«КУМТӨР» КОМПАНИЯСЫ СТУДЕНТТЕРГЕ ЖАӉЫ ДЕМ БЕРДИ

3-апрелде геологдор күнүн утурлай «Кумтөр» компаниясы Үсөнгазы Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун студенттерин жакшы саамалык менен кубантты. Дегенибиз, институттун илимий китепканасынын окуу залы жана бир аудиториясы оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонууга берилди. Аталган окуу жайда 50 жылдан бери оӊдоп-түзөө иштери өткөрүлө элек болчу.

БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШУУДА
Таанылгыс болуп өзгөрүлгөн окуу залды жана аудиторияны колдонууга берүүдө окуу жайдын жетекчилиги менен «Кумтөр Голд Компанинин» тобокелдерди башкаруу жана нормативдик негизди сактоо боюнча вице-президенти Родни Ступарик, персоналды өнүктүрүү жана окутуу бөлүмүнүн кеӊешчиси Норман Бобосел салтанаттуу түрдө кызыл тасма кесишти.
«Кумтөр» компаниясы институттун китепканасын жана бир аудиториясын оӊдоо үчүн 1,5 миллион сом каражат бөлгөн. Белгилүү болгондой, Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институту Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курамында.

Окуу жайдын ректору Туратбек Дүйшөналиев:
– «Кумтөр» компаниясы бүгүнкү күндө жергиликтүү адистерге таянып, алар менен тыгыз иштешүү керектигин туура түшүнүп, өздөрүндө болуп жаткан айрым кыйынчылыктарга карабастан чоӊ колдоосун үзбөйт. Бул имаратта 50 жылдан бери мындай оӊдоп-түздөө иштери болгон эмес. Илимий китепкананын окуу залын жана бир аудиторияны оӊдоп беришти. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгү учурда «Кумтөр» компаниясында алгылыктуу иштеп жатышат,- деп билдирди.

Персоналды өнүктүрүү жана окутуу бөлүмүнүн кеӊешчиси Норман Бобосел мырза:
– Биздин компания менен институт көп жылдардан бери жакшы алакада. Компаниябыздын көптөгөн кызматкерлери бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. 2006-жылы компаниябыз Канадалык Эл аралык кызматташуу агенттиги менен биргеликте окуу жайдын студенттеринин теориялык билимин практика жүзүндө текшерүүгө мүмкүндүк берген долбоорду ишке ашырган. Ага ылайык, студенттер биздин компанияда 2 жылдык тажрыйба алууга шарты бар. Компаниябыз окуу жайдын аудиторияларын, окуу залдарын оӊдоп-түзөөдөн тышкары, эмеректерди жаӊыртып, компьютер менен камсыздап келет. Студенттерге жакшы шарттардын түзүлүшү аларга да кошумча дем берет деп ойлойм. Учурда компания билим берүү жаатында 3 чоӊ долбоорду аткарууда. Эӊ биринчиси – бул окуу жайлардын студенттерине «Кумтөр» компаниясынан тажрыйба алуу шартын түзүү, экинчиси –адистик лицейлер менен да тыгыз байланышта болуу. Мындан сырткары «Кумтөр» компаниясында иштеген кызматкерлердин балдарына стипендия бөлүп берүү программасы. Учурда үч программа боюнча алгылыктуу иштер жүрүүдө. 2013-2015-жылдан бери тажрыйба топтоо үчүн 9 киши кабыл алынган. Кабыл алууда гендердик факторго да көӊүл бөлүнөт,- деди.

«Кумтөрдүн» тобокелдерди башкаруу жана нормативдик негизди сактоо боюнча вице-президенти Родни Ступарик:
– Бардык эле советтик имараттар сыяктуу көйгөйлөр бул имаратта да бар болчу. Анын терезелери эскирип, аудиториялары суук эле. Жалпы жонунан оӊдоп-түзөө иштерине 4 ай убакыт кетти. Мурдатан эле бул окуу жайга бир катар жардам берилген. Учурда «Центерра Голд Инк.» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы 50/50 пайыз үлүштүк келишимдин негизинде биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Компаниянын кирешесине жараша билим берүү жаатында долбоорлор мындан ары улана бермекчи.
Массалык маалымат каражаттарында көп учурда «Кумтөр» тууралуу терс маанидеги маалыматтар таркатылып жатат. Мен көбүнчө позитивдүү жагдайларга көӊүл бурулушун каалайт элем. Бүгүнкү иш-чара компания менен окуу жайлардын ортосунда жакшы мамиле бар экенин айгинелейт. Бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү компаниянын жетекчилик орундарында иштешет. Учурда мугалим болуп иштеп жаткандардын айрымдары кезинде «Кумтөрдүн» өнүгүшүнө да салымдарын кошо алышкан,- деген оюн айтты.

«КУМТӨРДҮН» ӨКҮЛҮ АРДАКТУУ ПРОФЕССОР НААМЫН АЛДЫ
Бул иш-чарада Үсөнгазы Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун жетекчилиги «Кумтөр» компаниясынын тобокелдерди башкаруу жана нормативдик негизди сактоо боюнча вице-президенти Родни Ступарикке окуу жайдын ардактуу профессору деген наам ыйгарды. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Туратбек Дүйшөналиевдин айтымында, ардактуу профессор наамын алган Родни Ступарик жылына бир ирет студенттер үчүн дарс окуп берүүгө милдеттүү, буга катар ал өзүнүн бир баласын Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунда бекер окута алат.
Өз кезегинде Родни Ступарик мындай жакшы саамалыктардын акыркысы эместигин, алдыда ишке аша турган бир катар мыкты долбоорлор бар экендигин маалымдады. Сөзүнүн аягында ал институттун эмгек жамаатына керектүү адистерди даярдап жаткандыгы жана ардактуу профессор наамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдирип, студенттерди, мугалимдерди геологдор күнү менен кызуу куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Pantherka
2015-04-13 16:41:11
Бир аз акча ыргытып алдап коюштубу дагы....
-1
jaazira13
2015-04-18 12:31:56
негизи мындай нерсенин баарын окмот озу жазаш керек, бизди спонсор издеттириштирип ушул денгээлге жеткиришти
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан