ЕВРОПАДАН ЭСКИ ТОН

Мезгил үнү

Учурда Европадан келген эски кийимдерди саткан Сэконд- хенд деген аталыштагы дүкөндөрдүн саны көбөйүүдө. Баарынан да “келиңиздер, арзан жана сапаттуу кийинип кетиңиздер” же “Жаңы жылга карата жаңы арзандатуулар” деген көрнөктөр көпчүлүктү кызыктырса керек.

СЭКОНД-ХЕНДДИН ПАЙДА БОЛУШУ
«Сэконд-хенд» деген сөздү уксак эле оюбузга эски кийим-кечек деген тү­шү­­­нүк келет. Ал эми Европада бир гана кийим-кечек эмес, колдон-колго өткөн буюмдардын баары эле сэконд-хенд деп аталат. Мисалы, Кыргызстандын көчөлөрүнө батпай бара жаткан машиналардын да көбү сэконд-хенд. Сэконд-хенддин бизнеске айланып кетишине Европа өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүп-өсүшү түрткү болгон. Адамдар байыган сайын гардеробдорун алмаштыруу үчүн эски кийимдерди таштандыларга ыргыта башташкан. Мындай кырдаалдан пайдаланып, элдин арасынан ташталган кийимдерге экинчи жашоо тартуулоочу адамдар чыга башташкан. Алгач мындай кийим-кечектер оор кырдаалды кечирип жатышкан Африканын Ангола, Зимбабве, Замбия, Мозамбик, Уганда, Конго, Кения, Танзания, Нигерия жана башка өлкөлөрүнө кайрымдуулук иретинде таратылган. Бара-бара мындай кайрымдуулук иштер бизнеске айланып, атайын уюмдар уюшулган. Бул уюмдар эски буюмдарды анча-мынча акчага сата башташкан. Мындай дүкөндөргө мамлекет тарабынан эч кандай салык салынган эмес.

БААРЫ ЧОГУЛТУУДАН БАШТАЛАТ
Сэхонд-хенд үч жол менен чогултулат. Биринчи түрү үй-бүлөлүк деп аталат. Атайын уюмдардын кызматкерлери үймө-үй кыдырып чогултушса, кээ бир адамдар уюмга кийимдерди почта аркылуу бандероль менен жөнөтүшөт.
Ал эми кийинкиси – контейнерлик жол. Мында ар бир шаарга чоң контейнерлер орнотулат да, ага эл эски буюмдарын ташташат.
Үчүнчүсү – мектеп окуучу­лары тарабынан чогултуу болуп саналат.
Мындан сырткары сэконд-хенддин товарлары машина ташып бизнес кылгандар аркылуу да келет экен. Алар машиналардын кузовдоруна кийим-кечектерди толтуруп ала келишет. Мындай жол кыргызстандык ишкерлердин брендине айланган.

СЭКОНД-ХЕНДДИН КИЙИМДЕРИНЕН ТЕРИ ООРУЛАРЫ ЖУГУШУ МҮМКҮНБҮ?
Бул суроого жооп табуу үчүн Бишкектин так борборунда жайгашкан дүкөндөрдүн бирине баш бактык. Баш бакканыбызда эле кандайдыр бир жыт бар экени байкалды. “Кандай жардам көрсөтө алам? Бүгүн бизде 50 пайыз арзандатуу болуп жатат” деп кайрылган кызды маекке тарттык.
«Негизинен, биз Даниядан мүшөк­төлүп келинген кийимдерди сатабыз. Мүшөктөр ачылгандан кийин кийимдерди үтүктөп, бөлүштүрүп илүү – биздин милдетибиз. Анан ар бирине сапатына карап бааларын коёбуз.
Бул кийимдерден оору жугат деп кооптонуунун кереги жок. Себеби эски буюмдар бизге жөнөтөрдөн мурун сөзсүз санитардык тазалоолордон өткөрүлүп, дезинфекцияланат. Башкача айтканда, ар кандай курт-кумурскалардан (кене, бит), жагымсыз жыттардан арылтуу максатында атайын кошулмалар кошулуп кайнатылат».

БААЛАР КАНДАЙ КОЮЛАТ?
Алынып келинген кийимдер 3кө бөлүнөт. STOCK – булар жапжаңы, кийилбеген кийимдер. Булардын баасы 300 сомдон жогору турат.
Экинчи топ LUX, EXTRA – башкача айтканда, бир эки жолу кийилген кийимдер. Булардын баасы 100-200 сомдун тегерегинде болот.
Ал эми үчүнчү топ – чою­луп, жыртылып, күйүп калган кийимдер. Булар таразалап тартылгандыктан, “Үчүнчү сорт” деп аталат. Мындай кийимдердин килограммы 20 сомдон жогору. Ал эми сырткы кийимдер кымбатыраак келип, баасы 500-5000 сомдун тегерегинде. Бирок мындай кийимдер кампага келип түшөрү менен таланып кетет. Керек болсо чоң-чоң дүкөндөрдө илине турганын да сатуучу кошумчалай кетти. Болгону, этикетка тагып, баасын асманды чапчытып коюшат экен. Ошондой эле сатуучулар жаңы товар келери менен такай кардарларына чалышат. Алар келип тандап алышкандан кийин гана калгандары сатыкка чыгарылат.
Баа коюуда кийимдердин кайсы өлкөдөн алынып келингенине жана чыгарган фирмасына да карашат. Мисалы, Англиядан алынып келингендер көбүнчө табигый материалдардан тигилгендиктен, бир кыйла сапаттуу. Ошондуктан баасы кымбат болот экен. Ал гана эмес, байпактардын, ички кийимдердин өз кардарлары бар.
Мындан сырткары бут кийимдерге да суроо-талап көп. Бут өлчөмү чоңдор өзүнө жарашыктуу кылып таап алса болот. Негедир европалыктардын буттары 39 өлчөмдөн чоң болот экен.

“НАМЫСТАНУУНУН КЕРЕГИ ЖОК”
Сэконд-хенд тармагындагы дү­көн­­дөрдү кыдырып жүрүп, бал­дарына кийим алып жаткан Нурила эжени кепке тартканыбызда буларды айтып берди:
– Балдарымдын бешөө тең мектеп окуучулары. Жолдошум экөөбүздүн тапканыбыз кийим-кечек эмес, тамак-ашка араң жетет. Бул жерден арзан, анан сапаттуу киймдерди таба аласың. Үйгө барарым менен кайнатып, жууп тазалайм. Андан кийин кыскартчусун кыскартып, балдарыма чактап тигип кийгизип коём. Бир жолу улуу кызым үйгө ыйлап келди. Көрсө, курбулары “сэконд-хендден кийинесиң” деп ызалантып коюшуптур. Ошондо аябай жүрөгүм ооруган болчу. Кийин кычырап кийинген айымдардын, белгилүү ырчылардын ушул жерден соода кылганын көрүп, балдарыма намыстануунун кереги жок деп айтып келем. Анын үстүнө, Кытайдын бир кийгенден чыкпаган кийимдерине караганда бир кыйла сапаттуу.
Ал эми дагы бир сатып алуучу күр­мө сатып алып, жыртык чөнтөктүн ичи­не кирип кеткен алтын шакек таап алганын айта кетти.

Учурда сэконд-хенд товарлары базардагы товарлардан кем калышпай өтөрүнө ынандык. Муну кирип-чыккан кардарлардын куру чыкпаганынан эле байкай алдык.

КЫЗЫКТУУ

  • “Эски кийимдер аркылуу инфекция­лык оорулар жугуп жатат” деген маалыматтан улам Молдовия өкмөт башчылары өлкөгө эски кийимдерди киргизүүгө тыюу салышкан. Бирок бир айдан соң массалык каршылык көрсөтүүлөрдүн натыйжасында кайрадан уруксат берилген.
  • Сэконд-хенд чогултуу боюнча Финляндия биринчи орунда турат. Өлкөнүн ар бир шаарында 900дөн кем эмес контейнерлер орнотулган. Жылына баш-аягы 6 миллион килограмм кийим-кечек чогултулат.
  • Европада сэконд-хенд менен алек болгон уюмдар жынсы кийимдеринин 1 килограммынан 2 доллар пайда табышат.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Robingud
2009-12-22 18:39:25
ansyz dele azyr baardyk nerse evropanyn tawtandylaryna tolup ketpedibi?emnesi bolso da arty kayirduu bolsun
0
LIFE
2009-12-23 19:09:56
Экинчи кол буюмдардын канчалык деңгээлде сапаттуу экендигин бир Кудай эле билбесе, анын сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. Ден соолукка кандай таасир этерин анча деле биле бербейбиз. Мисалы, Данияда алар дезинфекцияланат экен. Андан бери ар түрдүү жолдорду басып өтөрү айкын болду. Бизде, жада калса, ошол товарлардын сапатын кайрадан карап, дезинфекциялаганга күчүбүз жетпейт сыңары.
0
LIFE
2009-12-23 19:10:18
Анан да мамлекет тарабынан экинчи кол буюм товарлар көзөмөлдөнүшү керек. Эгер чындап эле жакыр элге кам көрүлүшү керек болсо, анда эмне үчүн Европанын колдонулган буюмдарын муктаж болгондорго бекер таратууга болбосун?! Ошондой муктаж болгон адамдардын категорияларын аныктоого мамлекеттин күчү жетет. Менимче, Европанын жаңы, сапаттуу деген экинчи тонун кайра эле айрым акчасы барлар кийип жатышат.
0
LIFE
2009-12-23 19:10:29
Эвропанын экинчи тонун кийүү, менимче, мамлекеттин беделин түшүрөт. Бирок жарандардын жашоо-турмушу оңолмоюнча, жаңы тон кийүүгө кыргыздын кудурети жетпей жүрө берет көрүнөт. Жакшы нерсеге үмүт кылалы.
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан