Көйгөйү көп маданият тармагына министр болуп келген Алтынбек Максүтов мырзаны кепке тарттык. Иштеп жаткан жумушу, үй-бүлөсү, балалыгы, жашоосундагы орчундуу окуялары, бир кездеги узун чачы тууралуу кенен айтып берди.
МАКСҮТОВ АЛТЫНБЕК АСКАРОВИЧ
1972-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.
1989-1993-жылдары Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган.
1996-2000-жылдары Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган.
1993-2013-жылдары Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенген.
2013-2014-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда башкы режиссёр.
2014-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп эмгектенип келет.
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.
«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА ЖҮРГӨН КҮНДӨРҮМДҮ САГЫНАМ»
– Чыгармачылык чөйрөдө жүргөндө менде бош убакыт көбүрөөк болчу. Бир идеяны ишке ашырганга кенен убакыт бөлүп, ойлонуп-толгонуп чыгармачылык шык издечүмүн. Азыр эртеӊ менен саат 6 жарымда же 7де турам да жумушка жөнөйм. Кечинде саат 11лерге чейин жумушта отурам. Коомчулукка көрүнүп да, көрүнбөй да жасалып жаткан иштер бар. Ийгиликтер бар, алардын баарын айтып тигини жасап жатам, муну жасап жатам деп мактангым келбейт. Мен иштейм деп келгем, иштеп жатам. Көйгөйлөр толтура, колдон келишинче аларды чечкенге, маданиятыбыздын өнүгүп өсүшүнө салым кошконго болгон аракетимди көрүп келем.
Чынында, чыгармачылыкка аралашып, мейли спектакль коюудан, мейли кандайдыр бир оюн-зоок иш-чарасын уюштуруудан, роль аткаруудан эргүү алып, рахаттанып жүргөн күндөрүмдү сагынбайм десем, анда калп айткан болуп калам. Ал күндөрдү сагынам. Себеби мен 3-класстан тартып эле чыгармачыл чөйрөдө келе жатам да.
«КЫЗАМЫК МЕНЕН ООРУП, ЫРДАП АЙЫККАМ»
– Атам мугалим, апам медицина кызматкери. 5 бир тууганбыз, улуусу мен. Апам айтып калат, «кичинеӊде эле элге бат аралашып кеткен, чоӊ кишидей сүйлөгөн бала болчусуӊ» деп. Анын айтымында, бала бакчадан чыкканда, чоочун киши көрсөм «Салам алейкум! Байке, атыӊыз ким? Менин атым Алтынбек. Аскардын баласымын. Таятамдыкына барайын дедим эле. Мени ошонукуна чейин алып барып койбойсузбу?» деп суранчу экенмин.
Кийин эс тартып, 3-класста окуп калганда кызамык менен оорудум. Аябай кыйналгам. Ошондо үйдөгүлөр обондуу жакшы ыр жаттатышса тынч уктап, эгер жаӊы ыр жаттабай калсам, таӊ атканча уктай албай кыйналып чыкчумун. Муну үйдөгүлөр байкап калышып ыр жаттатып, мени менен кошо ырдап жатып укташчу. Ошентип музыкалык шыгым ойгонгон. «Малыш» деген кичине баян сатып беришти. Аны даӊылдатып таӊ аткыча чертип, кошуналарымдын уйкусун бузган күндөр да болду. Ошентип жүрсөм чоӊ апам: «Ай, Алтынбек, сен деген азыр кичинекей баян чертип жатасыӊ. Чоӊойгондо чоӊун чертесиӊ. Анан карыганда кантесиӊ? Жатып алып чоӊ баянды черте албай каласыӊ го. Сен комузду үйрөнүп ал. Комузду карыганда деле жатып алып черте бересиӊ» деген. Чын эле деп ойлонуп, музыкалык мектептен комузду үйрөнүп баштагам.
Мектепте кароо-сынактарды калтырган жокмун. Окуучу кезде өзүм туулуп өскөн Казарман айылынын «звездасы» да болуп кеткем.
«ЖУБАЙЫМ БАРДЫК «КАПРИЗДЕРИМЕ» ЧЫДАП КЕЛЕ ЖАТАТ»
– 8-классты бүткөндө Бишкекке келип Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып өтпөй калдым. Ушунчалык көӊүлүм калып, шаабайым сууган. Музыканы таштайм да актёр болом деп чечтим. 11-классты бүтүп келип, Искусство институтуна тапшырайын деп жүрсөм, жердешим жолугуп калып Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга студенттерди кабыл алып жатышканын айтып, барып көрүүнү сунуштады. Сынактан өтүп кеттим. Анда Москвада окуйт деген укмуш угулчу. Айылдан келип түз эле Москвада окумай болдум. Бирок ал жактан орус тилинен аябай кыйналдым. Тил билбегенимдин айынан мени окуу жайда «иностранец» деп атап алышты.
1993-жылы театралдык окуу жайды бүтүп келдим. Өзүм менен чогуу окуган Таалайкан Абазовага баш коштум. Таалайкан мага жакшы жөлөк болду. Менин бардык «каприздериме» чыдап келе жатат. Ал мага караганда аябай эле таланттуу, жүзү да жагымдуу болуп киного ылайыктуу. Биз жаӊы баш кошкон кезде Кыргызстанда жашоо оор болчу. Айлыгыбыз 70 сом, ал бир жумага жетет. Андан ары не болот деп бушайман болосуӊ.
Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде азыркы Ибраимов көчөсү менен бара жатсам, элдер үймөлөктөшүп турушат. Барып карасам бир карыган орус чал отуруп алып бут менен иштеткен чарыкка бычак курчутуп жатат. Көзүмө укмуш көрүндү. Элдер бычактарын курчутуп, таркап кетти, мен турам. «Эмне жактыбы?» дейт орус абышка. «Ооба» десем, «үйдө бирөө бар, 300 сомго сатам, ал» деди. Эртеси карызга ар кимден 150 сом чогултуп, абышкага барып чарыкты алып келдим. Жарым акчасын иштеп тапкандан кийин бермей болдум. Ал жылдары мен бир чайдын жарнамасына тартылып, жүзүм элге таанылып калган. Көчөдө кантип бычак курчутуп отурам деп намыстанам. Бирок айла жок, бычак курчутканы чыгарда кепканы баса кийип, таанылгыс болуп иштечүмүн. Дем алыш күндөрү, жумуштан сырткары иштейм. Ошентип 500-1000 сом табам. Бирок ошондо да театрды таштаган жокмун.
«ТЕАТРДАГЫ РОЛЬ ҮЧҮН ЧАЧЫМДЫ ӨСТҮРГӨМ»
– Театрда «Гадкий утёнок» деген пьесада баш каарманды көп ойнодум. Ал жомокто бир балапан кичинесинде ырайы суук болуп, ар кимге жаман көрүнүп, кийин сулуу ак кууга айланат эмеспи. Ошол балапандын образын жаратып жүргөндө, адегенде чачым бар экенин билгизбей жашырып коёбуз, кийин ак кууга айланарда чачымды коё берип, башкача болуп чыга келчүмүн. Ушул роль үчүн атайын чачымды өстүргөм. Ал чач менен көчөдө жүргөн кызык болчу. «Карасаӊ, карасаӊ» деп сөөмөйү менен көрсөткөндөр, «эй, сен эмне чачыӊды өстүрүп алгансыӊ?» деп сындагандар болчу. Алардын баарына «мен «Гадкий утёнок» пьесасында ойнойм» деп түшүндүрүп жүрө албайсыӊ да. Тааныштарым айтат, «сенин тагдырыӊ ошол пьесадагы балапанга окшош. Балапан болуп кагылып-согулуп жүрүп, ак кууга айланып министр боло калдыӊ» деп. Андайда»койгулачы, кайдагы ак куу» деп күлүп калам.
МИНИСТРЛИККЕ АЛЫП БАРГАН СЫРДУУ 13 САНЫ
– Менин министрлик кызматка келгеним – бул менин жасаган иштеримдин жемиши десем болот. Жыйырма жылдан ашык театрда актёр, режиссёр болуп иштедим. 26
жашымда кайра музыкалык билим алдым. 13 талапкердин арасынан 13 добуш алып, 13-октябрь күнү туулган күнүмдө министр болуп келдим. Билесиздерби, адегенде мына бул костюм-шымга да көнө албай жүрдүм. Таптакыр башкача боло берет экенсиӊ. Ал эми жумушта мен көрүп, билип жүргөн көйгөйлөр, маселелер бар болчу. Аларды акырындан чечкенге өттүк. Учурда театрды жандантуу үчүн жер-жерлерге гастроль уюштуруу иштерин колго алуудабыз. Жаӊы китептерди чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат. Санариптик телекөрсөтүүгө өтүү боюнча чоӊ-чоӊ иштер алып барылууда. Мындан башка да жасалып жаткан иштер толтура. Алардын баарын айтып отурсам убакыт гана коройт, андан көрө унчукпай эле жасай бергенибиз оӊ.