АЙТЫЛДЫ ЭЛЕ БИР ЖОЛУ...

АСЕМА КАЗАКСТАН ЖЫЛДЫЗЫНА КАЧАН АЙЛАНАТ?
Актриса, ырчы, Асема Токтобекова өткөн жылдын күз айында Казакстандын сахнасын багынтууга бел байлай турганын жар салганы бар.
«Ойлобогон жерден жакын арада Казакстанга кетүүгө даярданып жатам. Бул кимдир бирөөнүн кыялы болсо, мен үчүн оор тандоо болууда. Белгилүү ырчылар Юлдуз Усманова, Шахзода,  «Аll`Davai» тобу жана башкалар менен иштешип келген Максуда Айтикеева, шоу чөйрөдө Малика аттуу ысым менен таанылган айым мага иштешүү боюнча сунуш киргизди. Келишимдин негизинде 4-5 жыл иштешебиз го»,- деген эле. Ырчы «кеткени жатам» дегенинен бери 9 ай өттү, билишибизче, азырынча эч кайда кетпей эле. Асемага «качан кетесиз?» деп кайрылганыбызда, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, аны убакыт көрсөтөрүн билдирип, кыска жооп узатты.

 

 

 

 

 

ИСАНЫ ТАСМАДАН КАЧАН КӨРӨБҮЗ?
Ырчы Иса Өмүркулов былтыр жай айында киного тартылуу үчүн кастингге катышып, башкы ролго тандалганы тууралуу маалымдаган эле. Андан бери бир жылга чукул убакыт өтсө да, тасмадан дайын жок. 2-3 айда эле бир фильм жарыкка чыгып жаткан азыркы учурда бул узак убакыт эмеспи? Суроого жооп алуу үчүн Исанын продюсери Канат Култаевге байланышканыбызда: «Тасма тартылып бүтүп, монтаждалып жатат. Азырынча бет ачары боло элек», - деген жообун узатты.

 

 

 

 

 

САЙРА МОМУНБАЕВА "ТҮРКТӨР МЕНЕН ИШТЕШЕМ" ДЕДИ БЕЛЕ?
Былтыр «фильмге тартылам» деп айткандардын катарында ырчы Сайра Момунбаева да бар. Ал Экрем Алташ аттуу түрк боордошубуз жазган сценарийдин негизинде тартылчу фильмде роль ойномок. Ал фильмден дагы азырынча кабар жок.
Ырчыга кайрылганыбызда, азыр каражат маселеси чечилбей жатканын, чечилсе эле фильм тартылып башталарын айтты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Munarka
2015-04-20 14:32:28
сайра эжени сыйлайм талантына таазим кылам.
+1
oscar
2015-04-20 16:39:49
Асема ырдабай эле койсо болмок уну жок бир передачадан живой ун менен ырдаган суйлоп эле жаткандай болду андан коро киного тартылып эле журо бербейби. Озун аябай кыйын сезген го. Ыр жагынан аларга жетпейт
+1
Pantherka
2015-04-20 17:06:52
Эми болгон ишти болду деп айтпаса, боло элек ишке ким гарантия берет точно болот деп. Чынында Иса менен Асема аман эле болушсун.
+1
Mipabella
2015-04-20 19:18:08
Кара жерге кирсин,эрте мактангандар.
0
strangergirl
2015-04-20 20:55:47
Асема ырдап, бийлеп бирдеме эле боло берет, бироо мактап койгон го кыйынсын деп, кимге жагат болду экен?
+1
chynara-84
2015-04-21 00:14:02
Бир кубандырып алышыптыр да оздорун....
0
Aidar.001
2015-04-21 00:18:10
чукуламайы бар калкпыз го атангору, иши бар киши менен иши жок кишинин иши эмне экен кишинин, деген соз пайда болду негедир
+1
aiperishka87
2015-04-21 09:22:57
Ушул Асема мактанып адамдын алергиясин чыгара беретда.озун озу мактаганда олло кач Асемага тийиштуу
+1
Begim8678
2015-04-21 11:16:31
Асема-таланттуу айым.
-2
AFRODITA-89
2015-04-21 13:34:05
Асеманы актриса катары тааныйм ырчы катары тааныгым да келбейт так что элдин оюна да конул болгончо иш кылса болор экен эл жактырбай аткан жок актрисалыкка мыкты жарайт деп атабыз ырчылык анча эмес
+1
Sadyrov_n93
2015-04-22 01:08:51
Охоо, озу биздин жылдыздардын берген интервьюларын карасан Мадонна,Шакира,Энрике биякта эле калат.Мен эл аралык аренага аттанып атам деп.
+3
suiuktuujar
2015-04-22 11:22:51
Эми куто туралычы дагы иштешип тартылып калышаар.
0
Alfiya
2015-04-22 11:37:54
Ушул Асема менен Иса ырчылыкты жыйнаштырып эле коюшса оздорун шылдын кылбай сыйлашмак. Уну жок эле сахнада тайрандагандын эмне кереги бар...
+3
Meka77
2015-04-26 21:36:05
Озунун колунан келбейт,колунан келгендерди тынч кою да колдон келбеген калкпыз да.
0
oscar
2015-04-27 12:34:43
Эл оозунда жургондорду ким деле болсо сын айтат ар ким оюн айтат сындайт
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан