КУМАРПОЗДУК ООРУСУНАН КАНТИП КУТУЛУУГА БОЛОТ?

Кумарпоздук бул эмне? Кандай адамдар кумарпоздуктун курмандыгы болуусу мүмкүн? Ага кабылган адамды тыйса болобу? Бул маселелер сиздин да башыӊызга түшкөн болсо, төмөнкү макалабыздан жооп ала аласыз.
Азгырыкка берилип, үй-бүлөсүн сыздатып жаткан адамдардын жакындары бизге акыркы күндөрү байма-бай кайрылып, көз жашын төгүшүүдө. Андыктан бул көйгөйгө токтолууну туура көрдүк. Бизге кайрылган окурмандардын кумар оюндарынын айынан тартып жаткан азаптарынан кыскача баяндап өтсөк.

КУМАР ОЮНДАРЫ ҮЧҮН КЫЛМЫШКА БАРГАНДАР
Кумар оюндарына берилип, адам өлтүргөн, аялдарын оюн байгесине коюп жиберген окуялар буга чейин гезитибизге жарыяланып келген. Алсак, 2013-жылдын 15-августунда борборубуздагы жаӊы конуштардын биринде 45 жаштагы Асылкан Исмаилованы жана анын 5 жаштагы уулу Адилетти Марат Абдрахманов аттуу күйөө баласы өлтүрүп, үйүндөгү 125 000 сом акчасын алып кетип, ал акчаларды 2 күндө кумар оюнуна уттуруп жиберген.
Кумар оюндарына дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тыюу салынган. Кумарпоздукка мыйзамды катуу кармаган өлкөлөрдүн катарына Камбоджа кирет. Ал өлкөдө кумар оюндарына 20 жыл мурун катуу тыюу салынган. Мыйзамга карабай ойногондор өлүм жазасына тартылат. Бирок Камбоджада казинолор таптакыр жок деп айтууга болбойт. Ал жерде атайын чет элдиктер үчүн казинолор иштейт.

КУМАР ОЮНДАРЫНЫН ТИЗМЕСИНЕ КИРҮҮЧҮ ОЮДАР:

  • Бинго
  • Кено
  • Лотереялар
  • Томбола
  • Карта оюндары (покер, маджонг жана башка)
  • Ставка коюлган спорттук оюндар (ит уруштуруу, ат оюндары жана башка)
  • Домино
  • Бильярд

Аида, Бишкек: «ҮЙДҮ БАНККА КОЮП, АКЧАСЫН КУМАРГА УТТУРУП КЕЛДИ»
– Менин жолдошум оюн автоматтарына барат. Беш балабыз бар. Өзүнүн жана инисинин машинасын күрөөгө берип коюп, акчасын толугу менен ошол жакка жумшады. Үйүбүздү банкка коюп, андан алган акчасын да оюн автоматына уттуруп келди. «Барба, ойнобо» десем, «чыдап турчу, мен ал акчаларды баары бир кайтарып алам» деп болбойт. Үйүбүздөн айрылып калуу коркунучунда турабыз. Баалуу буюмдарыбыздан да эч нерсе калган жок. Ойноп жаткан жайына анын паспортун алып барып, жолдошумду оюнга киргизбөөнү сурангам, макул дешкен. Бирок кайра эле киргизип жатышат. Аларга акча эле керек да. Эмне кылышты билбейм, айлам кетти.
Ошол оюн автоматтары Сан аттуу корей улутундагы кишиге таандык экен. Шаарга дагы 6-7 филиалын ачкан деп жолдошум өзү айтты. Бийликтегилер эмнеге мындай иштерге жол беришет? Мурда оюн автоматтарын сындырып, эми ойнолбойт деп баарын жаап коюшкан эле. Кайрадан ачып алгандарына эмне себеп болууда?

Ирина, Бишкек: «АКЧАНЫ КАЙДАН АЛЫП ЖАТАТ, БИЛБЕЙМ...»
– Балам 8-класстын окуучусу. Мектепке кеттим деп, бирок оюн автоматтарына барып жатат. Жакшы айтсам да, жаман айтсам да болбоду. Акчаны кайдан алып жатат, билбейм. Оюн үчүн акча табам деп жаман иштерге аралашып кетеби деп корком. Бул оюндардын эч пайдасы деле жок, жаптырууга жардам берсеӊер жакшы болмок деп силерге кайрылып жаттым эле.

Роза, Бишкек: «ЖОЛДОШУМ 12 000 ДОЛЛАР КАРЫЗ БОЛУП КАЛЫПТЫР»
– Жолдошум буга чейин кумар оюнуна барарын жашырып жүрчү экен. 12 000 доллар карыз болуп калгандан кийин баарын ачык айтты. Машинасын сатканы жатат, ал да жетпейт экен. «Үйдү банкка берип, өзүбүз Орусияга кетели» дейт. 4 балабыз бар, кичүүсү 9 айлык. Аларды кайда таштайбыз, билбейм. Ажырашып кетейин дейм, балдарды ойлойм. Сыртына казино деп жазылбаганы менен, ичинде кумар оюнун ойнотуп жаткан жайларды орган кызматкерлери кантип көрбөйт, түшүнүксүз.

Алмаз, Нарын облусу: «ДОСУМ 10 КҮНДӨН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ»
– Досум кумар оюнуна атасынын унаасын уттуруп коюп, эми өзү 10 күндөн бери үйүнө келбей жатат. Келинчеги 2 баласы менен ыйлап отурат. Кайда жүргөнү дайынсыз. Атасы анын кумар оюнун ойноп жүргөнүн, машинаны уттуруп жибергенин билсе кандай акыбалга түшөт?..

Шаардагы оюн клубдарын жапканы менен, жогорудагы кумар оюндарынын катарында эсептелген оюндардын баарын интернет аркылуу ойноого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Смартфондорго көчүрүп алып, бирдик аркылуу байге коюлуп, ойношууда. Техника өнүккөн сайын оюн азгырыгына тыюу салуу кыйындап бараткандай.
Кумар оюндарын иштеткен жайларды жабуу мыйзамы 2012-жылы 1-январда күчүнө кирген. 2013-жылы депутаттар Игорь Гусаров жана Замир Бекбоевдер казинолордон бюджетке жакшы киреше түшөрүн айтышып, аларды кайрадан иштетүүгө уруксат берүүнү демилгелеп чыгышкан. Бирок парламенттен колдоо табышкан эмес. Акыркы учурда оюн автоматтары жана кумар оюндарын ойнотуп жаткан жайлардан депутаттардын жана орган кызматкерлеринин маалыматы жокпу деген суроо туулат.
Кийинки сандарыбызда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кумар оюндарына каршы кандай иш-аракеттер жасалып жаткандыгы туурасында кененирээк маалымат бермекчи.

Ар бир адам кумар оюндарынан алыс болуу үчүн каалоосу менен өзү гана күрөшүүсү керек. Бул тууралуу психолог Акчач Жолдошева мындай дейт:

«КУМАРПОЗДУКТУ ЭФФЕКТИВДҮҮ ДАРЫЛОО МЕДИЦИНАДА ЖОК»
– Оюн наркоманиясына (лудомания) психологиялык жактан көз каранды болуп калгандардын саны аябай көбөйүп жатат. Лудомания – бул субъекттин турмушуна үстөмдүк кылып, кумар оюндарына азгырылып, социалдык, материалдык жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын төмөндөшүнө алып келүүчү патологиялык азгырык. Бул психологиянын бузулушу болуп эсептелгендиктен, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өнөкөт оорулар менен бир деӊгээлде экени белгиленген. Бирок кумарпоздукту эффективдүү дарылоо медицинада жок.

КУМАРГА БЕРИЛГЕН АДАМ:

  • Ойноп жаткан учурда адам эч нерсени сезбейт. Убакытты, мейкиндикти, кыймылды кабыл алуусу бузулат.
  • Өзүн-өзү баалабай калат.
  • Адамдар менен мамилеси бузулат.
  • Өзүнүн каалоосун башкарууга эрки жетпей калат.
  • Ар дайым финансылык керектөөлөрү күч болгондуктан кылмышка болгон аракет жаралат. Акчасы бар жакындарын өлтүрүп же аялын, туугандарын байгеге коюп жиберүүдөн артка кайтпайт.
  • Моралдык, социалдык, финансылык байлыктарынын баарын оюнга сарптап коюшат. Мунун жыйынтыгы ажырашууга, өзүнүн жанын өзү кыюуга алып келет.
  • Катуу депрессияга түшүп, андан кутулуу үчүн өзүн-өзү өлтүрүү аракеттери пайда болот.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Кумар оюнуна илимдүү, билимдүү адам да азгырылуусу мүмкүн. Ошондуктан баланы кичине кезинен тарбиялап жатканда ага жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Ата-эне сөз берген нерсесин аткаруусу жана баладан да ошол нерсени талап кылуусу зарыл. Чыдамкай, өжөр, жоопкерчиликтүү болуп тарбияланган балада эрктүүлүк сапат сөзсүз болот.

