кетип калдым. 2000-жылы Бишкекке келип, аны менен Чыгыш-5 кичи районунан жолуккам. Ошону менен дайыны жок болуп кетти. Байланышыбыздын үзүлгөнүнө 15 жылдай болуп калды. Таанып билгендер болсо, кабарлап коюӊуздарды өтүнөм.

Чыныгүл Атыканова,
тел.: 0701 51 25 75

«ТАЙПАЛАШЫМ ГҮЛЗАДА, КАЙДАСЫӉ?»
– Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы 1985-жылы төрөлгөн курбум Гүлзада Бектур кызын издейм. Экөөбүз 2004-2009-жылдары Жусуп Баласагын атындагы КУУда бирге окуганбыз. Мындан 3 жыл мурун үйгө келген. Ошол боюнча телефон номерин жоготуп алып, ал өзү да кабарлашпай, таппай калдым. Жолдошунун аты Нурик жана 2 кызы бар болчу. Угушума караганда ал Орусияда. Билгендер болсо кабарлап коюӊуздар.

Астра Усубалиева,
тел.: 0700 24 28 78

«РОМАНДЫ ИЗДЕЙМ»
– 1986-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда туулган Роман аттуу баланы издейм. Ал экөөбүз 2010-жылдын апрель айынан бери жолугуша элекпиз. Роман, сени издеп жатканымды окуп калсаӊ байланыш.

Бишкектен Жазмин,
тел.: 0708 54 53 37

«АСКЕР КЫЗМАТЫН БИРГЕ ӨТӨГӨН ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1990-91-жылдары Орусиянын Балашов шаарында аскер кызматын бирге өтөгөн досум Алмаз Исалиевди издейм. Ал Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында 1972-жылы туулган. Биз Орусияда ШМАСта (адистерди даярдоочу авиация мектеби) 3-ротада чогуу болгонбуз. Алмаз, окуп калсаӊ байланыш. 

Чоӊ-Кеминден
Калмурат Абылгазиев,
тел.: 0700 48 52 08

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан