Интернет айдыңында Орусияга расмий иш сапары менен келген Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын кыргызстандык студентке Грециянын Кыргызстандагы консулу болууну сунуштаганы өзгөчө талкуу жаратты.
Греция өкмөт башчысы 9-апрелде Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (МГИМО) студенттери менен жолугушкан. Аталган окуу жайдын студенти кыргызстандык Медет Уланбек Ципраска грек тилинде «эмне үчүн Кыргызстан менен Грециянын ортосунда дипломатиялык мамилелер жөнгө салына элек?» деп суроо узаткан. Грек өкмөт башчысы Медет Уланбектин грек тилинде абдан таза сүйлөп жатканына баа берип, «эгер дипломатиялык өкүлчүлүк ачсак, сен Грециянын Кыргызстандагы биринчи консулу болосуң» деп убада кылды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg