9-апрелде Бишкекте төрөлгөн 4 эмге Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек деген ысымдар ыйгарылды. Ал ысымдар президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун, балдар жарыкка келген Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин урматына арналып ыйгарылган. Төрөттү кабыл алган 17 медициналык кызматкерден куралган бригаданын башчысы Камчыбек Узакбаев: «Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө 1 урук клеткасынан жаралган бирдей жыныстагы, табигый жол менен 4 эмдин төрөлүшү чанда кезигет. Мындай жакшылыктын бизде катталышы кубантты»,- дейт.
Президент Алмазбек Атамбаев жаңы төрөлгөн 4 эмдин ата-энесине үй салып алуу үчүн
2 миллион сом бөлүп берди. Бул үй-бүлө учурда батирде турат. Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин айтымында, каражат үй салууга жетпей калса, өлкө башчы кошумча каражат бөлүп берет. "4 эмдүү болгон ата-энелердин башка дагы 3 баласы болгондуктан өлкө башчы 2 бөлмөлүү үй берсе алар үчүн тар болмок. Ошондуктан жер үй салып алууга жардам берди",- деди Акаев. Буга катар эле бул үй-бүлөгө Бишкек мэриясы 100 миң сом, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 300 миң сом бөлүп берди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg