«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук бирикмеси Жогорку Кеңештин V чакырылышынын 2011-2014-жылдардагы ишмердиги тууралуу мониторингдин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул чакырылыштагы депутаттардын арасындагы эң жемиштүү иштеген эл өкүлү аталды. Маалыматтарга караганда, «ата мекенчилер» жалпысынан 314 мыйзам долбоорун демилгелешкен. Ал мыйзам долбоорлорунун 78инин автору фракция лидери Текебаев экени белгилүү болду. Башкача айтканда, ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышындагы эл өкүлдөрүнүн арасында эң жемиштүү изденген, эмгектенген депутат экени аныкталды.
Андан кийинки орунду «ар-намысчы» Дастан Бекешев ээледи.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg