3-апрелде Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде кыргыз эстрада ырчысы Бураш менен казакстандык «All Davai» тобу чыгармачылык кечесин тартуулашты. Кечеде кыргыздын ырчы кызы менен казак жигиттеринин аткаруусундагы «История любви» аттуу ырына тартылган клиптин бет ачары болду. Ырчы жигиттер Бишкек менен Алматы шаарларынын, кыргыз жана казак кыздарынын окшоштугун баса белгилешип, кыргыз жергесине ар дайым кубаныч менен келишерин айтышты.
Алардын өнөрлөрүнө күйөрмандарынан сырткары кыргыз ырчылары Омар, Арсен, Анжелика жана Максат Бегалиевдер күбө болушту. Мындан тышкары кыргыз композиторлору, акындары менен иштешүүгө даяр экендигин билдиришкен жигиттер репертуарындагы обону Ильяз Абдыразаковго таандык «Бийле», «Карагат көздөрүӊ» аттуу ырларын оболотушту.