КАНДУУ РИНГ ЖЕ РИНГДЕ КАЗА БОЛГОНДОР

Энтони Жокл аттуу америкалык спорттук дарыгердин бокс спортуна тыюу салуу боюнча «нокаут – бул бүгүнкү күндө мыйзам жол берген киши өлтүрүүнүн түрү»,- деп айткан жайы бар.
1943-жылдан 2000-жылга чейин 400 мушкер рингде каза тапкан жана бул тизмеге майып болуп калгандар кирген эмес. Маалыматтарга караганда, болжол менен жылына 20дан 40ка чейин мушкер рингде каза болот экен. Булардын дээрлик көпчүлүгү атаандашына жеӊилгиси келбей, анын соккуларына аягына чейин чыдап бергендер.

ДУК КУ КИМдин ӨЛҮМҮ БОКСКО ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗГЕН
Бокс тарыхында рингде каза болгондордун эӊ резонанс жаратканы – түштүк кореялык мушкер Дук Ку Кимдин өлүмү болуп саналат. Бул окуядан кийин профессионалдык боксто рингге чыгуучу спортчулардын ден соолугун, коопсуздугун күчөтүүчү бир топ реформалар жасалган.
WBA версиясынын жеӊил салмак боюнча Дүйнө чемпиону, «Бум-Бум» каймана аттуу америкалык Рэй Манчини менен Дуктун беттеши 1982-жылы 13-ноябрда Лас-Вегас шаарында өткөн.
Кыл чайнашкан беттеш жүрүп, атаандаштардын эч кимиси жеӊилгиси келген эмес. Манчининин бир кулагы айрылып, бир көзү шишип кеткени менен, акыркы раунддарда өзүн колго алып, таамай соккуларды узата баштаган. 14-раундда катуу сокку жеген Ким ринг төшөлгөсүнө башы менен катуу урунат. Ал эптеп бутуна турганы менен, калыс беттешти токтотуу чечимин чыгарат. Бирок бир нече мүнөттөн кийин Ким эсин жоготуп жыгылып, ооруканага жеткирилет. Анын баш мээсине уюган гематоманы алуу үчүн шашылыш операция жасалганына карабай, 23 жаштагы Ким 4 күндөн кийин эсине келбей каза болгон.
Кызыгы, Дук көзү ачыктык кылып мейманканадагы бөлмөсүндөгү күзгүгө «жашаш же өлүш керек!» деп жазып койгону да такталган.
Уулунун өлүмүн көтөрө албай Дуктун апасы 4 айдан кийин өз жанын кыйса, бул өлүмгө өзүн күнөөлүү сезген рефери Ричард Грин да 1 жылдан соӊ өз өмүрүнө кол салып каза тапкан. Рэй Манчини да бул окуядан кийин өзүн таштап салган. Достору аны рингге кайтып келүүгө мажбурлашканы менен, ал мурункудай «Бум-Бум» боло алган эмес. Бул окуядан кийин бокс уюмдары акырындан чемпиондук беттештерди 15 раунд эмес, 12 раунддук форматка алып келишкен. Ошондой эле беттеш алдында мушкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү күчөтүлгөн.

ЖУМШАК АРКАНДАР КИЙИН КЕРИЛГЕН
Мындан сырткары WBA версиясы боюнча оор салмактагы Дүйнө чемпиону (1984-1985-жж.), америкалык мушкер Грег Пэйж, тарыхта биринчи жолу Олимпиада оюндарынын алтын медалын уткан африкалык мушкер Роберт Вангила рингде алган жаракатынан өзүнө келбей көз жумушкан.
Ошондой эле «Хельсинки-1952» Олимпиада оюндарынын жеӊүүчүсү болгон мушкер Эдвард Сандерс, жарым жеӊил салмак боюнча абсолюттук чемпион Дэйви Мур да беттеште атаандаштарынын оор соккусунан каза болгон. Мур каза болгондон кийин гана рингге мурункудан жумшак аркандар тартылып, 3 аркандын ордуна 4 аркан илине баштаган.

БУГАРЕГЕ АКЧА КЕРЕК БОЛУП РИНГГЕ ЧЫККАН
Ошондой эле кикбокстун эркин мушташ түрү боюнча Дүйнөнүн 2 жолку жана профессионалдар арасында Евразиянын 2 жолку чемпиону (1996-1997-жылдар) болгон мекендешибиз Малик Борбашев да мындай кайгылуу окуяга кабылган. Ал 1998-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында профессионалдар арасында 75 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугу үчүн франциялык Ридон Бугаре менен беттеш өткөргөн. Былчылдашкан беттеш жүрүп, 11-раундда калыс мелдешти токтотуп, мекендешибиз жеӊишке жетишкен. Ал эми Ридон Бугаре беттештен кийин чечинүүчү жайдан эсин жоготуп, ошол бойдон өзүнө келбей каза болгон.
Кийин Бугареге мурда алган жаракатына байланыштуу бир нече айга мушташууга тыюу салынганы билинген. Бирок ал жаӊы үйлөнүп, акча керек болгондуктан рингге чыгууга аргасыз болгон экен.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Zarema94
2015-04-20 17:42:31
Ой-бой Кудай сакта!
0
i_see_you
2015-04-20 17:54:10
Спорт дегенде жанын беришкенда
0
Zakash
2015-04-20 18:15:06
Ээх биздин Малик Борбашев боксерубузда мындай кайгылуу окуяга да дуушар болгон экен. Бугарени да тушунсок болгудай
0
ZANIA-92
2015-04-23 12:21:57
Бугареге боорум ооруду, байкуш жаны уйлонгон тура
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан