ЖОЛДОШУҢУЗ ГАСТРОЛДО ЖҮРГӨНДӨ АЛА ЖИПТИ АТТАБАЙТ ДЕП ИШЕНЕСИЗБИ?

Кубик Калыковдун жубайы ДИНАРА:
– Чынын айтсам, жаш кезде менде ушундай күмөн саноолор болчу эле. Жада калса кээде дал ушул нерсенин айынан чырдаша кетчүбүз. Эми Кубиктин андай шоктук кылганга өзүнүн деле уяты жол бербейт болуш керек. Жашы кырктын кырына келип, балдарынын алды бойго жетип калбадыбы. Ушундан улам Кубиктин гастролдо болобу, башка жакта жүрөбү, азыр ала жипти аттабашына толук ишенем.

Рахман Разыковдун жубайы ДИЛЯ:
– Балким, менин көзүмдү жазгырып коюп, ала жипти аттаса аттап жаткандыр. «Көр­бөгөндү ууру тутпа» демекчи, өз көзүм менен көрүп, кармап албагандан соң, жолдошумду күнөөлөй албайм. Мен баарын Рахмандын өз абийирине коём.

Сыймык Бейшекеевдин жубайы НУРЗАДА:
– Эмнегедир менин көкүрөгүмдө Сыймыкка болгон өтө чоң ишенич жашайт. Гастролдо жүргөндө Сыймыктын ала жипти атташын ойломок түгүл элестете албайм. Эгер мен жолдошумдан күмөн санап, аны ашкере кызгана берсем, балким, Сыймыктын чыгармачылык иштерине тоскоолдук кылган болоор элем. Андыктан, Сыймыктын андай «кылмышка» барышына ишене албайм. Кудай сактасын, ушул күнгө чейин үйүбүздө бул маселе тууралуу чыр-чатак чыга элек.

Байыш Момуновдун жубайы ДИНАРА:
– Ким билет, балким, мага байкатпай кээде эркекчилик кылып коёр. Ала жипти такыр аттабайт деп жүз пайыз кепилдик бере албайм. Эркекке баары жараша берет, негизгиси, үйбүлөсүнүн бар экенин унутпай, чектен чыгып кетпесе эле болду. Ошентсе да Байыш гастролго чыкканда мен ар дайым жанында чогуу жүрөм. Азырынча көзүмө чөп салганын байкай элекмин.

Расул Маматкуловдун жубайы КАТЯ:
– Биз Расул экөөбүз үйлөн­гөнүбүзгө канча жыл болсо ошончо убакыттан бери гастролдо болобу, башка жерде болобу, такай жанында жүрөм. Бул жолдошума ишенбегенден эмес, негедир чогуу жүргөнгө көнүп калганбыз. Ушунча чогуу жүрүп бир да жолу Расулдун кыздарга көз артып же бирөөгө тийишкенин байкаган эмесмин. Анын үстүнө мен анын мүнөзүн жакшы билем. Ошондуктан, Расулдун ала жипти аттабашына толук ишенем.

Санжар Бердибековдун жубайы РАХАТ:
– Үйбүлө болгон соң ишенбеске арга жок. Ырчы менен турмуш куруунун өзү татаал экенин сезип туруп Санжарга башымды байлагам. Негизи, эркектин ала жипти аттабашына аял өзү себепкер болот. Санжардын андай жолго барышына жол бере турган менде терс сапаттар деле жок. Ошондуктан, жолдошумдун ала жипти аттабашына ишенип жашайм.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан