Нурпери Тургуналиева, бийчи: «АПАМ БИЗДИ ЭМЕС, ӨЗ АПАСЫН ЖАКШЫ КӨРӨТ»

Бий сынактардан, сыналгыдан, концерттерден «Кара жорго» бийин бийлеген кичинекей кызды көрсөӊүз керек. Кыймыл-аракети өзүнө куп жарашып, көргөн жанды арбап алат. Кичинекей бийчинин аты Нурпери. Анын Айпери аттуу түгөйү бар экенин көпчүлүк билбесе керек. 3,5 жаштагы эгиз Нурпери жана Айперини ээрчитип келген апасы кеӊсебиздин коногу болушту.

Наргиза Сулайманова, апасы: «ЭГИЗ ЖЫЛДЫЗ БОЛОБУЗ ДЕП БИЗДИ КУБАНДЫРЫШАТ»
– Нурпери эки жашка толгондон тартып эле бийлей баштады. Такыр тынчы жок, энергиясы ашып-ташып турат. Азырынча эл алдында бийлет­пей туралы десек алсырап, ооруй баштады. Үйдө күнүнө 15 жолу бийлемейинче жаны тынбайт. Бир жылдан бери «Асем» бийчилер тобунда тарбияланып жатат. Азыр «Кара жоргодон» тышкары танго сыяктуу бийлердин бир нече түрүн өздөштүрүп калды.
Атасы экөөбүз теӊ чыгармачылыктан алыспыз. Жадакалса тойлордо ыр-бий эмес, каалоо-тилек да айта албайбыз. Бийден тышкары эки кызым теӊ жакшы ырдашат. Айпери «мен «Кара жорго» ырын ырдайм, Нурпери артымда бийлейт. Биз эгиз жылдыз болобуз» деп бизди кубандырат. Чыгармачылыкка азыртадан шыктары бар, ырчылардын көпчүлүгүн таанышат. Нурпери азыр чоӊ сахнага чыгып, концерттерде бийлеп жатат. Биз бир тыйын да албайбыз. Кызыбыздын эл алдына чыкканына эле сыймыктанабыз.
– Кандайсыӊар, атыӊар ким?
Нурпери: – Девучка, атым девучка.
Апасы: – Нурпе­ри деп айтпай­сыӊ­бы.
Н.: – Нурпери Тур­гуналиева.
Айпери: – Мен биринчи айтмакмын да. Тургуналиева Айпери Уланбековна.
– Ой, азаматтар, канча жаштасыӊар?
Н.:
– Үч жаштамын.
А.: – Үч жарым жаштамын десеӊ.
– Кой, урушпагыла, тентек окшойсуӊар, ээ?
Н.: – Бул тентек. (Айперини көрсөтүп)
Апасы: – Урушпагыла, уят болот.
Н.: – Мама, сени уят кылып койбоюн азыр.
– Апаӊ кимиӊерди жакшы көрөм деп айтат?
Н.: – Өзүнүн апасын эле жакшы көрөт.
– Апаӊарды жакшы көрөсүӊөрбү же атаӊардыбы?
Н.: – Экөөнү теӊ жакшы көрөм.
А.: – Апамды, атамды, же­ӊем­ди жакшы көрөм.
– Бийлегенди ким үйрөткөн?
Н.: – Бийлеп арыктайм, диета кармайм.
– Бала бакчада досторуӊар көппү?
Н.: – Айтпайм. Садикте орус эжекем бар.
– Ал жакта да бийлейсиӊби?
Н.: – Үйдө компьютерди коюп бийлей берем. SUPER.KG`ден ыр угам.
Апасы: SUPER.KG`де­­ги Медиа-пор­тал­дан кечке музыка угушат.
– Үйдө силерди ким карайт?
Н.: – Иши кылып карайт да. Кээде Калбү жеӊем келип карайт.
– Силерге жомок айтып береби?
Н.: – Ой, азыр тамагым ооруп жатат. Анан жооп берейинчи (колун силкип)
– Ырдаганды билесиӊерби?
Н.: – Кү-үн ысыккы, абдан ысыккы, достор менен көлөкө издеп...
– Бул ырды сага ким үйрөткөн?
Н.: – Өзүм эле үйрөнүп алгам. Нурлан Насик ырдайт (Нурлан Насипти айтып)
– Дос кыздарыӊар көппү?
Н.: – Жок.
А.: – Көп.
– Чоӊойгондо ким болгуӊар келет?
Н.: – Акуйист, аку-уйист (оку­лист)
– Окулист кандай доктур, билесиӊби?
Н.: – Көздү чукуйт.
– Айпери, сен ким болгуӊ келет?
Н.: – Күрөшөт. Айсулуу менен күрөшөт.
Апасы: – Айсулуу Тыныбекованы айтып жатат.
А.: – Жок, мен өзүм айтам. Асема апчемдей ырчы болом.
– Тамга тааныйсыӊарбы?
Н.: – Ал эмне? Биз кичинебиз.
– Кайсы тамакты жакшы көрөсүӊөр?
Н.: – Күрүч.
– Кайсы ырчы жагат?
Н.: – «Көк жөтөл».
Апасы: – Нооруз Алым­баевди жакшы көрөт.
– Кайсы мультфильмди жакшы көрөсүӊ?
Н.: – «Актан менен Акылай».
Н.: – Суроо бере бербегилечи, башым ооруп, тажап кеттим. Кежеӊ-пе­жеӊ­дей берет экенсиӊер.
– Азамат кыздар экенсиӊер. Өмүрүӊөр узун болуп, тилеген тилегиӊерге жеткиле!

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кара жорго" бийин бийлеген Нурпери
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
sezimay
2015-04-13 09:55:16
мынча момпосуй кыздар бактылуу болушсун, аябай сонун бийлешет экен
0
magic1721
2015-04-13 11:12:38
" Кү-үн ысыккы, абдан ысыккы, достор менен көлөкө издеп..." "Суроо бере бербегилечи, башым ооруп, тажап кеттим. Кежеӊ-пе­жеӊ­дей берет экенсиӊер." )))окуп алып абдан кулдум. тилине береке. бар бол аман бол.
+1
Aygul
2015-04-13 11:30:42
Кулдурду го Нурпери...Айпериси жоош токтоораак окшойт?
0
aiposha
2015-04-13 12:22:27
лапуськаларгоооо аман болгула......
0
begai93
2015-04-13 15:43:35
Ой лапукська! Омурун берип талантын оркундой берсин!нак звезда боло турган туру бар молодчина )
0
Syr_sandyk
2015-04-13 15:58:22
Ширин кыздар экен,өмүрлөрү узун болсун!
0
Meruet84
2015-04-13 17:25:37
Мынчаа ширин кыздар .
0
Aksy-13
2015-04-14 11:04:39
биз да олло кулуп атып кордук сонун кыздар экен Нурпери кыйын кыз экен чынында таланттуу, суйлогондоруно тан калдым сонун суйлоду Нурпери. Менин кызым бир жарым жашта аябай бийлейт ушул кыздай болуп бийчи болсо
0
Anhel
2015-04-14 12:16:16
Ай ий да укмуш кыздар го. Омуру узкн еыздардан болсун.
0
kg_films
2015-04-15 04:00:55
Жылдыз оорусу башталган го деп койбоюнбу:D.
0
Kg.lady
2015-04-16 14:15:56
Нурпериси шустраяго))
0
sekelek96
2015-04-17 01:08:30
Кең келечек!Өмүр берсе көптү күтсө болот экен кыздардан!
0
nurali20
2015-04-20 01:55:54
Ананайын аман бол!!!
0
283755
2015-05-30 20:21:11
жакшы коз тийбесин эл алдына коп чыгара бербегиле.Азаматсынар
0
tabyshmak
2015-11-26 16:05:52
Асыл наристелердин журогу таптаза да. Ылайым эле балдарыбыз бактыбызга бар болсун.
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан