Балдар, силер «Аюу жана Маша» мультфильмин жакшы көрсөӊөр керек. Андагы тентек Маша чыныгы жашоодо бар экенин бүгүн силерге айтып берели. Мультфильмди жаратуучулардын бири Олег Кузаков Маша тууралуу мындай дейт: «Мен 1996-жылы Крымга эс алууга баргам. Жээкте элдин баары бир тентек кызды кызыгып карап отурушат. 6 жаштагы кыз чоӊдорду жаш баладай кылып ойнотуп, өзү да кошо ойноп жатканын байкадым. Бирде чоӊдорду эки жакка коюп жарыштырса, бирде өзү кыймылсыз жатып өлүп калган балыкты туурайт. Кийин ошол кызга окшоштуруп Машанын сүрөтүн тарттык». Баса, Машанын үнүн коштогон Алина Кукушкина анда 6 жашта болгон. Учурда 12 жашта.
Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg