Бир собол
Макал-лакаптар жөн жерден чыкпайт. Ошол макалдардын бири “Суусардын болбойт түнөгү, сулуунун болбойт жүрөгү” дегенди биздин сулуулар чечмелеп беришмекчи.
ГУЛЗИНАТ:
– Ушундай да макал бар бекен? Эмнеге сулуунун болбойт жүрөгү? Сулуунун болот жүрөгү деп жазып койгула, ха-ха-ха! Мен бул макалга каршымын. Сулууларга көңүл буруп, суктангандар көп. Сулуу кыз бирөө болсо, сүйүүсүн арнаган жигиттер жок эле дегенде жыйырма болот. Анан алардын арасынан кыз бирөөсүн эле тандап алат, туурабы? Калгандары таарынышып, азыр силер айткандай макалдарды чыгарып алышат да. Албетте, турмушта сулуулугуңдун пайдасы тийиши мүмкүн.
АНЖЕЛИКА:
– Бул макалды сүйүүсүнө жетпеген бир байкуш чыгарган го. Сулуу жүрөгү бирөө болгону үчүн күнөөлүү эмес да. Айрымдар “сен таш боорсуң, муздаксың” деп айтышы мүмкүн. Бирок ал сулуунун жүрөгүндө кандай сүйүү катылганын эч ким билбейт. Ар бир адам өзүнчө сулуу, жылдыздуу. Мына ошол сулуулар бар үчүн жашоо уланып жатат. Ал эми сулуулукту курал катары колдонгондорду айта албаймын. Бирок сулуулар көп жаман сөзгө кабылганы мени өкүндүрөт.
КУНДУЗ:
– Бул сулуулар жөнүндө айтылган макалбы ээ? Билбейм, азыр ойлоноюнчу. Сулуу кыздардын артынан ээрчиген жигиттер көп болушат. Сулуулар ал жигиттердин баарына эле көңүл бура бербейт да. Чындыгында, жүрөгү жактырып жаткан жигитти кээ бир сулуулар баалашпайт. Анан ичи күйгөн жигиттер ушул макалды чыгарган болушу керек. Бул макалды туура деп да, туура эмес деп да четке кага албаймын.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg