«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Курбум Элнура Жумашеваны издейм. Ал режиссёр Рысбек Жабировдун балдызы болчу.
Гүлкайыр.
Тел.: 0777 98 57 14
«КАНЫБЕК, ОКУП КАЛСАҢ БАЙЛАНЫШ»
– 1970-жылы туулган досум Каныбек Байзаковду издейм. Биз Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы мектепте окуп, аны 1987-жылы аяктаганбыз. Каныбек 2006-жылы АКШнын элчилигинде котормочу болуп иштечү. Ошондон бери байланышыбыз жок. Каныбекти тааныгандар болсо же өзү окуп калса байланышар деп үмүт кылам.
Нурлан Мырзакматов.
Тел.: 0550 30 47 34, 0777 46 68 00
«БАКЫТ, ЭСЕН, КАБАРЫҢАРДЫ БИЛДИРГИЛЕ»
– Мен 1986-1988-жылдары Полярный шаарындагы деңиз-аскер флотунда чогуу аскер кызматын өтөгөн ысык-көлдүк Бакытты жана Жети-Өгүздүн Барскоон айылынан Эсенди издейм.
Жеңишбек Таштанбеков. Тел.: 0771 46 87 28
«АЙГЕРИМ, КАЙДАСЫҢ?»
– Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы №11-мектепте 2003-2006-жылга чейин бирге окуган Айгерим аттуу классташымды издейм. 1996-жылы туулган.
Нурсултан Муктарбек уулу. Тел.: 0705 27 68 00
Таптым сени...
«САНААЛАШЫМДЫ ТАПТЫМ»
– Урматтуу «Супер Инфо» гезитинин жамааты, сиздердин гезит аркылуу «Күзгү жалбырак» киносундагы өгөй эненин ролун аткарган актриса Гүлнара Төрөкулованы издедим эле. Кайрылуум гезитиңерге жарыялангандан көп өтпөй Гүлнара менен байланыштым. Байланыша албай, бири-бирин издеп жүргөн жакын санаалаш, курбу, бир туугандарды табыштырган сиздердин гезитке ыраазычылык билдирем.
Зарылкан Мукабаева
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28