КИТЕП ОКУУ ДЕПРЕССИЯДАН ЧЫГАРАТ

Адам китеп окуу менен дүйнө таанымы кеӊейет. Бирок техниканын өнүгүшү, жашообузга интернеттин кириши менен китеп окуган адамдардын саны азайып бараткандай. 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата китепке байланышкан кызыктар, анын жашоодогу ролу тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

«БАЛДАРЫМА ЖОМОК ОКУП БЕРЕМ»
20-26-апрель аралыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жер-жерлерде балдар жана чоӊдор үчүн китепке байланыштуу кызыктуу иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. Иш-чаралардын башында туруп, аны колдоого алган билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева анын жашоосунда китеп кандай роль ойноору тууралуу буларга токтолду:
– Балдарыӊызга китеп окуп бересизби? Акыркы жолу кандай китеп сатып бердиӊиз?
– Балдарым азырынча кичинекей болгондуктан аларга жомокторду окуп берем. Жомок уккан бала ак-караны ылгап, эмне жакшы, эмне жаман экенин түшүнө баштайт. Баарыбыз эле чоӊ энелерибиз айтып берген кызыктуу жомоктор менен өспөдүкпү. Эми минтип алардын жомокторун балдарыбызга окуп берип калдык. Балдарыма көбүнчө жомоктун башын айтып, андан соӊ өздөрү улап кете турган ыкманы көп колдоном. Мындай ыкманы оюн кылып алса жакшы. Жомоктун башын уккан бала андан ары фантазиясын өстүрүп, окуяны улап, сюжет түзүүнү өздөштүрөт. Мында баланын китепке же жомокко болгон көӊүл буруусун, шыктануусун сактоого жана анын чыгармачылык дареметин өстүрүүгө абдан жакшы шарт түзүлөт.
– Өзүӊүз окуган китептердин ичинен кайталап окуудан тажабаган жана таасир калтырган чыгарма кайсы?
– Азыр Чыӊгыз Айтматовдун алгачкы жазган чыгармаларынан бери кайрадан окуп жатам. Анын чыгармаларында жан дүйнө жылуулугу, реалдуу жашоодон кезиктире албаган чыныгы эмоциялар камтылган. Ал эми сүйүктүү чыгармам катары Ким Чан жана Рене Моборндун «Көгүлтүр океандардын теориясы» («Теория голубых океанов») кала бермекчи. Бул эмгекте бизнес стратегиясында атаандаштык жок жаӊыча иш баштоонун жолдору тууралуу кенен жазылган.

«КИТЕПТЕР КАТАЛАР МЕНЕН БАСЫЛЫП ЖАТАТ...»
Учурда китепке болгон суроо-талап кандай? Бул суроого «Нуска» кыргыз китеп борборунун башчысы Анаркан Садыкулова жооп узатты:
– Учурда ата-энелер «балдарга арналган китептер барбы?» деп көп кайрылышууда. Бирок башталгыч класстарга арналган китептер канааттандырарлык басылып чыкпайт. Азыр басмаканалар абдан көбөйүп кетти. Аларга ар ким чыгармаларын көтөрүп барып, бастырып чыгарышууда. Мындай учурда китептин үстүнөн иштеген редактордун, корректордун ишин автор жасап, грамматикасына анча көӊүл бурулбай калат. Чала сабат басылган китептер кыргыз орфографиясын аксатып жатат.
Ар бир элдин өзүнчө классикасы бар. Мисалы, акын А.Осмоновдун, Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, З.Сооронбаева, Б.Сарногоев, «Манас» эпосунун С.Каралаевдин вариантында басылып чыккан үчилтигин, Ч.Айтматовдун чыгармалар топтомун эл калтырбай алып кетишет.
БИЛЕСИЗБИ?

  • Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.
  • Алгачкы китеп биздин заманга чейинки 1-кылымда пайда болгон. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюшкан. Мом жумшак кезинде текшиленип, катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан.
  • Жер бетиндеги эӊ байыркы китеп катары Присстин папирусу аталат. Ал биздин заманга чейинки 3350-жылы түзүлгөн. Бул китеп байыркы Фивы шаарындагы пирамидалардын биринде табылган.
  • Байыркы Ассирияда ылайдан китеп жасашкан. Бул китептин узун-туурасы 32 сантиметрди түзсө, ар бир барагынын калыӊдыгы 2,5 сантиметрге жеткен. Мындай калыӊдыктагы барактар 1 китепте 10дон 100 даанага чейин болгон. ө
  • Дүйнөлүк статистикага таянсак, китеп сатып алуучулардын жарымы 45 жаштан ооп калган адамдар жана алардын көпчүлүгү айымдар болуп эсептелет.ө
  • Йелск университетинин окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, 3-класска чейин окуй албаган окуучулардын төрттөн үч бөлүгү ошол бойдон шар окуй албай калышат.
  • Китеп ууруларын «библиоклептоман» деп аташат. Эӊ атактуу библиоклептоман Стивен Блумберг жалпысынан 268 китепканадан 23 миӊдей китеп уурдап, чогулткан.
  • Эӊ көп калем акыга татыган китептердин катарына акын Оппиандын чыгармалары кирет. Рим падышасы Марк Аврелий анын балык кармоо жана мергенчилик тууралуу эки поэмасынын ар бир сабы үчүн бирден алтын тыйын төлөп берген.
  • Дүйнөдөгү эӊ чоӊ китеп Амстердамдагы музейлердин биринде сакталган. «Деӊиз шарттарынын жыйнагы» аталган китептин туурасы 1 метр, узуну 1,5 метр, калыӊдыгы 0,5 метрдей.
  • Дүйнөдөгү эӊ кичинекей китептин 12 даанасы бир аш кашыкка батат.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
insap
2015-04-20 11:02:33
Ушул жазманы китеп окуса еле башы ооруй тургандар же китеп окууга чыныгы көөнү келбей тургандар кайта-кайталап окуп багууга тыйыштүү екен. кытеп окуунун пайдасы көп екенын ар дайым угуп келебиз. Ал еми көп сандуу кандаштарыбыз китеп окууну карандай убакыт коротуу же аңкоолук деп карашса керек..
0
Aruukeramazan
2015-04-21 04:57:54
Эх китеп дуйносуно чомулгонго не жетсин. Бир туруп таш дооруна алып барса, бир туруп орто кылымга алып барат. Китеп бул саякат.
+1
Aiday0514
2015-04-21 21:17:15
китеп окуу чын эле стресстен, депрессиядан арылтат.
+1
sayana
2015-04-24 20:00:21
Жагат, баштагыдай кадимки кагаз китептер окуганга эмне жетсин, интернеттин электронный китептеринен башым ооруйт, окугун да келбейт копко. Бирок окугум келген китептерди таап окуганга мумкунчулугум жок, а озумдун кесибим боюнча окуп коебн деген китебимди 2 жылдан бери чыгынып сатып ала албай эле койдум :(.
0
bakytizdeim2
2016-07-26 11:32:04
Эх китеп окуганда мээ сергип женилдеп калам шаарга бараарым м.н китеп алам.
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан