Кол салуудан өлбөй аман калган англиялык ишкер Шон Дэйли Максим Бакиевди сотко берди. Ал экс-президенттин уулу ден соолугуна оор залал келтиргени үчүн Англиянын Жогорку Сотуна арыз менен кайрылды. Соттук уктуруулар июнда башталат. Мунун баары жөн жерден эмес.
2006-жылы Кыргызстанда "Жер-Үй" кенин иштетүүгө лицензия алган «Оксус» компаниясынын өкүлү, ишкер Шон Дэйлиге Бишкектен белгисиз адам бир нече ирет ок чыгарган. 2014-жылы аталган окуя боюнча сот иши жүрүп, Максим Бакиев Улуу Британиянын жараны Шон Дэйлини өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ошондой эле жакында Лондон шаарында басылып чыкчу «Evening standard» гезити Максим Бакиев Англияда 5 миллион доллардан ашык суммага бааланган үйдө жашап жаткандыгын маалымдаган. Ага улай эле басылма Шон Дэйли өмүрүнө кол салган жаран кенен-кесири, анан калса анын үйүнөн 60 чакырым аралыкта күн өткөрүп жаткандыгына ачууланганын жазып чыккан.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg