Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Сөөк жуулду. Туугандар чуу туруп өкүрүп, Мадылдын жубайы Калыйма ыйлап басылды. Салт ошол. Бекназар табытты кармап:
– О, эл, Мадылдын зайыбынын боюнда үч айлык күмөн бар экен. Уктуӊарбы, о, эл, кулакдар болгула...
– А, болсун, болсун. Артында туяк калган турбайбы, болсун...
Кезектешип табытты көтөрө көрүстөнгө келишти. Бекназар дагы салтты улай кыйкырды:
– О, эл, биздин тууганыбыз Мадыл кандай киши эле?
Абил бий озунуп:
– Жакшы киши эле!..- деп салттын сөзүнө салттын жообун кылды.
– О, эл! Менин тууганым Мадылда кимдин аласасы бар? Айткыла, арты куру эмес, туугандары биз барбыз, кутулабыз...
– Жок! Жок! Эч кимибиздин аласабыз жок Мадылда!
Бул өлгөндүн ыманын тазартуу. Мындай учурда аласасы барлар аласасын айтышат, кечкиси келсе көр үстүндө кечип коюшат.
– О, эл! Мадылга бересеӊер барбы? Айткыла, моюнуӊарга карыз болуп кала бербесин...
– Жок!- деди эл. – Бересебиз да жок.
– Тултемир!- деди Абил бий, үнүн кайгылуу көтөрө. – Мына, көрдүн башында турабыз. Жан бар жерде өлүм бар. Азыр Домбу да жок, Мадыл да жок. Жер жамандап
барбасын, Мадылдын тору кашка атын агаӊ Домбу үстүнө ысык аркан чырматып жиберип, кулан чаар ат кылып, кара өзгөйлүк менен тартып алды эле, ошону моюнуӊа ал.
Тултемир кыпкызыл болуп кетти:
– Бий... Эмнеге Домбунун көзү тирүүсүндө өзүнө айтпадыӊыз?..
– Башка сөздү кой, Тултемир. Баягы Домбу атылган күнү кулан чаар ат чылбырын сүйрөп Мадылдын эшигине барыптыр го? Бул эмнеси? Ыманыӊ бүтүн болсо, моюнуӊа ал. Ыманыӊ болбосо, зордогон киши жок сени, кара өзгөй Домбу агаӊдын моюнунда кеткени ошол. Тору кашка ат кантип кулан чаар болуп калганын өзүӊ жакшы билесиӊ, өзүӊ иштеген экенсиӊ...
Тултемир башын салбыратып бир пас турду да, мине келген кулан чаар аргымакты жетелеп келип, токумун сыйрып алып, чылбырын Сарыбайдын алдына ыргытты.
– Тууганым да көрүндө тынч жатсын...
Бир жаш бала артынан келип Тултемирди камчы менен чокудан ары тартып-тартып калды.
Кулкишинин баласы болчу. Жуп жөнөөрдө Сарыбай кулан чаар аргымактын чылбырын Бекназарга карматты:
– Эми бизге күлүк аттын кереги жок. Заман чалкештенип келатат окшойт. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде дейт... Коӊулга бекине албастырсыӊ, ме, аргымак сага канат болсун...
Келген эл кара ашын жеп тарашты. Кулкиши менен Теӊирберди жанында калып, дагы бир жандык союп Мадылдын жетилигинде куран окуткан соӊ Сарыбайды көчүрүп алып кетишти.

ххх

«О, жарым эс, о, Кудай так төбөӊдөн ургур, ушундай да кем акылдык кылабы?! О, кокуй, кырк кишисин кырып салса эле ушунча жер жайнаган элет мөгдөп калат деп ойлодубу, бу жарым эс?!»... деп тоолуктар кайрадан толкуй баштады. Кырк элчи өлтүрүлгөн соӊ эми кармашуудан өзгө арга калбаганына кимдин да болсо көзү жетти. Бекназардын жанына мурда-кийин өзүнөн башыккан жигиттер топтолуп отуруп беш суу элден беш жүзбашы кошуун куралып кетти. «Ай, ай, асте...» дей албай калды Абил бий.
Эрегиштин башчысы Чанач-Сайдагы жаӊы күмбөз айланасында имиш... Муну уккан Бекназар эч кимге кайрылбай, эч жерге түшпөй күмбөзгө барды. Күмбөздүн жанында бир кары адам жүрүптүр. Унчукпай келип куран окуду. Кары киши «курама уругунан болобуз. Эр Эшим зарыгып тапкан жалгыз уулум эле...» деп энтигип отурду.
Эшим деген ат Бекназардын жүрөгүн солк эттирди.
– Мени карытып кетти каралдым... Күмбөз айланасына көп жыл жашай турган чынар терек сайдым, беш-алты түп саада, кара жыгач тиктим. Эртеӊ көлөкө сая байыр кыла турган жер болсун деп...
Экөөнүн кебин жүгүрүп келген беш жашар чамасындагы уул бала бузду. Бала көзүнө урунганда Бекназардын жүрөгү дагы солк дей түштү. «О, Жараткан, өзү го?! Кара каштуу, буудай иреӊ, чап жаак...- деп боолгоду Бекназар. – Көзү башка... Көзү гана башка... Жок, биздин уруктун көзү эмес!» «Ыя, энесинин көзүн тартып жүрбөсүн?!» деген ой баатырдын иреӊин кубартып жиберди. Ал эч эстей албай койду. Айзаада келин эч качан өйдө караган эмес!
«Кошулам» дегенди эле кошуп ала береби Исхак?! Камбар саркер эсинде. «Кошуп алам» дегенге эле кошулуп кете бермек беле Бекназар?! Эки жакта теӊ чочунуу бар, эки жак теӊ этият.
Камчылуу колун серелеп карап турду Исхак. Эч кимден сескенип көрбөгөн Бекназар камчылуу колун оӊ санына мадай, алаӊдабай, каранбай, бет алдына көз тигип кулан чаар аргымакта, беш жүз колдун башында. «Өзү го?.. Кол башы...» деди Исхак. Киши таанырлык аралыкка жеткенде тизгин жыйып, жай аттан түштү. «Бу ким болбосун эл ээрчиген адам...» деди Бекназардын калыс дили.
Үн көтөрбөй токтоо саламдашышты, кол алышка умтула коюшпады эки жак теӊ.
– Жол болсун, баатыр аке...- биринчи болуп кеп таштады Исхак.
– Бирге болсун... Укканбыз,- деди Бекназар ой толкуну чайпалып. – Саркер сатып, өзү дагы оӊбогонун, бийлер тойлоп, сыртыӊдан бүтүм болгонун! Мына, келдик алдыӊа! Эл ээрчиген азаматка сүйөк, көмөк кылалы деп. Элге эге, журтка тирек жаӊы ордо куралы деп! Аргымак башын тартмай жок, ара жолдон кайтмай жок. Тири калсак бир дөбөдө болушарбыз, көз жумсак, тагдыр ошол, канжыгада көрүшөрбүз!
Бу ар бир сөзүн акырын, ныгырып сүйлөгөн, ичи ийги, сырты сестүү көрүнгөн адамды кубанып тиктеди Исхак. Унчукпай кучак жайды.
Ошол 1875-жылдын жай алды көтөрүлүш дагы тоодон башталып, Нарын дайранын, Кара дайранын көкүрөгүнө, Көк-Арт, Өзгөн, Алайга жайылып, түздөгү кыргыз кыпчак, сарт кыпчак уруктары да кошулуп кетти. Исхак урушсуз Анжиянды ээледи.

ххх

Салкын бак ичинде эч көӊүлү тынч ала албай Абдырахман басып жүрөт. Күнү кечке келип кеткен Абил бий көз алдында. «Э-ээ, заман ушул, үкем... Эл кайда болсо, азамат ошол жакта болмогу, эл кимди ээрчип турса, азамат ошол эл ээрчигендин жанында турмагы эп...» деп оюна дүрбөлөӊ салып кетти. Манчыркаган хан тартылды көз алдына. «Йе, өзүӊдүн шоруӊа манчыркайсыӊ... Тоолук – бүркүт мүнөз эл жегенине эмес, серпкенине кубанат. Бүткөн ишти обу жок манчыркап өзүӊ бүлдүргөнсүӊ. Ал эми! Селдин алдына тайтайып туруп токтотуп ал...» «Ыракматы атабыз, анда биз жашпыз, ишиӊ илгери болгуча итиӊдин кошун тарт деп акыл айтчу эле. Ыя, көп эле тарттык бейм, чын ыклас менен, акы талап кылбай...» «Ыракматы атабыз мезгилди тааны, мезгилди баала, мезгил сени көтөрөт, мезгил сени жексен кылат дечү эле. Мезгил келдиби?..»
Кыпчак кыргынын кадырлуу Жаркын айым «ортодогу бузуктардын айыбынан» деп жарыялап, кай бирөөлөрдү чындап эле ордодон кууп, Кудаярды эл көзүнө тазартып, эӊ акыры Абдырахман экөбүн жүз көрүштүрүп, «эми өткөнгө өкүнбөгүлө, бир тууган болуп жүргүлө» деп Абдырахманды уул тутунуп, ошону менен аны тоӊ моюн бектердин таасиринен чыгарып алган. Бирок Мусулманкулдун баласы бат эле алданып калгыдай аӊкоо эмес болучу. Ишиӊ илгери болгуча итиӊдин кошун тарт! Мына ушул ата акылын көӊүлгө түйүп, ал кезде колунан да эмне келе коймок, биле туруп билмексенге өтүп Жаркын айымдын ымына көнүп кала берген. Эми азыр жүрөгүнүн тереӊинде дымып жаткан, оӊтой мезгил күтүп жаткан ата кеги ойгонуп турду. «Келди мезгил, күткөн мезгил...»

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mirana9395
2015-04-20 16:35:30
Оой бутуп калдыго тез эле
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан