ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-апрелден 26-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Соода жаатында иштегендер туруктуу өнөктөш болчу адам издешет. Кымбат буюм сатып албай туруӊуз, кайсы бир иштер үчүн чоӊ акча керек болушу күтүлүүдө. Шейшембиде көрө албастар сизди чөйрөӊүзгө жаман көрсөтүүгө аракет кылышат, абайлаӊыз. Бейшембиде көтөргөн демилгеӊиз аброюӊузду жогорулатат. Ишембиде сырткы келбетти өзгөртүү үчүн сулуулук салонуна баш багасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жаӊы иш баштаардан мурда эскилерин бүткөрүп албасаӊыз, эч нерсеге жетише албай убара тартасыз. Шейшембиде жакындарыӊыз чоӊ тилегиӊизди ишке ашырып, кубанычка бөлөйт. Шаршембиде жолдо жүрүүдө абайлабасаӊыз, бейтааныш адам менен чырдашып каласыз. Жума күнү жакындарыӊыз менен бирге жаратылыш коюнуна чыгып эс алуу мүмкүнчүлүгү чыгат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Түйшүктүү иштерден качып, руханий байлык топтоого басым жасайсыз. Аптанын башында шашылыш түрдө ойлонбой иш жасап жибербеӊиз. Болбосо ката кетирип, душмандардын билигине май тамызасыз. Апта ортосунда ата-энеге кам көрүп, алардын талаптарын аткарууга туура келет. Жума аягында өзүӊүздү жаӊы кийим сатып алуу менен кубантасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада кээ бир үй-бүлөлөрдө майда чырлар жаралат. Ага көӊүл бурбай эле коюӊуз, болбосо чыр узакка созулат. Жаӊы таанышуулар бойдокторду күздө болчу нике тоюна жеткириши ыктымал. Энергияӊызды жашоо шартыӊызды жакшыртууга, эмеректерди ыӊгайлуу жайгаштырууга жумшаӊыз. Апта аягында сейилдөөнү же жаратылыш коюнунда эс алууну пландооӊуз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада кокустан интригага аралашып калышыӊыз мүмкүн, абайлаӊыз. Эски тааныштар менен мамилени жандантып, кошумча акча табууну пландайсыз. Досуӊуз сизге жашыруун сырын ачып, колдоо көрсөтүүнү суранат. Шаршембиде коомдук ишке катышып, өзүӊүздү көрсөтүүгө туура келет. Бейшембиде туугандар тойго чакыруулары ыктымал. Ишембиде үй-чарба иштери үчүн шаймандарды сатып алууӊуз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иште жеке кызыкчылыкты коргоп, жетекчилик менен талашып-тартышуудан коркпоӊуз. Документтер менен толук таанышып чыкмайынча кол койбоӊуз. Каржылык маселелерди чечүү үчүн айрымдар банктан насыя акча алууга барышат. Досторуӊуз кайсы бир ишиӊизди ашар жолу менен бүткөрүп беришет. Сүйүшкөндөрдү романтикалык сезим ээлеп, жолугушууларды бат-бат белгилешет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада сизге көп нерсени үйрөтүп, кеӊешин берчү адамдар менен таанышасыз. Кыймылсыз мүлк жана курулуш тармагында иштегендерди ийгиликтер коштойт. Ал эми жаӊы жаралган маселелер үчүн күйпөлөктөбөй эле коюӊуз. Убакыттын өтүшү менен баары өзү чечилет. Жасап үйрөнсөм деген ишке убакыт бөлүп, өз колуӊуз менен жасаган буюмга маашырланасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Пландаган иштериӊиздин аткарылышы сизди колдоочу адамдардын жардамынан көз каранды. Айрымдар ден соолугуна кам көрүп, врачтын кабылдамасында болуулары мүмкүн. Күтүлбөгөн кырдаалда сизге зыяны тийбей тургандай чечим кабыл алууга аракеттениӊиз. Апта аягында жылдыздар үйүӊүздү уурулардан сактоону эскертишет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жылдыздар катылып жаткан талантыӊызды жандандыруу менен кошумча акча таба аласыз дешет. Талаш маселелерде сизге жан тарткандар колдоо көрсөтүшүп, жеӊиш сиз тарапта болот. Айрым бойдоктор сөз айткан адамдын сунушун талдап көрүп, чечим кабыл алышат. Мал баккандар алардан оору жугузбоонун камын көрбөсө, дартка чалдыгуу коркунучу бар.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чыгармачылык пландарды ишке ашырууга ыӊгайлуу апта. Үй-бүлөлүүлөр шериги тууралуу айтылган ушакка ишенүүдөн мурда аны анализдөөсү кажет. Мүмкүн, ортого от койгусу келген бирөөнүн чагымы. Шейшембиде бирге иштешкендерге кысым көрсөтпөӊүз, бөөдө уят болосуз. Жума күнү өзүӊүздү начар сезип, дарылануу керектигин туясыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эмоцияларга жык толгон апта болмокчу. Сиздин ар бир кыймылыӊыз, сырткы келбетиӊиз элдин сынында болот. Жетекчилик оор тапшырма жүктөп, анын убагында бүтүшүн талап кылат. Керектүү маалыматты алып, аны иште колдоно билиӊиз. Кыймылсыз мүлк жаатында юристтин кеӊешине кайрылууӊуз ыктымал. Апта аягында айлана-тегеректи көрктөндүрүү иши күтмөкчү.

БАЛЫК (20.02-20.03
Ишти эс алуу менен айкалыштырбоо өнөкөт чарчоого алып келерин эске алыӊыз. Витаминдүү жашылча-жемиштер менен азыктануу кубат берерин да унутпаӊыз. Чоӊ маселени чечүүдө таасирдүү таанышыӊыздын колдоосуна таянасыз. Бирок ачылып кетип, жеке сырды айтып жибербөө керек. Шашылыш жолго чыгып, олжолуу кайтып келүүӊүз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан