ВЛАДИМИР ТУРЧИНСКИЙ КАЗА БОЛДУ

16-декабрда Орусиядан жүрөктүн үшүн алган кабар тарады. 46 жаш курагында спортту сүйгөн инсан, белгилүү шоумен, актёр, жазуучу, бизнесмен жана жөн гана үлгүлүү үй-бүлө кожоюну Владимир Турчинский дүйнө салды. Эл арасында ал Динамит деген лакап аты менен кеңири таанымал эле.

ТАРТЫЛГАН АТАКТУУ ТАСМАЛАРЫ:
2001-жылы – "Кобра. Антитеррор" (полковник Кошкиндин образын жараткан)
2002-жылы – "Орусча спецназ" (майор Озолин)
2003-жылы – "Мекен күтүүдө" (Иван Ковчугин)
2006-жылы – "Грозовые ворота" (атайын агент)
2006-жылы – "Аял эмнени каалайт?" (боксчу күйөө)
2008-жылы – "Эң мыкты тасма" (курал сатуучу)
2008-жылы – "Аскерлер. Жаңы чакыруу" (прапорщик Боровой)
2009-жылы – "Атасынын кыздары" (бодибилдер Федя)

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • 5 килограмм салмак жана 56 сантиметр бою менен төрөлгөн. Учурда салмагы 120 килограмм болчу.
  • Динамит деп 1980-жылдары мелдештердин биринде француз спортчулары атап коюшкан. Мындай лакап атка конушуна анын динамиттей жарылып кетчүдөй мүнөзү себеп болгон.
  • “XX кылымдын күчтүүлөрү” ардактуу китебине кирген жалгыз орус спортчусу болуп саналат.
  • Төмөнкүдөй рекорддорду орноткон: 260 тонналык “Руслан” учагын ордунан козгогон, 3,5 тонналык пилди жерден көтөргөн, 12 жүргүнчүсү менен Лада автоунаасын көтөргөн жана башкалар.
  • Интервьюларында ураан катары “Өмүр бою эшек болуп жашоого караганда, бир күн жолборс болуп жашоо артык” деп айтканы бар.

КҮТҮҮСҮЗ ӨЛҮМҮНҮН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
Расмий түрдө Турчинскийдин дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу суук кабарды түз эфирден алпаруучу Владимир Соловьев угузду. Ал атактуу Динамиттин Москва облусунун Пашуково айылындагы үйүндө 15инен 16-декабрга караган түнү күтүүсүздөн курч кармаган жүрөк оорусунан каза болгондугун айтты. Мындан көп өтпөй Орусиянын прокуратурасынын иликтөө комитети Турчинсикийдин өлүмүн изилдеп, тыянак чыгарды. Тыянакта орусиялык спортчу, актёр жана шоумендин мезгилсиз өлүмүнө инфарк себеп болгондугу көрсөтүлөт. Ошондой эле иликтөөдө Владимирдин мындан 3 апта мурда көкүрөк тушу ооруп, дарыканага кайрылгандыгы билинди. Жубайы Иринанын айтымында, спортчу таң эрте саат 5те ойгонуп, күтүүсүздөн эсин жоготкон бойдон өзүнө келген эмес. Спортчуну шашылыш чакырылган “Тез жардам” кызматкерлери да аман алып кала алышкан жок. Владимирдин артында уулу жана кызы калды.

БААРЫ КҮРӨШТӨН БАШТАЛГАН
Владимир Евгеньевич Турчинский 1963-жылы 28-сентябрда Москвада СССРдин КГБсынын чек ара аскерлеринин Башкы башкармалыгынын офицеринин үйүндө туулуп-өскөн. Анын жашынан эле спорт менен достошушуна темирдей тартипти жактырган атасы себепчи болгон. Володя күрөш менен 4-класстан баштап машыга баштайт. Арадан бир жыл өткөн соң жаш балбан Москванын биринчилигинде күмүш медаль тагынып, келечектен көптү үмүттөндүрөт. Күрөштөн тышкары самбо менен да алектенип, 16 жашында спорттун чеберинин нормативин толтурган. Мектепти аяктаган соң программисттик кесипти тандап, МИИГАга (Московский институт инженеров гражданской авиации) тапшырган. Бул арада окуп эле тим болбостон, бардык советтик мырзалардай советтик армиянын катарында аскердик милдетин өтөп келген. Болгондо да абройлуу делген десанттык бөлүктөрдө кызмат өтөгөн. Айтор, эр жүрөктүүлүк менен сергек жашоонун символуна айланган Динамит жашынан талыкпаган жолду басып өткөн.

МЫНДАЙ КАРЬЕРАНЫ БАШКА ЭЧ КИМ ЖАСАЙ АЛБАЙТ ГО...
Андан ары Владимирдин басып өткөн жолуна, карьерасына көз жүгүртсөк анын ушунчалык эмгекчил экендигине таң калуудан башка айла калбайт. Энергиясы толуп ташкан Динамит кандай гана кызматты аркалабаган. Эринбей санап чыга турган болсок, ал түрдүү жылдары басылмада сүрөтчү, спорттук журналист (көбүнчө спорттук макалаларды англис тилинен орус тилине которуп жазчу), Черкизов эт комбинатында кароолчу, жеке фирмаларда коопсуздук кызматкери, орто мектепте башталгыч класстарда мугалим. Кызыгы, кийинчерээк жакын достордон болуп калган орус шоу-бизнес өкүлдөрү менен да алгач ошол мезгилде таанышкан. Кантип дейсизби? Анда Владимир аларга жан сакчылык кылган. Алсак, Дмитрий Маликовдун жеке жан сакчысы болгон.
Спорт жагынан алып карасак, спорт аны 4-классынан баштап өмүрүнүн аягына чейин коштоп жүргөнүнө күбө болобуз. Дзюдо боюнча спорт чебери болгонун айттык. Мындан тышкары ал күрөштүн 2 түрү боюнча (эркин жана классикалык) да спорттун чеберине талапкер болгон. Ал гана эмес, мезгилден артта калбаган Владимир америкалык футбол боюнча “Москва аюулары” командасынын курамында СССРдин чемпиону да болууга жетишкен.

ТЕЛЕВИДЕНИЕ ЖАҢЫ ДЕМ БЕРИП...
Ошентип, күчүн ар тармакта сынап көргөн, жаны тынчыбаган Владимир өзүн толугу менен телевидениеден тапкан десек жаңылышпайбыз. Ал сыналгыдан биринчи жолу 1990-жылдардын башында “Гладиаторлордун мушташы” телеберүүсүндө чыккан. Мындан кийин баары башталды да кетти дегендей, классикалык жол менен өнүгүп-өсүп отурган. Орусиялык белгилүү телеканалдардан алпаруучулук боюнча сунуштар түшө баштаган. Спортчунун өзү эми шоуменге да айланып, шоу жана Турчинский аталыштары синонимге айланып калган. Бир да спорттук шоу айтылуу Динамитсиз өтпөй калган.

ДИНАМИТ КЫРГЫЗСТАНДЫ ЖАКШЫ БИЛЧҮ
Ошондой Динамиттин катышуусундагы спорттук шоулордон кыргыз жери да куру калган эмес. Ал 2007-жылы жана быйыл өткөрүлгөн кикбокс боюнча КРнын президентинин кубогунда алпаруучунун милдетин аркалагандыгын спорт сүйүүчүлөрү жакшы билишет. Анын адамды өзүнө тарткан үнү, кеченин көркүн ачкан тамашалуу жоруктарына кыргыз көрөрмандары да күбө болуп калышты. Ал эми каарманыбыздын өзү Кыргызстанга келгенде өлкөбүзгө жана анын спортчуларына, өзгөчө Ысык-Көлгө суктана турганын бир нече ирет баса белгилеп айтканы бар.

ЖАЛАҢ СПОРТЧУ АЙЫМДАРДЫ СҮЙГӨН
Динамиттей жарылып кетчүдөй толкуп ташкан күчкө ээ Владимир сүйүүдө да көп изденген. Ал 3 жолу никеге турган. Кызыгы, үйлөнгөн аялдарынын үчөөнүн спортко тиешеси бар. Биринчи жубайы Ирина ядро түртүүчү болсо, экинчиси (аты белгисиз) жеңил атлетика боюнча спорт чебери болуп саналат. Ал эми үчүнчүсү Ирина Дене тарбия институтун аяктаган. Аккан арыктан суу агат болуп, учурда уулу Илья күрөштүн бир түрү боюнча Москванын чемпиондугун утуп алган. Айтор, кыска бирок даңазалуу жолду басып өткөн Турчинскийдин артында зор эмгеги жана ишин улантуучу туягы калды.


Эл аралык кабарлардан

БОКС

ЭМИ КЕЗЕК ХЭЙДЕБИ?
12-декабрда бир тууган Кличколордун улуусу Виталий чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Анын атаандашы болгон америкалык Кевин Жонсон 12 раунддук беттештин жыйынтыгында бир добуштан жеңилди деп табылды. Бул жеңиш 38 жаштагы украиналык мушкердин 39-жеңиши болсо, америкалык спортчу карьерасында 1-жолу жеңилүү ызасын тартты. Эми Кличко WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону британиялык Дэвид Хэй менен мушташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

ФУТБОЛ

ФУТБОЛДО ЕВРОПАЛЫКТАР КАТУУ ЧУРКАШАТ
Мадриддик “Реал” менен Португалиянын оюнчусу Криштиану Роналду «Дүйнөнүн эң ылдам футболчусу» аталды. Германиялык Der Spiegel басылмасы анын саатына 33 чакырымды багынта аларын изилдеп чыккан. Тизмеде кийинки орундарды “Бавариянын” голландиялык легионери Арьен Роббен (32,9 чакырым/саат) жана Арсеналдын оюнчусу англиялык Тео Уолкотт (32,7 чакырым/саат) ээледи. Салыштыруу иретинде айта кетсек, чуркоо боюнча Дүйнөнүн рекордчусу ямайкалык Усейн Болт саатына 44,7 чакырымды чуркап өтүүгө жөндөмдүү.

Жергиликтүү кабарлардан

ФУТБОЛ

АЗАМАТТЫН ТАГДЫРЫН МОСКВА ЧЕЧЕБИ?
“Дордой-Динамонун” оюнчусу, “Супер-Инфонун” версиясы боюнча “2009-жылдын супер спортчусу” деп табылган Азамат Байматовдун 2010-жылы кайсы командада ойноору январда билинет. Бул тууралуу “Дордойдун” генералдык директору Борис Подкорытов кабарлады. Адистин айтымында, команда жетекчилиги январда өтүүчү КМШнын кубогунда Азаматты “Дордойдун” курамында ойнотууну пландаштырууда. Андыктан Байматовдун келечеги кандай болору ошол мелдештен кийин билинет. Учурда латвиялыктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

БИЛЬЯРД

КАНЫБЕК 5-ОРУН МЕНЕН ЧЕКТЕЛДИ
Жакында Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган бильярдчыбыз Каныбек Сагынбаев дагы бир ири мелдешке катышып келди. Ал Ялтада өткөн Пальмира кубогунда жарым финалга чыгуу үчүн болгон оюнда украиналык Ярослав Тарновецкийге жеңилип калган. Мелдеште чемпиондук кубокко орусиялык Павел Кузьмин ээ болду.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан