ЧЫМЫН АРСТАНДЫ КАНТИП ЖЕӉДИ?

Күн нуруна далысын салып жыргап отурган чымын коӊшусу качырды көрүп утурлай басты.
– Жол болсун, баатыр!
Качыр жооп кайтарып:
– Чыке, мен сага арыз менен келдим. Жайытка бараткан жеримден арстан кармап алып, мени төпөштөп салды. Бүгүн эле дейсиӊби?! Кудайдын куттуу күнү төпөштөйт! Чоӊдугун салат. Эр көкүрөк жайыӊ бар, арстанды тартипке чакырып койчу, бай болгур!?- деди качыр кошунасы чымынга бугун чыгарып.
Чымындын баатыр дегидей деле түрү жок, көзгө араӊ эле илинген кичине жаныбар. Бирок кичине болгону менен эр көкүрөк неме. Ал дароо макул болду. Суу жүрөк кошунасын ээрчитип алып арстанга барды.
– Арстан мырза, төбөӊүз көккө жетсе да Кудайыӊызды ойлой жүрүӊүз!- деди чымын.
– Ойлобосом колуӊдан эмне келет, кибиреген киӊкилдек!
– Чоӊ болгонуӊуз менен акылыӊыз кем көрүнөт, арстан мырза!
Арстандын чыдамы чыркырап кетти. Жини кайнады. Чулу таштай оор муштумун ишке киргизди. Чымынды урду. Тиштеди. Ырылдады. Тиштерин тиштерине кайрап кычыратты. Чымын да бош келбеди. Муштумдан буйтап өттү. Арстанды тепти. Тызылдата чакты. Көзү-башына конуп, дыӊылдап учуп айласын кетирди. Чымынга сокку жетпеди. Жеӊилип баратканын арстан төрө сезди. Куйругун түйүп чытырман токойго кире качты. Көк бет чымындан караӊгы жерге жашынды. Айлакерлигинен гана көк бет чымындан аман калды. Болбосо акесин таанытмак экен. Ошондо артынан кууп жетпей арманда калган чымын токойду жаӊырта кыйкырды:
– Арстан мырза, кулагыӊызга күмүш сырга! Мындан ары менден ыракым күткөндөргө тийишпей жүрүӊүз!
Ушинтип чымындын эр көкүрөк экендиги билинди. Качырга ак кызматын көрсөттү.
Көрсө, баатырлыкта кичинелик жок экен. Эрдикти качан, каерде кылсаӊ деле жараша бергени орундуу туюлду. Ишенбесеӊер, чымындан сурагыла! Ошол окуядан кийин арстан чымынды көргөндө эле куйругун кыпчып, түнт токойго кире каччу болгон тура. Чымындын баатырлыгы силерге жактыбы, балдар?

Жапарали Осмонкулов

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан