АЛБАРСТЫ БАРБЫ? БОЛСО, АЛ КИМ?

Элдик ишенимдерге таянсак, сырдуу кара күчтөргө: шайтан, албарсты, азыткы, дөө, жезтумшук, жезтырмак, жин жана башкалар кирет. Бир топ дүйнө эли менен катар кыргыздарда да албарсты түшүнүгү жашайт. Бул тууралуу көптөгөн имиштер айтылып келет.

АЛБАРСТЫ КАЙСЫ ЭЛДЕ КАНДАЙ АТАЛАТ?
Албарсты түркүн элде түрдүү аталат. Мисалы, түркмөндөрдө – албасты; каракалпакта – албаслы; балкар жана карачайларда – алмасты; азербайжандарда – халанасы; кумык элинде – албаслы катын; татар, казак, башкыр, тува, өзбектерде – албасты, алвасти.

КЕБЕТЕСИ КАНДАЙ СҮРӨТТӨЛӨТ?
Албарсты көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыздарда узун сары чачтуу, мурду менен тырмактары узун, эки эмчеги салаңдаган, көздөрү күйүп туруучу аял кейпинде деп сүрөттөлөт. Эмчектери чоң болгондуктан, аны эки ийинине артып коёт.
"Албарсты жаныбарларга, жансыз нерселерге айланып кетет" деген да ишеним бар. Мисалы, казандык татарлар "албарсты чөпкө, карагайга айлана алат" дешсе, казактар менен кыргыздар "улакка, итке, адамга, түлкүгө айланат" дешет. Азербайжандар албарстынын бутун канаттуулардыкындай, Казакстандын кээ бир жерлеринде болсо бутун туяк сымал элестетишет.
Көпчүлүк элде “албарсты суунун жээгин байырлайт жана адамдарга чачын тарап отурган калыпта көрүнөт. Жылкыларды жакшы көрөт, андыктан түнкүсүн аларды минип ойнойт. Кээ бир учурларда албарсты эркек менен жашап алат” деп да айтылып келет. Мисалы, Тажикстандын Конгурт районунда албарсты менен жашаган Карим аттуу адам жөнүндө айтылат. Карим аскерден качып кетип, тоолордо бекинип жүргөн болот. Анан ага бир албарсты үйүр алып, акырында экөө эрди-катын болуп алачыкта жашап калат. Качан гана албарсты төрөр убакта башка албарсты келип, аны ээрчитип кеткен боюнча кайрылып келбей калат.

КЫРГЫЗДАРДА
Элибизде кара (көп азап тарттыруучу), сары жана сасык албарсты деп бөлүнөт. Жолоочуларды жолдон азгырып, түнкүсүн адамды басат, жакын адамың болуп кубулуп, азытып кете алат деген түшүнүк да бар. Адамга кызыл же сары көйнөкчөн болуп көрүнөт.

КҮЧҮ ЧАЧЫНДА
Албарстынын күчү чачында. Эгерде албарсты жолугуп калып, адам эбин келтирип чачынан кесип алса, анда албарсты адамга өзүнүн дубасын үйрөтөт. Жана ал адамдын укум-тукумуна таптакыр жолобойт.

КУУЧУ, МАРТУУ БАСТЫ
Аялдардын төрөй албай кыйналуусу мартуу басты делет. Башкача айтканда, албарсты келип төрөп жаткан аялдын өпкөсүн алып кетет. Мындай учурда куучу гана жардамга келе алат. Куучу өпкөнү көтөрүп бараткан албарстыны камчы менен сабап "өпкөнү ордуна сал эле сал. Ташта эле ташта”дейт. Албарсты өпкөнү таштай качат. Бул тууралуу Бает уулу Сатылган ажынын айтып кеткенинен мисал келтирсек:
– Менин түпкү атам Буура олуя болгон. Ошол бабабыз Орто-Кошойдо (Таластагы жер) келатса, ит кейпиндеги бир албарсты өпкө тиштеп келаткан болот. Ошол жерден аны кууп отуруп Чүйгө түшөт. Караса 3 күн мурун төрөттөн көз жумган байдын жалгыз келининин сөөгүн алып чыкканы калышыптыр. Буура бабабыз: “Сөөктү үйгө киргизгиле. Анын жаны чыга элек”,- деп кыйкырат. Эл "жинди неме го" деп таң калат. Келиндин кайнатасы, өз атасы олуянын сөзүн угуп, сөөктү үйгө киргиздирет. Буура бабабыз: “Бол эле бол, ордуна сал эле сал!”- деп боз үйдү тегерете сабап кирет. Ошондо өлдү делген келин көзүн ачып тура келет. Таң калган эл "сен кимсиң? Каяктыксың?" деп суроо узатышат. “Мен ушул келиндин жанын алып бараткан албарстыны кууп Таластан келдим. Буура деген боломун”,- дейт. Кыздын атасы тогуздап мал берейин десе, Алла алдында адамдардан мал албаска убада бергенин айтып, олуя атабыз албай койгон экен.

БАСЫРЫК ЖЕ АЛБАРСТЫ БАСУУ
Кээ бирлер "албарстынын келатканын эшиктин ачылганынан билем" дешсе, дагы бирлери "аны көрөм", дагы бирлери "болгону, бир нерсе мени басканын туям" дешет.
Негизи, кара күчтөр, анын ичинде албарстылар кээ бир жерлерди (күл дөбөнү, үңкүрдү, ээн жерди, ээси жок үйдү ж.б.) уялашат. Ал жерлерде көбүрөөк болуп, же уктап калган адамды албарсты басат, же ал адамды ээрчип жүрүп, ээлеп алат. Албарсты басканда андан бошонуу үчүн алышкандар бар делет.

УЛАККА АЙЛАНГАН АЛБАРСТЫ
Албарстынын кубулуусу тууралуу көптөгөн мисалдарды келтирсек болот. Ысык-Көлдүк Ормон Келдибеков төмөндөгүдөй баяндайт:
– Ал кезде Кочкордо иштеп жүр­гөм. Бекбоо деген жылкычы боло турган. Ошол жылкычы жайлоого бараткан болот. Кечмеликтен өтүп баратып таштын үстүндө маарап турган кара улакты көрүп эңип, алдына өңөрөт. Аркы өйүзгө өтө бергенде ат мүдүрүлүп кетет. Ошондо “кокуй, кысылып калдым” деген үн чыгат. Бекбоо албарсты экенин сезип калып, улакты камчы менен сабай баштайт. Анда албарсты “урба, сага дубамды үйрөтөм” деп жалынат. Ошентип, албарсты дубасын үйрөтөт. Ошондон тарта Бекбоо алыста жүргөндө да албарсты үйүндө эмне болуп жатканын айтып турчу болот. Бекбоо тамактанууга отурганда эле “мага да берчи” деп тамак сурап жегенге үйрөнөт. Бекбоо төрөй албай кыйналган аялдарга дуба окуп, далай сооп табат.

"АЛБАРСТЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ"
Албарсты менен сүйлөшө алат” деп угуп, Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашаган Айгерим аттуу көзү ачыкты таап, кайрылдык. Ал бир топко кыйылган соң акыры кыскача төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Албарстылардын өздөрүнүн жыты, мыйзамдары, майрамдары бар. Көбүнчө тоо-ташты, үңкүрдү мекендешет. Мен албарсты менен алгач 21 жашымда өзүм жашаган Кара-Буура районунун аймагында жайгашкан булактан жолуккам. Кызыл кийимчен, чачы жазылуу экен. Денеси тизесинен ылдый көрүнбөй койду. Чоң энем тирүү кезинде албарсты менен сүйлөшкөнүн угуп-көрүп жүргөндүктөнбү, албарстыны көргөндө анча деле коркподум. Албарсты бир аздан соң көздөн кайым болду.
Эртеси түндө уктап жатып ойгонуп кеттим. Карасам, терезеден чубалжып каалгыган туман кирип келатат. Анан алар 2 караанга айланды. Мээм чыңалып чыгып, алар менен сезимдер аркылуу сүйлөшө баштадым. Алардын сөздөрүнөн кичинеси чоң албарстынын кызы, экөөнү албарстылар бөлүп салышкандыгын билдим. Сырын сурасам айтпай коюшту. Менин суроолорумдун кээ бирлерине жооп беришкен соң алар кайрадан туманга айланып, терезеден чыгып кетишти. Бир күндөн соң мен шаарга кайтып кеттим.
Кийин айылга барган сайын баягы албарсты кызы менен мага келип, сүйлөшүп кете турган адат тапты. Алар менен баарлашып келе жаткандан бери көп нерселерди билдим. Мисалы, кум-таштарды дубалап тамакка айландырып, ошону жешет. Мээр чөп дегендин тамырын да соруп күн өткөрүшөт. Кызыгы, албарстылар баш кошушканда алардын Умай энеси дал ошол мээр чөпкө нике дубасын окуп, анан экөөнө ичирет. Келинге айланган албарстынын кулагына атайын белги салышат. Чачтарын жыгач тарак менен тарашат жана отту колдонушат. Мыйзамды бузган эркектин курсагын жарып, ичегисин чубап салуу салтын колдонушат.
Негизи, мен айылга барган сайын албарстылар мени жаман нерселерден коргоп турушат. Аларды узакка көрбөй калсам, жыттарын сагынып калам. А жыты токойдун, саздын жыты жыттанат.

СӨЗДҮККӨ КАЙРЫЛСАК...
Албарсты тууралуу Хусейн Карасаевдин “Накыл сөздөр” китебинде төмөндөгүдөй айтылат:
– Албарсты басуу – адам уктап жаткандагы кыйналып муунусу. Албарсты эки сөздөн турат: “ал” фарсы тилинде албарсты деген маанини берсе, ал эми “басты” түрк тилинде албарсты дегенди туюндурат. Кыргыз тилинде экөө кошулуп, албарсты маанисин берет.
Албарсты басууну туура эмес жатуудан же мээни эс алдырбай иштөөдөн, тамакты тоё жеп алуудан болот дешет.


Бир собол

АЛБАРСТЫ БАСТЫ БЕЛЕ?

МАМБЕТ МАМАКЕЕВ, профессор:
– Кичине кезимде чоң атам "түндө мени албарсты басты. Анан сен жакка кеткен эле. Сени баскан жокпу?" деп тамашалап коркутуп калчу. Негизи, адам уктап жатып тишин кычыратып же аба жетпей кыйкылдап калса, эл албарсты басты деп коюшат. Адам баарын билип жатат, бирок кыймылдаганга, бир капталына оодарылганга шайы жетпейт. Акыры бир кезде ойгонуп кетет. Бул абалды мен нерв системасына күч келгенден деп түшүнөм. Эгер мындай абал улам кайталанса, невропатологго көрүнүү керек. Негизи, албарсты бар дегенге ишенбейм.

КУТМАН ЖОЛДОШОВ, ырчы:
– Албарсты деген өзү эмне экенин билбейм, бирок басырык көп басат. Андай учурда кыймылдайын дейсиң, бирок кыймылдамак тургай оозуңдан да сөз чыкпай калат. Жанымдагылар билип калып, мени ойготуп же тургузуп жиберишсе деп ичиңден тилеп, жардамга зар болосуң. Бирок алар басырык басканын билмек беле? Акыры өзүң жан далбастап жатып ойгоносуң.

НЕЛЯ, ырчы:
– Мени көп баспайт, бирок албарсты бар дегенге ишенем. Атам каза болгондон кийин кыйналып жүргөн кезимде түнкүсүн басып калчу. Аба жетпей, тумчугуп кыйналчумун. Эртең менен кыйналгандыкыбы, айтор, төшөгүмө абдан оролгон боюнча ойгончу элем. Кийин чанда бир гана басчу болду.

МУРАТАЛЫ ажы ЖУМАНОВ, муфтий:
– Мени албарсты баскан эмес. Анткени албарсты дегендин өзү жок. Ал эми жин-шайтан дегендер бар. Адамды жаман жолго түртүп, ыплас иштерге жетелеген дал ошол шайтан болот.

БАКТЫБЕК МАМЫТОВ, телеалпаруучу:
– Мени өмүрү албарсты бас­кан эмес. Аны бар дегенге ишенбейм дагы. Ал эми албарсты басты дегенди адам жаман жатып калгандан болот деп ойлойм. Жаман жатса, адамга аба жетпей муунуп калат. Көпчүлүк болсо аны башкача ойлошот.

БЕКЗАТ ОСМОНАЛИЕВ, спортчу:
– Бир жолу сбордо экенибизде баскан. Түндө уктап жатсам денем зырылдагансып, кызыктай абалда туш болдум. Анан эле албарсты басып калды. Денем оорлошуп, үнүм чыкпайт. Ошол калыпта канча жаттым билбейм. Бир убакта сырттан бир спортчу келип жарыкты жандырып жиберди эле ордумдан туруп кеткем.