Бул ооруга чалдыккан адамдарды жектеп, аны менен урушуп, мамилени бузуу жолу аркылуу жардам бере албайсыз. Антсеӊиз алар ого бетер качып, өзүн жалгыз сезип, алаксыйм деген шылтоо менен кумар оюндарын ойноону уланта берет. Үй-бүлө мүчөлөрү аны менен көбүрөөк убакыт бирге болууга, мурда баштан өткөн күлкүлүү, кызыктуу көз ирмемдерди, бактылуу учурларды эстегенге, аларды кайталаганга аракет кылуу зарыл. Алдыга бирге максат коюп, күнүмдүк иш болсо да бирге жасаганга көндүрүү туура. Бош убактысын кыскартып, жаман ой, азгырыктарга алданбаганга шарт түзүү керек. Ал адам башкаларга керек экенин, моюнунда жоопкерчилик бар экенин сезүүсү кажет.

Медициналык-психологиялык борборлорго алып барып, индивидуалдык, группалык, үй-бүлөлүк дарылоолорду жүргүзүү керек.

Аларды дарылоо оор. Ошондуктан психотерапевттер жаӊы ыкмалар менен иштеген болсо, кумарпоздордун оюн жакшы жакка буруп, үй-бүлөлөрдү сактап калууга болот.

Уулбү Каныбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Nurlanchik
2015-04-13 10:44:13
Мен бир корунуктуу компаниянын биринде иштейм, менин бир коллегамда компаниянын 67000сом акчасын коротуп жиберген ушундай подпольный игровой клубдарга барып, ошон учун жаап салыш керек!!!!Ата энеси кундо ыйлактап келет башкы кенсеге... азр ИВСте отурат
+2
Bazis
2015-04-13 13:29:02
Мен да аябай азартникмин. Ошондуктан кумар оюндары болуп жаткан жерден айланып качам.
+1
jaskaaa
2015-04-13 21:55:10
Казино деген жаман нерсе. Боломдун жанын алып тындыго. бул оюндан чыгарыш кыйын экен!
+1
ylia
2015-04-14 00:33:42
менин да бир таанышым-канткенде ушул онорумду таштайм -деп аябай кыйналып журот.колуна акча тийгенде эле озун башкара албай калат.анан баарын уттурууп согунуп журо берет.
+1
Shaa-82
2015-04-14 12:18:10
жаппайтда алардан ошол жаба турган чондорубуз оз доляларын алып жатса ошолор менен тамак аш таап жеп атышса жаба коюшуна козум жетпейтго
+2
nuris208
2015-04-14 23:50:02
Компьютер оюндары да киреби?
0
Nuranna_93_kg
2015-04-15 03:45:09
Kudai saktasyn...jaratkanym tuz jolubuzdan adashtyrbasyn.
0
hairullo
2015-04-15 10:57:48
Казинодон бюджетке коп акча тушот деген депутаттарды камаш керек. Акчаны эч качан адамдан жогору койбош керек. Казино, оюн автоматтары канчалаган жаштарыбыздын ан-сезимин бузуп салды. Ошолордун убалына ким жооп берет?
+1
imperator
2015-04-15 16:18:34
Мен 3 жылдан бери букмекер деген балекетти ойнойм. Чон суммадагы акчаларды уттуруп коём кээде. Бекер эле убакыт коротосунар,нерв алсырайт. Озунорго ишениминер азаят. Ойнобогула! Баштабагыла! Жашоонордун корку качат. Андан коро убакыт бар кезде кундун батышын караап ырахат алгыла.
+1
warsaw.
2015-04-15 19:42:41
биз жакта бир киши кадимки эле картадан госпадин ойноп 450 миң $ уттуруп жиберип побегде жүрөт...
анан бул картада өздөрүнүн закону бар экен;
мисалы үчүн аялын коюп уттуруп жибергендер,үйүнө барып 3 жолу чакырат экен эгер чыкпаса унчукпай кете берет экен...
0
Mederina11
2015-04-16 10:35:53
warsaw., ким кимди чакырат экен?)
0
jypar.i
2015-04-16 20:55:07
Mederina11,чын эле,ким кимди чакырат да кимиси унчукпай кете берет???
0
algyr
2015-04-16 17:51:20
ким кимди чакырат чын эле
0
danik0101
2015-04-16 13:34:27
Мен да оюн автоматтарын ойночумун студент кезде, жаман экенин билип туруп колго акча тийгенде кантип кирип калганымды билбей калчумун. Жакшы жаап салышты ошондо да кыйналып журдум бирок азыр баары жакшы, бирок чогуу ойноп жургон досум автомат жабылгандан кийин букмекерге уйронуп калып дале чыга албай журот.
+1
Lumia-800
2015-04-16 20:31:26
Орусиядагы магазиндердеги автоматтардан жакшы эле 300-400 дон утуп журдум. Бир куну 2 саат туруп 3000 рубль уткурдум. Ошол акыркысы болду ойнободум..
+1
jama9210
2015-04-17 02:46:57
Оюн автоматтарды жапса болот алар элдерди алдашат.
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан