БИР-БҮРКҮМ

  • Куудул Назира Жетигенова «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды.
  • Эрнест Абдыжапаров «Шабдан баатыр» аттуу тарыхый тасмасын тартуу иштерин баштады.
  • Аваз Акимов «Аппагым» деген ырды карындашы менен ырдап чыкты.
  • Санжар Мыкыев эми Казакстанда да тамадалык кыларын кабарлады.
  • Алып баруучу Максат Довранов журналисттер мектебин ачат.
  • Минюра Рахимжанова ырлар жыйнагын чыгарат.
  • Ырчы Алихан кызы Ханзаадага тушоо той берди.
  • Мирбек Иманбеков Ишен Назаров менен аткарган «Гүлүм, ай» аттуу дуэтине клип тартат.
  • Кыргызстандын "Аку" аттуу анимациялык фильми Эстонияда өтчү япон анимациялык фильмдеринин JAFF деген фестивалына катышат.
  • Бишкекте опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 75 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси болот.
  • «Ак-Өргө city» командасы жаңы тасма тартууга киришти.
  • Гүлбү Орозкул кызы май айында өтө турган концертине кызуу даярданууда.
  • Америкалык «Номер 44» тасмасы тарыхый фактыларды жана совет кишисинин образын бурмалаганы үчүн Кыргызстандын прокатынан алынып салынды.
  • Автандил «Жагамбы?", «Кара кашым" деген ырларына клип тартууда.
  • Адилет Акматов учурда Крымда «Викинги" тасмасына тартылып жүрөт.
  • Өктөм Сапар уулу «Ыйлабачы", «Үлпөт той", «А мен пенде" деген жаңы ырларды жаздырды.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Kalin466
2015-04-20 14:03:27
Ыплас юмор менен сахнага чыгат Назира,анан ошол учун деле тош белги бере берет экен да министирлик. Алихан кызына Ханзаада деп эркектин атын коюп коюптур да.
+1
ota.88
2015-04-21 00:09:12
Kalin466, Ханзаада кандайча эркектин аты? Ханзаада деген баланы уга элекмин бир аз ойлонуп анан жазсан
+1
Kalin466
2015-04-21 19:11:22
ota.88, акыл уйротбочу . Угалек болсон эмне экен. Хан3аада эркек адамга тиешелуу соз. Кыргызча билип анан бироонун ойлонуп же ойлонбой жазганын текшер.
+1
daniel87
2015-04-20 16:05:25
Гулнара Кахаровада,Жамила Муратова Жана башка коп жылдык эмгеги бар чыныгы талант ээлерине эмнеге сыйлыктар берилбейт?
+1
Aruukeramazan
2015-04-21 05:23:21
Ханзаада бул принцтин котормосу. Нурзада гулзада дегенге окшотуп коюп койду да маанисин билбей.
0
elya.choi93
2015-04-21 23:59:34
Ханзада кыздын аты, эркектерге мындай ысым коюлбайт
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан