2015-жылдын 1-кварталында өлкө аймагында 1284 жол кырсыгы катталып, 194 адам каза тапкан. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Канжар Кадыралиев 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечиминин негизинде үй камагына чыгарылганын Башкы прокуратура ырастады. Ошол эле күнү мамлекеттик айыптоочу шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко сунуш киргизген.
2014-2015-жылдары 14 651 кыргыз студенти чет жакка окууга кеткен. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов маалымдады. «Эми алардын мекенине келип иштеши күмөн. Буга эң башкы себеп – өлкөдөгү айлык акынын аздыгы» дейт ал.
Жыл башынан бери өлкө боюнча 57 өзгөчө кырдаал катталып, 9 адам каза болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимованын айтымында, аудит иштеринин жыйынтыгына ылайык, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияда 2 миллион 84 миң сомдук каражатты уурдоо аныкталды.
1, 5, 9-май күндөрү кыргызстандыктар эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги маалымдады. Бул жылы 9-май дем алыш күнүнө туура келип калгандыктан, 11-май да эс алуу күнү болот.
2015-жылдын 1-январына карата Кыргызстан калкынын 72 пайызы интернет менен камтылган, ал эми интернет колдонуучулардын саны 4 миллион 87 миң абоненттен ашкан. Бул тууралуу Байланыш агенттиги маалым кылды.
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын төрагасынын орун басары Зина Исабаеванын айтымында, өлкөдөгү оюнчуктардын 90 пайызы жаш балдардын ден соолугуна коркунуч жаратат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.