Чүй ОИИБи 2014-жылдын 14-апрелинде киши колдуу болуп каза тапкан 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши шектүү адам табылбагандыгынан токтотулганын кабарлаган. Бул кабар ансыз да бир жылдан ашуун убакыттан бери аталган кылмыш ишинде бир илинчек таба албай жаткан укук коргоо органдарына болгон ишенимге суу септи. Талкуу күчөй баштаганда Ички иштер министрлиги бул маалымат туура эмес чыгып кеткендигин билдирди. 2015-жылдын 11-мартында ИИМ башчысы Мелис Турганбаев: «Бул факт боюнча жаңы версия бар. Жакын арада жыйынтыгын көрөбүз» деген эле. Тилекке каршы, сөз айтылганы менен, иштин жыйынтыгы көрүнбөйт.