«Европадагы өлкөлөр Европалык союзга кирип жатканда өздөрүнүн суверенитетин берип эле коюшпадыбы. Эч ким нааразы болбой эле баары Европалык кеӊештин алкагында ишин улантууда. Кеп элибиздин экономикалык турмуш деӊгээлин көтөрүүдө болуп жатат. Калкты демократияга көндүргөн менен, бир да кенди иштете албай отурабыз. «Таластагы Жер-Үй кенине тийбегиле, ушинтип эле мал багып жан сактап жүрө беребиз» деп жатышат. Андай болсо Кыргызстанда эч качан өндүрүш өнүкпөйт.
Казакстанда экологиялык маселе жокпу? Бар, толуп жатат. Бирок казак эли мамлекет өндүрүш менен өнүгө аларын түшүнүп турат. Айтор, Евразиялык экономикалык союзуна кошулганды мен туура деп табам»,- дейт Роза Отунбаева. Экс-президент бул тууралуу Улуу Британиянын БиБиСи кеӊири чагылдыруу корпорациясына интервью берип жатып айтты.
Ал эми Апрель окуясы боюнча Роза Отунбаева мындай дейт:
– Өткөн өттү, кеткен кетти. Бирок карап көргүлө, салыштыргыла. Туниспи, Ливиябы, Сириябы, ал жактагы окуялардын эмне болуп аяктаганын көрүп жатабыз. Украинада 5 миӊден ашык адам өлдү, 100 миӊден ашык адам жабыркады. Ошон үчүн сабырдуулук кылып, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болуп жашашыбыз керек.
Парламенттик башкаруу эмнени берип жатат? Жогорку Кеӊеш – бул чек коюу, баланс. Парламент аткаруу бийлигин текшерип көзөмөлдөөдө. Аткаруу бийлиги колунан келген ишти жасап жатат. Анын колунан келбеген ишти президент өзү жасоого аргасыз болууда. Баягы эле президенттик башкарууга баратабыз деп жатышат. Президент эмне экономика такыр жок болуп кеткичекти карап отуруш керекпи? Бийликтин үч бутагынын ортосундагы чекти, балансты катуу кармаш керек экен. Биз азыр мунун баарын үйрөнүп жатабыз.
Эльвира Караева
politika@super.kg