Ар бир үй-бүлөдөгү мамиле бир учурда туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Муну психологдор бир демден «нике кризиси» деп атап, ар тараптуу чечмелеп келишет. Ал эмне болгон кризис? Андан кантип чыгуу керек? Алар канча этапка бөлүнөт? Суроолорубузга «Paradise Sun» психологиялык жардам берүү борборунун психологу АЙЗАДА ТАНАЕВА жооп берет.
1 жыл
ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМ
Үйлөнүү тою бүтүп, жубайлардын «романтика сезону» алыстап, бири-бирин «көз айнексиз» карай баштайт. Бири-бирине баш ийүү, үй-бүлөнүн бюджети, жаңы бүлөнүн мыйзамдарына көнүү оңой эмес. Андыктан талашып тартышуу көп болуп, нике коркунучка учурайт. Мындан өтүп кетсеңиз, ийгиликтүү кадамыңыз менен өзүңүздү куттуктай берсеңиз болот.
КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Жубайлар «мен кыялданган сүйүү жок тура» деген тыянакка келиши мүмкүн. Жаңыласыз, сүйүү жоголгон жок, болгону ал уруш-талаштын фонунда сезилбей калды. Түгөйүңүздүн көз карашын угуп, жай отуруп сүйлөшкөнгө көнүңүз. Жаңы үй-бүлөгө кеңеш берчүлөр көп болот, урушуп кетсеңиздер ич ара чечүүгө аракеттенгиле. Бирөөлөр аралашса араңар алыстап ого бетер чыр күчөй берет.
3 же 5 жыл
БАЛДАР ҮЧҮН!
Бул убакта жубайлар балалуу болуп калышкан мезгил болот. Жоопкерчилик, акча жетишсиздиги, тиричилик маселелеринен улам көп уруш чыгат. Жаш энелер көңүлүнүн баарын наристеге буруп, күйөөсү көңүлдөн сырт калышы ыктымал. Өзүнүн көңүлдөн тыш калганын сезген күйөөсү башкага көз сала башташы мүмкүн. Ушундан улам экинчи кризис келип чыгат.
КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Күйөөнүн сабырдуулугу көп нерсени чечет. Төрөт жана бала багуу аялды тең салмактуулуктан чыгарып койгонун эске алган дурус. Бирок аялзаты да күйөөсүнүн ордун наристе менен алмаштырбашы керек. Ага да мурункудай көңүл бөлүп, сүйүп, камкордук менен караса, мамилелер бир калыпка түшөт.
7-8 жыл
ЭҢ КООПТУУ УЧУР
Никедеги эң кооптуу учур бирге жашап жаткандагы 7-8-жылдагы кризис. Үй кургандар куруп, тиричилик өз жайына түшүп баштайт. Жубайлар бири-биринен тажап, жаңыланууну самап калышат. Көп учурда күйөө жаңы эмоцияларды издейт. Бул нерсе аялы үй кызматкеринин ролун аткарып калгандан келип чыгат. Күйөөсүнө аялы кызыксыз туюлуп, ортодо үчүнчү адам пайда болуп, сүйүү үч бурчтугу курулушу мүмкүн.
КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Бул кризистен үй-бүлөнү мамилени жаңыртуу менен сактап кала аласыздар. Бирин-бири күнөөлөөдөн, жазалоодон эч нерсе чыкпайт. Андан көрө жасанып, өзгөрүү керек болсо өзгөрүү керек. Психологдорго кайрылып же болбосо түгөйүңүз менен ачык сүйлөшүү зарыл.
16-20 жыл
КИМГЕ КЕРЕКМИН?
Карасаң баары жайында, бирок ушунча жыл ысыгына күйгөн, суугуна тоңгон жубайлар ажырашып кеткен учурлар болот. Муну психологдор балдарынын чоңоюп кетип, жубайлардын ортосун байланыштырган нерсе жок болуп калганы менен түшүндүрүшөт. Демек, алардын никеси балдары үчүн сакталып келген. Түгөйлөрдө "мен эми кимге керекмин?" деген суроо чыгып, депрессияга түшүшөт.
КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Артыңызга кылчайып, түгөйүңүз менен кандай татаал жолдорду басып өткөнүңүздөрдү эстеңиз. Ошондо бири-бириңиздерге болгон сый-урмат, түшүнүү, барктоо сезими пайда болот. Кайрадан баарын баштоого кеч эмес. Мындай учурда жубайларга неберелүү болуу да жардам берет.
SOS! НИКЕДЕГИ 7 КООПТУУ БЕЛГИ!
БЕКЕМ ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Жылдыз Сарымсакова, 28 жашта, мугалим:
– Аялдар баарына чыдоого аракет кылганы менен, башынан төрөт өткөрөт дегендей. Кош бойлуу кезинде жөнөкөй нерсе кыжырга тийип, кыртышы сүйбөй, натыйжада уруш-талаш чыгат. Аялдардын "каприздерин" жолдошу түшүнүү менен кабыл алса, анан да аял киши кечиримдүү, акылман болсо кандай кризис болбосун жеңип чыгышат.
Очор Токтоналиев, 42 жашта, фермер:
– Мындан 12 жыл мурун 1 балалуу болгондон кийин ажырашкам. Андан соң кайра нике жаңырттым. Азыр 2 кызыбыз бар. Жубайлар бири-бирин алдабай, "сенин төркүнүң, менин төркүнүм" дебей, бирин-бири көтөрмөлөсө гана жашап кете аларына көзүм жетти. Убактылуу кыйынчылыктарга «бул күндөр да өтөр» деп чыдаш керек экен.
Нурзат Кулчунова, 27 жашта, үй кожойкеси:
– Баш кошконубузга 5 жыл болду. Азыр жолдошум экөөбүз балдарыбыз үчүн күнүгө урушабыз. Мисалы, «баланы сен ооруттуң, жылуу кийинтпей койдуң» деген сыяктуу. Ортодогу мамилени суутпаш үчүн кечиримдүүлүк сапат экөөнө тең керек. Кээде кайым айтышып жатканыбызды көргөн улуулар акыл-насаат айтып токтотуп турушат.
Кубаныч Бектурдиев, 51 жашта, врач:
– Үйлөнгөн соң Орусияда 4 жыл иштөөгө туура келди. Келинчегим экөөбүздүн ортобуздагы түшүнбөстүк акыры бизди ажырашууга алып барды. Кийин кайра үйлөндүм. Жашоо идеалдуу адам жок экенин, аны кандай болсо ошондой кабыл алып, ортодо түшүнүшүү, ачык-айрымдык керек экендигин үйрөттү.
Айнагүл Сабатбекова, 24 жашта, ординатор:
– Алгачкы 3 жылдыктагы кризис аялдын чоочун үй-бүлөгө, жаңы адамдарга көнө албаганынан же төрөттөн кийинки стресстен келип чыгат. Бул учурда аялды колдоп-коштоп, үй-бүлөгө камыр-жумур кылып аралаштыруучу адам жолдошу болуп саналат. Мындан сырткары экөө тең кечиримдүү болгону дурус.
Болот Кыдыкбаев, 27 жашта, жеке ишкер:
– Үй-бүлөлүү болгонума 3 жыл болду. Чырдын келип чыгышына эркек көбүрөөк себепкер болорун моюнга алыш керек. Анткени каражат таап келе турган, үй-бүлөнү бага турган бул – эркек, ал эми аял баш ийүүчү жан. Чатакты жөнгө салып коюш да эркектин колунда.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg