Мураталы Буудайчиев, согуштун ардагери: «АЧКАЛЫКТАН БАСЫП БАРА ЖАТЫП КАЗА БОЛГОНДОР БОЛДУ»

Кандуу согуш окуяларын айтып отурган аксакалдардын кеби бизге жомоктой эле туюлат. Ленинград блокадасында калган жоокерлердин бири 95 жаштагы Мураталы Буудайчиев биздин азыркы турмушубуз үчүн күрөшкөн мүнөттөрүн эскерип отурду. «Андан бери канча суулар акты, кээде ошол жылдар биздин да баштан өтпөгөндөй туюлуп кетет» дейт. Унутуп калбайын деп жазып койгон согуштук эскерүүлөрү жазылган эски баракты калчылдаган колдоруна алып, аны улам карап коюп айтып жатты. «Ай, тигил окуяӊ калып калды, муну айтпайсыӊбы?» деп жанында отурган байбичеси Курманбүбү Буудайчиева өз көзү менен көргөндөй эле жадымына түйүп алыптыр.

«МЫКТЫ АТКАНДАР АЛДЫДА ЖҮРЧҮБҮЗ»
-Чоӊ атам башкарма болгондуктан жашымды бир аз чоӊойтуп коюптур. Ошондон улам өзүм курактагылардан эртерээк чоӊдордун ишине аралаштым. 7-классты аяктап Фрунзедеги (ред. азыркы Бишкек) Айыл чарба техникумунда окуп калдым. Темир жол бар эле, ошондон тоо жакты карай ээн болчу. Жекшемби күндөрү дайыма ал жакка алып барып бизге мылтык атканды үйрөтүшчү. Кийинчерээк Ошко пахта тергени жиберишти. Андан ары аскерге чакырылып, Ленинград шаарында кызмат өтөп калдым. Көп өтпөй согуш башталды. Бизди чек ара тарапка алып барышты. Башка тараптан келген жоокерлер да бизге кошулушту. Көп эле кыргыздын «көчөдөн кармап машинага салып алып келе беришти. Үй-бүлөбүз менен коштошпой да калдык» деп даттангандарын уктум. Аларга мылтык атканды мурун келгендер үйрөтүштү. Атканды жакшы билгендер алдыда жүрчүбүз.

«ЛЕНИНГРАД ШААРЫНЫН АБАЛЫ ЖАН КЕЙИТЧҮ»
-Мен аткычтар полкунда болдум. Уруш аябай катуу башталды. Ошентип жашоо эмне экенин биле элек кезибизде колубузга мылтык кармадык. Мен го окуп жүрүп мылтык кармаганды үйрөнүп алгам, айрымдар энесинин этегине жармашып жүрүп эле согуш талаасына түшүп калып жатпайбы. Мурун-кийин согушуп көрбөгөн соӊ баарыбыз эле оозубузду ачып командирибизди карачубуз. Анын айтканын так аткарабыз. Командирлер «аткыла!» деп буйрук берсе, тийген-тийбегенине карабай ата баштайбыз. «Жашынгыла!» деп команда беришсе, жашынабыз.
1941-жылы сентябрда душмандар Ленинград шаарын курчап алышты. «Жакшы шаар экен, бузбай басып алалы» деп алгач аткылашкан жок. Бирок биз да оӊой эмеспиз да, тырыштык да карыштык. Алардын аскердик даярдыктары, курал-жарактары биздикинен бир кыйла күчтүү болчу. Шаардын ичин азыр сөз менен айтып жеткире албайм, эми жан кейитет. Баары талкаланган, бир соо имаратты таппайсыӊ. Ачкачылык каарын төккөн. Бир нече күн наар албагандар басып бараткан жеринен кулап каза болуп калышчу.

«БИРИНИН НАНЫН БИРИ ТАРТЫП АЛЫШЧУ»
-Биз менен чогуу миӊге жакын кыз-келиндер да жүрдү. Алар өлүктөрдү ташып, жарадарларга жардам көрсөтүшчү. Немистердин жайгашкан жерлерин басып алганыбызда алардын тамак-аш салынган жашиктери калып калат, ал күнү адыраӊдап сүйүнүп калар элек. Ошолорду талашып жеген күндөр дале эсимде. Күнүнө бир жоокерге 200 граммдай нан берилчү. Ал эмнеге жетет? Бөлүнгөн бир кесим нанын да колуна албай тарттырып жибергендер болчу. Мисалы, мен күчтүү болсом, алсызыраактыкын тартып жеп алам. Бирок мен бирөөгө тарттырган да, тартып алган да жокмун. Тартып алганга барып, «өзүнүн ырыскысын өзү жеши керек, экинчи тийбегин» деп сес көрсөтүп койчумун. Анткени жаш кезимде эле күчтүү элем, айылда жүргөндө коӊшу айылдын 10-15 баласын таяк менен төпөштөп же кубалаганга алым жетчү.

«ИТКЕ ЫРГЫТКАНДАЙ БИЗГЕ ДА НАН ЫРГЫТЫШТЫ»
-Нөшөрлөп жааган жамгырда, борошолоп урган карда да окопту байырлап жашадык. Жаан катуу жааганда окоптун ичи сууга толуп калчу. Алмаштырганга кийим кайда, эртеси аны кургатып кайра кийебиз. Акыры Ленинграддын караанын да көрсөтпөй душманды кубалап жөнөдүк. Бизге башка мамлекеттерден курал-жарак келди. Колуӊдагы куралыӊ күчтүү болсо, арстандай эле айбаттуусуӊ да.
Кайсы мамлекетте жүргөнүбүздү так айта албайм, 200дөй жоокер немистердин курчоосунда калдык. «Бул жерден эптеп качып чыгалы» дедик да, атышып жатып качып чыктык. Токой аралап эки айдай жүрдүк. Айылдарга кез келген сайын бир-экөөбүз барып эптеп шам-шум эткенге тамак-аш таап келебиз. Каскак болуп дагы немистердин курчоосунда калдык. Бүттү, өлдүк, эми, баарыбызды атат деген ой келди. Тегерете курчап алышып бизге итке ыргыткандай нан ыргытышат. Жабалактап баары кол сунганда быркырап күкүмү жерде эле калат, анан жерден терип жешет. Мен ага да барган жокмун. Кудайдын көзү түз экен, биздин жоокерлер келип калып куткарып калышты. Ал жерден да катуу кыргын болду. 200 жоокердин жарымы өлүп калды.
Кандуу күндөрдө бирге жүргөн жолдошуӊдан айрылуу өтө жаман нерсе. Ичиӊ туз куйгандай ачышып, ок тийгендей алоолонот. Аларды эстесем азыр да жаман болом, кырчындай жаш жигиттер соолуду. Ошол жигиттердин эрдиги, кайраты менен канчалаган айыл-кыштактарды, шаарларды душмандын азап-тозогунан куткардык.

«ЭКИ АЙ ЖЕР ТӨЛӨДӨ КАМАЛЫП ЖАТТЫМ»
-Ошентип согуш аяктады. Жеӊдик дегенибиз менен, качан өлүп калам деген коркунуч мээге сиӊип калыптыр. Кайсы бурчтан чыга калып атып салат деп элеӊдей берчүбүз. Жеӊиш деген күнү эле бизди кетирип жиберген жок, дагы бир топ убакыт кармашты. Айылыма 1946-жылы гана келдим. Ата-энем менден эчак түӊүлүп калышыптыр. Эки агам согушка кетип кайтпай калган. «Үч уулубуздан теӊ бирдей ажырадык» деген ата-эненин күйүтү айтпаса деле белгилүү да. Фрунзеге келип эле алгач таежемдикине бардым. «Балаӊар тирүү келди» деп ата-энеме сүйүнчүлөсө, көпкө ишенишпептир. Босогодон киргенимде ботодой боздоп катуу ыйлашты. Анан НКВДнын кызматкерлери мени тергөөгө алышып, «сен немистин колуна түшүптүрсүӊ, баланча жылга кесилесиӊ» деп иликтей башташты. Фрунзеде эки айга чукул жер төлөгө камап коюшту. Күбөлөр чыгып, мени менен чогуу болгондор табылып акыры акталдым. Акталды деген кагаз азыр да сакталуу.
Кичи мекеним Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында бригадир, анан айылдык кеӊештин жетекчиси болуп иштеп калдым. Атам «үйлөнүшүӊ керек, жашыӊ да бир топко барып калды» деп Курманбүбүнү алып берди. Анын ата-энесин атам таанычу экен. Өзү барып сүйлөшүп, ата-энеси менен макулдашыптыр. Ошентип 1955-жылы үйлөндүк. Кемпирим менден 14 жашка кичүү.

Мураталы ата менен Курманбүбү апанын 8 баласы, 35 небереси, 25 чөбөрөсү бар.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aruukeramazan
2015-04-21 04:25:49
Кандай бактылуу карыялар. Бар болунуздар. Аман болунуздар. Менин да таятам согуш ардагери. Сиздерге баш ийип таазим кылабыз.
+1
Aruukeramazan
2015-04-21 04:27:11
Кудайым башыбызга согуш бербесе экен.
+1
Jamalym
2015-04-21 11:46:46
Рахмат сиздерге,ардактуу ардагерлер!Тизе бугуп таазим кылабыз!
+1
kadamjai90
2015-04-21 13:34:54
Рахмат сиздерге. Таазим ардагерлерге
+1
alik1602
2015-04-21 14:21:59
айланайын чоон ата аллах сизге ден соолук узун омур бактылуу карылыкты берсин
+1
Mirlan9292
2015-04-21 15:08:20
Бар болунуз узун омур берсин сизге, сиздей инсандарга ардайым таазим.
+1
suiuktuujar
2015-04-22 11:15:31
Биздин ардагер чон ата чон энелерибизге данк биз сиздерге таазим кылабыз узак омур суруп жашаныздар.
+1
mirana9395
2015-04-22 15:42:25
Сиздерге тизе бугуп таазим этем коп жашаныздар ден соолукта болунуздар,сиздерди коруп ыйлагым келди аябай бар болунуздарчы
+1
1adam7
2015-04-22 17:12:28
ден соолугунуздар чын омурунунуздор узуун болсун
+1
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан