«Ар дайым алдыга!» деген ураан менен келе жаткан ырчы Арсен акыркы жаӊылыктары, жашоо образы, каалоолору, келечек кыялдары тууралуу кенен айтып берди. Анда ырчы жигиттин маегине көӊүл буруӊуз.
ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ...
– Арсен, кепти акыркы жаӊылыктарыӊдан баштасак. Жеке жашооӊдо, чыгармачылыкта эмне жаӊылыктар бар?
– Моюнга алыш керек, былтыр жакшы иштеген жокмун. Көп убакытты текке кетирдим окшойт, жыл бою бир гана клип тартыптырмын. Андыктан быйыл чыгармачылыкка катуу киришип жатам. Альбом чыгарып, Баястан менен дуэт жаздырдым, дагы үч ырга клип тартып баштадык. Жеке жашоомдо азырынча баары тынч (күлүп).
– Жандап жүргөн кара көзүӊдү жакындан бери көрбөй калдык, «отставкага» кетирдиӊби?
– Эми «отставкага» кетиргендей үйлөнгөн эмесмин да. Дос болчубуз десем болот. Ортодо сезимдер деле болсо керек. Бирок ар кимдин өзүнүн көз карашы бар дегендей, азырынча өзүӊөр көргөндөй жалгызмын. Өзүм жашоодо көп эле кыйынчылыктарды көргөм деп айтып келем. Ошон үчүн мындай нерсени маселе катары деле көрбөйм. Айрым жигиттер сүйлөшүп жүрүп, кийин ажырашып кетсе кыйналып депрессияга түшүп калышат го. Мен андайларды түшүнбөйм. Эркек болгондон кийин иштеш керек, оокат кылыш керек деген маселени биринчи орунга коём. Азыр баш-отум менен киришип 24 сааттын 20 саатын чыгармачылыкка бөлүп жатам.
– Төрт саатын эмнеге бөлөсүӊ?
– Уктаганга (күлүп).
– Өзгөрүү ар бир адамда эле болот эмеспи. Сенде акыркы учурда кандай өзгөрүүлөр болууда?
– Мурунку Арсенге караганда азыркы Арсен музыканы жакшы түшүнүп, ак-кара эмне экенин ылгап калды. Элдин алдында канчалык көп жүрсөӊ ошончолук эл-жер көрүп, үн калыптанат дегендей. Ырчылык башында хобби катары болсо, азыр кесибим деп билем.
– Азыркы жаштардын дээрлик көбү көзү көргөн, кулагы уккан нерсенин даамын татып көргүсү келет. Сенде азгырыктарга иммунитетиӊ барбы?
– Генден көп нерсе көз каранды болот болуш керек. Үй-бүлөмдө ичкен, чеккен эч ким болгон эмес. Кутурган убактарым деле болгон, бирок чеги менен. Анын үстүнө досторум дагы андай нерселерден алыс болгонгобу, мен да алысмын. 14-15 жашымдан бери эле эч ким мени тыкыр текшерүүгө албайт. Өзүмө өзүм жоопкерчиликтүү карап үйрөнгөм.
– Эмнегедир ырларыӊ эл оозуна алынып хит болуп кетпегендей туюлат. Өзүӊ бул тууралуу эмне дейсиӊ?
– Айыл жактарга барып ырдасам, балким, менин ырларым өтпөй калат. Кээде кыйкырып ырдап жатсаӊ «бул эмне эле кыйналып ырдайт» деп түшүнбөй калышы мүмкүн. Чынында ырларымды сүйүп уккандар азыр деле Кудайга шүгүр. Бул нерсени кирешеден деле байкаса болот. Анткени мурунку убактарга караганда азыр кирешем көбүрөөк. Бул иштеп жатканымдын көрсөткүчү болсо керек. Болгону азыр шашпай, бир ырдын майын чыгара иштеп туруп, эл алдына чыгарганга аракет кылып жатам. Башынан эле ырларым сапаттуу болуш керек деген нерсени көп карманам. Өзүмдү азыр чоӊ секирикке даярдап жаткандай сезип жүрөм.
– Сапатка басым жасайм деп жатпайсыӊбы, ырыӊ биринчи кимдин сынынан өтөт?
– Жаӊы ырларымды досторума угузам, бирок баары бир алгач өзүмө жагышы керек. Өзүм реалдуу баа берем деп ойлойм. Чала иштелип калды деп ойлосом, ал ырды жөн эле ырдабай коём.
– Сенин стилиӊди, ырдаганыӊды Актан Исабаевге көп окшоштурушат. Өзүӊө байкалабы же атайлап эле окшошосуӊбу?
– Мени ал кишиге окшоштурушса, албетте, сыймыктанам. Анткени ал жөнөкөй киши эмес, бирок атайлап окшошоюн дебейм. Актан байке америкалыктардын стилинде кийинет, ошол жактын музыкасын угат, мен да көп угам. Биздин окшоштугубуз ошондон болсо керек. Жолугушуп калганда «бизди окшоштурушат экен» деп күлүп калабыз.
– Бүтпөгөн нерсе жок эмеспи, ырчылык доорум кайсы бир күнү бүтүп калат деп коркпойсуӊбу?
– Мен элге белгилүү болоюн деп деле ырчы болгон эмесмин. Максатым өзүмө жаккан ырларды элге тартуулоо болчу. Таланттуу адамдын доору эч качан бүтпөйт. Белгилүү бир убакытка чыгармачылыгын токтотуп коюп, кийин сахнага кайткан ырчылар деле бар эмеспи. Андыктан доорум бүтүп калат деп коркпойм. Буюрганын көрөбүз. Негизи быйыл колдон келген аракеттер менен чет өлкөгө чыгып, белдүү сынактарга катышууну көздөп жатам.
– «Жаӊы толкун» сынагына катышып келбедиӊ беле. Сынак кандайдыр бир деӊгээлде чыгармачылыгыӊа стимул боло алдыбы?
– Албетте, ал жактан мен сахна этикасын үйрөндүм, жандуу ырдоо эмне экенин, эл алдында жоопкерчилик кандай болорун сездим. Ошол сынактан кийин музыкалык билим алсак, дагы ийгиликтерди багынтсак деп катуу келгенбиз. Бирок ойлогонубуз ошол боюнча калып калды.
– Кайрадан кыздарды кызыктырган жеке жашооӊо келсек, болочок үй-бүлөӊдү кандай элестетесиӊ?
– Үй-бүлөмдө бардыгы жетиштүү, болочок жубайым ыймандуу болсо деп кыялданып коём. Ыймандуу десе эле хиджап кийген, намаз окуган адамды элестетпеш керек. Ыйман – бул тартип деп ойлойм. Кээде өтө сулуу кыздарды көрөм, бирок жүрүм-туруму начар. Акылдуу кыздар бар, бирок өзүнөн башка эч кимди байкашпайт. Кааласам азыр деле үйлөнүп алсам керек эле. Бирок татыктуу кыз таба элекмин. Эмнегедир шашылган да жокмун.
– Кандай ата болоруӊду элестете аласыӊбы?
– Оо, азырынча өзүм баламын (күлүп).
– Максаттарыӊа жетишиӊе тилектешпиз.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg