Кыргыз бийлигинин жогорку эшелонунда «отставкалар» түрмөгү уланууда. Дегенибиз, 10-апрель күнү "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бул кадамга баруусуна "Кумтөр" долбоору боюнча премьер-министр менен бир пикирге келе албаганы себеп болгонун айтты. "Жоомарт Оторбаев "Центерранын" Директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан чет өлкөнүн жарандарын сунуш кылып жатат. Буга мен каршы болдум",- деди Мамытов.
Эртеси эле, 11-апрелде 2012-жылдан тарта өлкөнүн Каржы министрлигин жетектеп келген Ольга Лаврова кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Лаврова: «Отставкага кетүүмдүн артында эч нерсе жок. Мамлекет жетекчилиги менен кеңешилип, анан бул маселе чечилди. Менин ордума келе турган татыктуу адамдар бар деп ойлойм»,- деп билдирди. Коомчулукта бул отставкалар кадыресе көрүнүш катары кабыл алынды. Башкача айтканда, бул эки чиновник тең «байкалбай келип, байкалбай кеткендердин» катарын толуктагандай.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg