«Жебе» тобунун келишкен ырчысы Кумар жөнүндө «Миллиондук мелдеш-2» тасмасына тартылган актриса Эркайым Абдуллаева менен кыз-жигит» деп уккан жайыбыз бар эле. Бул күмөн ойлорду тастыктап, ырчы жигит социалдык тармактагы жеке баракчасына Эркайым менен кучакташып түшкөн сүрөтүн жүктөп, «менин эң жакыным» деп жазып илип койгон. Сүйкүмдүүлүгү жагынан бири-биринен кем калышпаган Эркайым менен Кумар келечекте кыргыз шоу-бизнесинин эң жарашыктуу түгөйлөрүнөн болчудай.