XXI КЫЛЫМДЫН КАРАКЧЫЛАРЫ

Заман бузулдубу же кичүүлөргө улуулар өрнөк көрсөтө албай калдыбы? Айтор, бешиктен бели чыга элек балдар мыкаачылык менен каракчылык кылууга барууда.

СЫРЛАРДЫ КАТКАН ДАРАК
Адам баспаган ээн талаада түндүн кириши менен адамдын караандары пайда боло баштады. Бакыйып өскөн дарактын түбүнө алгач экөө басып келди. Аларга баштыгын асынган кичине бойлуу адам келип кошулду.
Кеч күз болсо да, аба ырайы жылуу. Дарактар жалбырактарынан айрылып, тегеректи таштандылар каптап турса да, табият өз сулуулугунан жазбай турганы байкалат.
Өз ара кобурашкан тиги үчөөнө дагы төрт адам келип кошулду. Баары маанилүү бир маселени чечүүгө чогулушканы сыртынан байкалат. Өзгөчө арасынан бирөөсүнүн добушу катуу чыгат. Бир убактан кийин акыры бир жыйынтыкка келиштиби, айтор, тарай башташты. Булар кимдер эле? Эмне жөнүндө сүйлөшүп, талашып жатышты? Мындай суроолорго жооп бир гана дарак менен асманды каптаган жылдыздарга белгилүү эле.

ТҮН ЖАМЫНГАН БЕТ ­КАПЧАНДАР
Дарак түбүндө кобурашкан адамдар Бишкектин жаңы конуштарынын биринде түн ортосунда кайрадан пайда болушту. Эл кызуу уйкуга кирип калган түнкү саат 2:30 чамасы эле. Буга чейин алдын ала түзүлгөн план боюнча тандалган үйдүн тушуна келип токтошту. Айланага көз чаптырышса, кыймылдаган жан көрүнө бербеди. Учурдан пайдаланып, баштыктагы бет каптарын алып кийишти. Анан тапанча жана бычактарды жандарына ала бейкапар уйкуда жаткан үйгө заматта кол салышты. Эшикти бузуп киришип үйдө жаткандарды өзүнө келгенге үлгүртпөй эле бир-бирден байлай башташты. Тапанчанын сүрүнөн корккон үй ээлеринин каршылык көрсөтүүгө дарамети болгон жок.
Каракчылардын олжосуна Skyworth үлгүсүндөгү сыналгы, DVD-ойноткучу, Nikai-SH-13 жылыткычы менен Nokia жана Motorola L6 үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, кийим-кечектер жана 15 миң сом акча илинди. Аталгандар менен тим болбостон, тонолгон олжону жүктөп кетүү үчүн унаа да табышты. Короодо токтоп турган Фольксваген Пассат автомашинасын да тоноо алдын ала түзүлгөн планда бар болчу. Үй ээлерин скотч менен буту-колун таңып, убакыттан уттурбай из жашырууга камынышты. Оңой жол менен табылган байлыкты машинага жүктөштү да, караңгы көчө менен зуу коюшту...
Оңой келген байлыкка адамдын башы айлана түшөт эмеспи. Зуулдап шаар аралап жүрүшүп, олжону бөлүшкөн соң бирөөнүн маңдай териси менен келген машинаны талаага таштап, ар кимиси ар тарапты карай из жашырышты.

ҮЙРӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ?..
Жашы жыйырманын кырына келген жаш балдар жаман жолго азгырылып бараткандарын өздөрү да байкабады. Бир жортуулдун олжосу түгөнгөндөн кийин экинчи жортуулдун пландарын түзүп жатышты.
Каракчылардын башчысы К.С. кийинки тоноо кайсы жерде, кандай сценарий менен болорун ортого салды. Топтун дагы бир мүчөсү А.Т. башка райондон байлыгы көбүрөөк үй сунуштады. Бирок топтун башка мүчөлөрү топтун башчысы К.С. айткан үйдү тономой болушту.
Ошентип, пландарын ишке ашыруу үчүн Бишкектин жаңы конуштарынын бирине барууга макулдашты. Анткени короолору жок, көчөлөрү караңгы жаңы конуштар аларга оңой олжо эле. Белгиленген күн келип, алдын ала дагы ээн жерден жолугуп акылдашышты. Бирок бул жолу алардын чогулушуна дарак эмес, учу-кыйыры жок темир жол күбө болду.
Ошол эле күнү түн жамына болжогон үйдүн жанына келишти. Көнгөн ыкмага салып ыкчам кыймылдар менен үйгө кирип барышып, үйдөгүлөрдү скотч менен байлап киришти. Үй ээсинин каршылык көрсөткөнүнө жини келген каракчылар аны сабоого үлгүрүштү. Ага кошо үй ээсинин аялын да сабап, оозу-башын жарып салышты. Олжо кылып баягы эле көнүп алышкан үй ичиндеги баалуу буюмдарды алышты. Бирок мурдагыдан айырмаланып, бул жолкусунда чаң соргуч, үтүк, музыкалык борбор жана 20 миң сом акчага ээ болушту. Алынган олжолорду артынышып, үргөн иттердин коштоосунда көздөн кайым болушту.

БЕШ ЭЛЕ ЖОЛУ ТОНОШКОНБУ?..
Милициялардын колуна түшпөгөндө дагы канчалар көз жашын төгүшмөк. Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинин Кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин күнү-түнү жүргүзгөн иши акыры натыйжа берди.
Аталган үй тоноочулар борбор шаарыбыздагы Туңгуч жаңы конушунан дагы бир үйдү тоноону пландаштырып жүргөн жеринен колго түшүштү. Топту 7 бала түзүп, башчысынын көрсөтмөсү менен иш жүргүзүшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө булардын башчысынын баш-аягы 5 тоноого катышканы белгилүү болду. Андан башка дагы тоноолорго катыштыктары бар же жогу изилденип жатат.
Азыркы кезде каракчылардын экөө жашы жете элегине байланыштуу жакындарынын жоопкерчилиги астында коё берилген. Калган бешөө Бишкектин 1-СИЗОсунда камакта отурушат. Тергөө жүрүүдө.

(Белгилүү себептерден улам ысымдар кыскартылып жана өзгөртүлүп берилди).
Бул балдардан жабыр тарткандар болсо, Ленин райондук ИИБине кайрылыңыздар.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ulukuluk
2009-12-26 05:22:39
Мындыайларга катуу жаз беруу керек
0
минура
2010-02-19 17:02:17
туссуздон тунул дейт
0
padishah
2010-05-10 05:03:08
Жакшылап туруп ЭЗИП ИШТЕТИШ КЕРЕК КЕТМЕН КУРОК МЕНЕН ТРАНШЕЯ КАЗДЫРЫП... Камай берип Балдардын баарын камап буттук... Кийинкисин ойлоп туура тарбиялаш керек жаш муунду. башчысын эл алдына алып чыгып сабаш керек анан кийинкилерге сабак болуш учун прямой эфирден кое бериш керек... Тоногуч акылы жок Баатырлар деп Доска почетага Бадырайтып илип коюш керек...Булардын ата-энеси кайда? Аларды жоопко 1 кезекте тартыш керек..
0
темирбек мамажусуп
2010-06-04 03:47:15
жаш эле туруп кылмыш кылганды ким койду экен аларга тообо
0
Ceed
2010-08-03 15:30:50
Мырки! Андан коро тачка суйроп акча таппайсынарбы?
0
messi.kg
2013-05-23 22:48:01
бандиттер
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан