24-апрелде Улуттук филармонияда Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү болгон «Руханият» эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болот. Аталган абройлуу сыйлык буга чейин казак президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин өңдүү саясий, коомдук ишмерлерге, Чыңгыз Айтматов сыяктуу жазуучуларга, өнөр адамдарына берилип келген. Жалпысынан «Руханияттын» сыйлыгы жыйырмага жакын өлкө башчыларына, премьер-министрлерге, эл аралык уюм жетекчилерине, элүүдөн ашык чыгармачыл инсандарга ыйгарылган.
Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш эл аралык «Руханият» ассоциациясын мамлекеттик жана коомдук ишмер Акун Токтосартов уюштуруп, жетектеген. Ал маданият министрлигин жетектеп турган чакта Ош облустук филармониясы, Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов өңдүү залкарлардын мемориалдык музейлери, "Камбаркан" фольклордук ансамбли, буга катар райондук бир катар маданият үйлөрү ачылган.
Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын учурдагы президенти Камалдин Токтосартов: «Кыргыз мамлекетин даңазалоо, адамзаттын өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошкон инсандардын эмгегин баалоо, аларды колдоого алуу боюнча иш-аракеттер жаңы күч, жаңы дем менен жүзөгө ашырылмакчы»,- дейт. Эми мына ушул абройлуу сыйлыкка ким татый турганы бүйүр кызытып турат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg