«Үӊкүр да болсо үйүм бар» демекчи, жаз келип, көпчүлүк курулуш иштерин колго алган кез. Бири үй салып баштаса, экинчиси жер айдоого ашыкты. «Элде болсо бизде да болот» деген жылдыздарыбыз да четте калган жок. Ырчы Замир Арыкбаев «3 бөлмөлүү батирим бар» деп отуруп албай, «балдарым чоӊойгучакты жер там салып алайын» деп былтыр жер тилкесин сатып алып, фундаментин куюп койгон эле. Быйыл жаз келери менен 3 кабаттуу үйүн салып баштады.
Ал эми ырчы Салима Балтаева да 2 кабаттуу үйүн бүтүрүүгө киришти. Актёр Камчы Сарыбаев менен «быйыл той аз болуп жатат» деген Эрнест Бөрүбаев шаарыбыздагы жаӊы конуштардын бирине үй салышууда. Ак өргөөлүү болуп той берген кандай жакшы, анда иш илгери болсун!