Өзгөчө стили менен башка ырчылардан айырмаланган Лира Урманбетова дизайнерлик менен алектенүүнү чечиптир. Ырчы былтыр Кыргызпатенттен «Жоктон бар» аттуу коллекциясынын күбөлүгүн алган.
«Кичинекей чагымдан эле сүрөт тартып, кийим тигип жүрчүмүн. Учурда өзүмдү расмий түрдө дизайнермин деп атай алам. Коллекциямды эксклюзивдүү көйнөктөр, баш кийимдер, пальтолор жана башка көптөгөн кийимдер түзөт. Жакында эле кыргыздын улуттук шөкүлөсүн жасап, аны сваровски кристаллдары, Малайзиядан алынып келинген баалуу таштар, шурулар менен кооздоп чыктым. Бул шөкүлө турмушка узап жаткан кыздарга арналат»,- дейт Лира.