НУРЗАДА ЖОЛДОШОВА, ди-джей:
– Кичинемде элден албарсты басат деп угуп, кызыкчумун. Бир күнү анан “мени албарсты басса экен” деп тиледим. Айткандай эле түндө албарсты басса болобу! Ошондон тарта албарсты бар дегенге ишенип калгам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
LIFE
2009-12-23 18:51:45
Мифология канчалык деңгээлде төгүнгө чыгарылбасын, анын чындыктагы айрым үлүштөрү бар. Мындан тышкары, илимде бардык эле нерсе так жана ачылып калды деп ойлоодон да алыс болушубуз керек. Адамдын күчү жетпеген көп нерсе бер. «Албасты» динде четке кагылса да, ишенимдер дүйнөсүндө анын орду бар экендиги билинип жатат.
0
LIFE
2009-12-23 18:51:54
Дүйнөдөгү бардык элдерде мындай көз караштар бар. Батышта йети же кар киши деген деле ушуга окшогон нерселер. Демек, ал жашоонун бизге жарым-жартылай белгисиз болгон бир сыры деп ойлойм.
0
Dreams
2009-12-25 02:11:36
Албарсты бар, мисалы мен жаткан жерге бироо жатып калса эле албарсты басты дешет!!! мен озум кыйналып жургондо басат же болбосо аябай чарчаганда!!!
0
artelow
2009-12-25 09:09:42
Албарсты жок болуш керек, бул жон гана жин-шайтандар. Бирок биздин дуйно толук изилдооно элек болгондугуна байланыштуу эч ким эч нерсени 100% тактыктта айта албайт.
0
dobrajelatel
2009-12-25 09:55:54
Бизде бр окуя болгон. Кошунабыздын уйу каналдын жананда эле. Мына ошол адам айтчу каналды жээктей албарстынын жолу бар деп. Алар отуп жатканда иттери тынбай урот экен. Анткени анын алты ити бар эле. Бир куну баардык иттери тунун менен тынбай уруп эртеси турса эле баарынын оозу кыйшайып олуп калыптыр.
0
dobrajelatel
2009-12-25 12:31:08
Бар албетте. Алар деген бардык адамга коруно бербейт. Бул да болсо табияттын ачыла элек сыры.
0
Bulat
2010-01-29 13:30:28
Айтаберсинерда. Ал нерсе озу бар. Баарынар билесинер, озундун башындан отпосо ишенбейсин. Эл айткандан кийин бар, мен ага ишенем. Албарсты да шайтан да, бар. Медицина эч качан элдик дарылоого ишенишкен жок, бирок бут баары дарылар жаратылыштын азыктарынан табылган. Бутунду кайрып алып барсан, да сенин бутун сыныптыр деп гипске ороп коёт, же болбосо молоток менен бир нече сабайт, кайра орууну кучотуп. Нерв, нерв дейбиз.
0
milli
2010-06-01 00:28:54
mende myndan 2,5 jil murda bir okuya bolgon. Anda Margit degen dos kyzym m-n choguu jashachubuz birok bolmolorunbuz alys bolchu. Tun ichinde uktap jatsam ele, Margit kelip, kytygylay bashtady, "boldu" desem da bolboyt, kyinalyp jatyp oygonup ketsem bolmomdo ech kim jok. Dos kyzymdyn bolmosun tykyldatsam uktap jatat, aga aytsam al menden korkup men andan korkup eptep tan atyrganbyz. Kiyin mynday korunush dele bolgon jok. Kyzyk...
0
Kumarbek
2011-08-12 13:47:45
Болушу мумкун
0
Dillinger
2011-10-13 05:22:12
Men Albarstynyn bar ekendigine 100% ishenem! men Kyrgyzstanda jyrgondo bat-bat ele basa ber4y akyrynda könüp ta kalgam, albasrtyga atta koyup algam (dobryi Kuzya) dep. Kuzya meni baskanda jön ele basa berbe4ü emes bir balee boloordo bas4u anda-sanda 4ala bula körüp kal4umun, al keleerde-da sezip tur4umun anan jaltyrap-julturap kelip ele basyp kalat.
0
isabekD.A.
2011-10-27 10:35:32
Albarsty,jez kempir - bulardyn baary bir ele nerse.Alar KUR'AN da jzylgandai JIN der.ALLA TAALA bul duinogo 2 an sezimduu makuluktu jaratyptyr: Insandar & Jinder. Ekoosu ten kylgan amalyna joop beret.
0
T-1000
2012-03-30 16:56:57
Албарсты деген нерсе негизинен бар.Мени эч качан баскан эмес,бирок эжемди тункусун 3тордо дайым эле басат экен.О.э.эжем эртен менен ойгонбой калса,ийин жагын туртуп ойготот экен.Ошентип эжем эч кандай "будильник-судильникниз"эле АЛБАРСТЫНЫН жардамы менен ойгонот.
0
jyrgal-84
2012-05-20 00:26:31
Бар болушу мумкун.мени ардайм басат конуп деле каласын. басканда силкинип койуп жата бересин.
суйлошконго болот екен алар мн ,эми суйлошуп корушум керек екен :)
0
NES1380
2013-09-11 16:02:09
Мени кичинемде машина сузуп кете жаздап катуу коркуп калгам, ошол кезден бери 25 жыл болду ар дайым албарсты басат.jyrgal-84 айткандай конуп деле каласын. менин чон энемди басчу экен, бул да болсо тукумга оойт деп да уккам, чон энемден мамама ооптур мамамдан мага оогон окшойт деп ойлойм, азыр мамамды баспайт.
0
new_hacker
2016-06-15 05:52:29
жаман
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан