ДОС КРЕДОБАНК МЕНЕН БИРГЕ БОЛУӉУЗ!

Каржы жаатында 17 жылдан ашуун убакыт жүргүзгөн ийгиликтүү ишмердүүлүгү менен «Дос-Кредобанк» ААКу өзүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алды. «Дос-Кредобанк» алгачкы күндөн тарта өз кардарлары үчүн мыкты болууга аракет жасоодо. Ошол максат менен кардарлар арасында ар дайым кызыктуу акцияларды өткөрүп келет.


«ДОС-КРЕДОБАНК» БЕЛЕКТЕРДИ ТАРТУУЛАЙТ!
14-апрелде кезектеги акча которуулар боюнча акциянын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземи «Дос-Кредобанктын»республикадагы бардык филиалдарында, тагыраак айтканда, Бишкек, Ош, Кара-Балта, Жалал-Абад жана башка аймактык бөлүмдөрүндө орун алды. Банктын башкармалыгынын мүчөлөрү акциянын жеӊүүчүлөрүн куттуктап, баалуу белектерди тапшырышты.
Акча которуулар боюнча акция 2015-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин республика боюнча бардык филиалдарында өткөрүлөт. Эгерде сиз алыскы бир тууган жана жакындарыӊыздан акча которууларды алуу үчүн «Дос-Кредобанктын» бөлүмдөрүнө келгениӊизде автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болосуз жана упай топтолуп, жеӊүүчү болуп калышыӊыз да толук мүмкүн. Акциянын жеӊүүчүлөрү турмуш-тиричиликке керектүү үй буюмдарына, мисалы, сыналгы, чаӊ соргуч, мультиварка, үтүк жана башка баалуу белектерге ээ болушат. 1-турдун жыйынтыгы боюнча «Дос-Кредобанктын» кардары болгон Кара-Балта шаарынын 6 тургуну банк тарабынан күнүмдүк-тиричиликке керектүү буюмдар жана башка белек-бечкектер менен сыйланышты.
Мындан тышкары Токмок, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кардарлар Samsung үлгүсүндөгү сыналгыларга, чаӊ соргуч, мультиварка жана башка белектерге ээ болушту.

БААЛУУ БЕЛЕКТЕР КАРАЛГАН АКЦИЯ УЛАНУУДА
«Дос-Кредобанк» ААКу уюштурган акча которуулар боюнча 2015-жылдын январь айынан тарта старт алган акция жыл бою уланып, кардарларды кубантмакчы. Акциянын жыйынтыгы ар бир квартал сайын чыгып, ар бир 3 айда жеӊүүчүлөр аныкталып турат. Эскерте кетчү жагдай, акциянын эмки жеӊүүчүлөрүнүн ысымдары 2015-жылдын июль, октябрь айларында жана 2016-жылдын январь айында аталат.

БАНКТЫН 18 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КИРЕШЕЛҮҮ ДЕПОЗИТ
«Дос-Кредобанк» келе жаткан 18 жылдыгынын урматына кардарлар үчүн «Бизге 18 жыл» аттуу жаӊы депозитин сунуштады. Бул депозиттин жылдык пайызы 17 жана 1 пайыз бонус катары мөөнөтү бүткөндө кошулуп берилет. Аталган банк ар дайым өз кардарларына, мындан тышкары акчасын аманат кылган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, пенсионерлерге өзгөчө көӊүл бөлөт.

БИЗДИН КЫЗМАТТАРДЫ РЕСПУБЛИКАНЫН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНАН КОЛДОНУӉУЗ!
«Дос-Кредобанк» ААКунун филиалдары республиканын бардык аймактарында ачылган. Республика боюнча 10 филиалы жана 32 аманат кассасы бар. «Мындай оор механизмди эффективдүү иштетүү жана жөнгө салуу оӊой маселе эмес. Биз банктык процесстерди уюштурууда анын жемиштүү болушуна аракет жасайбыз. Тейлөөнүн сапаты бийик деӊгээлде жана кардарларыбыз үчүн болушунча пайдалуу болушу керек» деп белгилейт банктын жетекчилиги.
Көп жылдык тажрыйбасы бар «Дос-Кредобанк» банкы кардарлары, өнөктөштөрү жана акционерлери менен бирге алдыдагы жылдары да ийгиликтерге жетүүгө аракет жасамакчы. Эӊ негизги максат – алдыны көздөй активдүү кадам таштоо. Ал эми ар бир кадам Кыргызстандын экономикасынын, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө жана мекендештерибиздин бакубат жашоосуна татыктуу салым кошмокчу.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kairatmyn
2015-04-20 13:19:03
Туугандар дос банк болобу жоро банк болобу ата банк Апа банк болобу банкта иштеген. АРАМ АРАМ АРАМ. бир пайызга акча берсе да ал суткордук болуп эсептелинет. Суткордук чон АРАМ иш. Кредит берген дагы алган дагы АРАМ. Керек болсо кубоо болгон адамдар да куноокор болот. Коруп туруп арам экенин айтпаганы учун. Алланын алдында жалындап куйгон орттун ичинде жооп берет.
0
Kairatmyn
2015-04-20 13:23:14
Эсинер болсо айбан эмес адам кылып жараткан, Алла тааладан корккула жана кредит алгандан жана бергенден алыс болгула. Прасентке акча алып жана берген адамга Алла тааланын каары келет. Алыс болгула жана ким окуган болсо башкаларга жеткиргиле.
0
Adik3922
2015-04-20 13:50:07
Абдан соонун акция экен! Дос Кредо Банк молодец! Иштеринизге ийгилик, эн алдынкы банктардын бири, ушул Банктын кызматтары менен колдонобуз ар дайым, баардыгын так аткарып берет
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан