Нурлан Насип бул тапта Кыргызстандын түштүгүн түрө кыдырып, концерт берип жүргөн убагы. Ырчы зал толо элдин кол чабуусун видеого тартып, интернеттеги жеке баракчасына улам-улам жүктөп убара. Бул ырчынын «менин эле ушундай күйөрмандарым бар» деп мактанганыбы, же сахналаштарынын көздөрүн күйдүргүсү келип популярдуулугун баса белгилегиси келдиби, айтор, жигиттин бардык шаардагы концерттери жогорку деңгээлде өтүп жатканын билдик. Баракелде, жигит жакшы эле капчыгын кампайтып жатыптыр.
«Супер ырчы мырза» өз сөзүндө: "Түштүктүн 20 чакты шаарына концерт койдум. Эл мени аябай сагынып калыптыр. Концерттен кийин кыздар кетирбей, оригиналдуу белектери менен мени бир чети таң калтырып, бир чети сүйүнтүп да жатышат",- дейт. Анда Нурландын кезектеги стадион толо элдин кол чабуусу менен коштолгон видеосун жеке баракчасынан күтөлү.