Быйыл Ош мамлекеттик юридикалык институтунун соттук-прокуратуралык факультетин аяктап жаткан Сайкал Садыбакасова учурда дипломдук иш жазуунун үстүндө.
«Буюрса, дипломдук ишти жазып бүтсөм, мамлекеттик экзамендерге даярданып, дипломдук ишимди жактайм. Бул кесип өтө кызыктуу экен, менден кандай прокурор же сот чыгарын айта албайм, бирок сөзсүз өз кесибимде иштегенге аракет кылам. Окуумду ийгиликтүү аяктап, көӊүлдү жай кылып алган соӊ «Кыз-Бурак» тобу менен түштүк жергесин кыдырып концерт коёбуз»,- деп билдирди Сайкал.