Бактияр Токторов, "Биз" тобунун жетекчиси: «ОЮНДУ БУЗУП КЕТИП КАЛГАНЫМ ҮЧҮН БАЙКЕМДЕН КӨП ТАЯК ЖЕДИМ»

Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 25-март
Туулган жери – Лейлек району, Коммунизм айылы
Үй-бүлөлүү – 4 кыз, 1 уулдун атасы
Балалык кез ар кандай көз ирмемдер менен эсте калат эмеспи. Агасынан таяк жеп, чаң ызгыта чуркап, анча-мынча колу туткак болуп чоңойгон ырчы Бактияр Токторов балалыктагы сүртүмдөрүн эске салып маек курду.

«МЕКТЕПТЕ БЕШИНЧИ АТАМАН БОЛЧУМУН»
– Балалыгым Лейлек районунун Коммунизм айылында өттү. Студент кезде балдар «биз коммунизмди куралы десек, силер ошол жерде жашайт турбайсыңарбы» деп күлүп калышчу. Бактияр Ыктыяров деген ырчы болгон экен. Ата-энем "ырчы болсо ажеп эмес" деп мага Бактияр деген ысым ыйгарышыптыр. «Жакшы тилек – жарым ырыс» демекчи, Жараткан эмнени кааласаң, ошону берет тура. Көрүп турганыңардай, эл оозуна алынган ырчы болдум.
Балалык кезге көз чаптырсам, жарымы кызыл, жарымы көк, ортосунда сары чийиги бар кичинекей топ менен керебеттин астына кирип алып ойногонум көз алдыма тартылат. Таежелерим аябай жалкоо экенимди айта беришет, «көтөр эле көтөр» деп ыйлай берчү экенмин. Ал жалкоолугум кийин деле калган жок. Бүгүн интервьюга кечигип келдим го, мектепте да ошондой болчумун. «Аары» деген дубал гезитке кечиккендерди шалпайган сүрөттөрү менен илип койчу. Жыл сайын кечиккендердин арасында «Б.Токторов, 5-»б» класс», бир жылдан кийин 6-»б» класс деп ал тактаны менчиктеп алгам. Апам назик үнү менен «Бактияр, тур» десе да жактырчу эмесмин, «турдум» деп коюп жата берер элем.
Жакшы окуганым менен тартибим начар болчу, сабак убагында жанымда отурган классташым экөөбүз ыкшып эле күлө берчүбүз. Андайда мугалим китеп-дептерибизди сумкага салып, эшикке чыгарып салар эле. Индия тасмаларындагы мушташтардан таасир алып, күндө кечинде балдарды чогултуп мектептин спорт аянтчасына барып согушуп ойночубуз. Андан кийин ага да ыраазы болбой, бирөөнүн үйүнүн чатырына таш ыргытып, чаң ызгыта качабыз. Мектепте бешинчи атаман болчумун. Балдардан жакшы эле токмок жедим, анан башкаларды да көп токмоктодум. Бир жолу кошуна бала менен уруша кетип, ал таш менен тишимди сындыра койгон. Анан экөөбүз мушташып эле жатып калдык.
Математика сабагын жакшы көрчүмүн. Чыгарып жаткан математикалык маселенин жообу чыкпай калса, мугалимдин үйүнө чейин барып, «эмнеге жообу чыкпай калды?» деп сурай берер элем. Жообу чыкса үйгө кудуңдап келчүмүн.

«ОЮНДУ БУЗУП КЕТИП КАЛГАНЫМ ҮЧҮН БАЙКЕМДЕН КӨП ТАЯК ЖЕДИМ»
– Мага алгачкы сүйүү 6-7-класс­тарда келди окшойт. Сүйгөндө да бардык жигиттер ашык болгон Саадат деген кызды сүйдүм. Сүйүп калсаң уялып, атын айта албайсың да. Ал кыз баарыбызга сулуу көрүнчү. Балдар ага Сергей деген ат коюп алганбыз. Саадатка том-том сүйүү каттары көп жазылды.
Чоң ата, чоң энеме аябай жакын өстүм, алар мени шариятка жакын тарбиялашты. Азыр динге жакын болгонум ошондон болсо керек. Түндө корккондо келме айттырып, анан «сүф-сүф» деп кой, ошондо сени толтура аскерлер коргоп чыгышат» дешчү. Бир жолу уктай албай жатсам Алим байкем бетиме карап «сүф» деп калды, чочуп кетиптирмин. Көрсө, ал дагы уктай албай жатыптыр. Байкемдин (ред.: Алим Токторов) уюштургуч сапаты ошол кезде эле бар болчу. Айылдагы балдарды чогултуп манас айттырып, ырдатып, жарыштырып ойнотчу. Мен утулуп баратсам чырдап, таарынып ойнобой кетип калчумун. Кызып калган оюнду бузуп кетип калганым үчүн байкемден көп таяк жедим.
Бир жолу Сүлүктү шаарындагы «Белес» аттуу пионер лагерине барганыбызда Алим байкем ата-энемди сагынып кетип калды. Лагерь мага жакты, Алёша деген досум менен кирпичти өгөөлөп, жүрөк жасап ойночубуз. Күнүгө кечинде дискотека болот. Айдын жарыгы, сыдырым салкын жел, балдар черткен гитаранын үнү сонун угулуп, өзүнчө эле романтика. Тамак-ашы дагы өзгөчө. Балдар уктап жатканда буттарынын манжаларына ширеңке сайып күйгүзүп, бир тобунун жүрөк үшүн алдык.

«ЖҮЗҮМ, ШАБДАЛЫ ТЕРИП САТЧУМУН»
– Айылда таза суу көйгөйү бар эле. Кышында чана менен алыстан суу алып келчүбүз. Биздин айылда Исхак Раззаковдун демилгеси менен курулган 2 канал бар. Ага алмак-салмак түшүп, сууда мыкты сүзгөндү үйрөндүм. Ал гана эмес, мыкты хоккейчи да болдум. Ошол кезде кар калың жаачу. Хоккей оюнунда топ айдай турган учу иймек таякты дарактын бутагынан жасап алчубуз. Коньки жок болгондуктан өтүк менен эле хоккей ойноп жүрө берчүбүз. Шайбанын ордуна топту колдончубуз. Тоого барып мандалак терип жеп, козу карын, жоогазын, сыя гүлдөрүн үзүп келип сатып, акчасына консервадагы балык алып жечүбүз. Атам жүзүм, шабдалы терип берсе, кошунанын автобусуна түшүп алып Исфанага барып сатып, акчасын алып ата-энеме алып келчүмүн.

«УУРУЛУК КЫЛЫП АКЧА ТАПКАН КЕЗ...»
– Студент кезимде ачка калып кыйналган жокмун, эртең менен окуп, түнү менен Ленин заводунда иштечүмүн. Батирибиз заводдун жанында жайгашкандыктан, анча-мынча тетиктерди таң эрте заводдун короосунан көчөгө ыргытчумун. Кетип баратканда текшерүүдөн таптаза бойдон чыгып, анан ыргытканымды алып «Аламүдүн» базарына ишемби күнү сатчумун. Экзамен тапшыра албай, окууга жетишпей калганда заводдон чыгып кеттим. Ал кезде баары эле уурдачу. Политехте окуп жүргөндө ашканадан нан, дүкөндөн булочка уурдап чыгып кетчүбүз. Бир жолу гастрономдон даяр баштыктагы тамак уурдадым. Сатуучу байкап калган окшойт, «чөнтөгүңдү көрсөтчү» деди. «Силер мени ууру тутуп жатасыңарбы?» деп айтыша кетсем, ал унчукпай коё берди. Алыс барып карасам эти жок экен. «Туй ата, уурдаганга жараша эти менен уурдасам болмок экен» дегем. Бул жоруктарым кийин өзүнөн-өзү эле калды.

"Апам, Алим байкем жана мен".
 Кыстарылган видео 
Бактияр Токторов: "Бардык жигиттер ашык болгон Саадат деген кызды сүйгөм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
eliza5566
2015-04-20 09:10:58
Бактияр азыр деле уурдабайсызбы?
0
bektur12
2015-04-20 13:02:21
Baktiar aka sizdei uurular kop bolsun!!!

Yljyn myljyn jurgondor kopda
0
Kalin466
2015-04-20 13:55:35
маек ото эле кызыксыз,баягы эле *андай болчум,мындай болчум*деген рамкадан чыкбаптыр бул байкебиз.
-3
Nursultan.m.n
2015-04-20 14:58:20
Суроттто жаман жетелешиптиргоо досу менен хехе
-1
elirus
2015-04-20 16:56:26
Апасы Дархан эжекей аябай жакшы сабак берчу.
0
meili
2015-04-20 18:23:26
Сонун эле маек болуптур.
0
Aidar.001
2015-04-21 00:26:01
Буй буй буй буй буй буй буй буй буй буй буй кайра эле буйбуй буйбуй буйбуй
0
Ariet7
2015-04-21 03:32:02
аябай каты кол кармашкансынар го суротто
0
Amantur_realmadrid
2015-04-21 19:06:50
Бактияр Токторов мыкты ырчы
0
kalbek87
2015-04-21 19:44:45
жакшы ырчы маанай жокто ырларын уксан бийлете коет тимэле
0
peki
2015-04-24 18:59:07
kalbek87, Бактияр Токторовдой эч бир ырчы бийлей да аны туурап ырдай да албайт.
0
Lapushka15
2015-04-24 23:55:00
Бирине тушунсом бирине тушунбой аттым.Канчадан бери Бишкекте жашайт дагы деле тили бурула элек экен.
-1
Shako-1
2015-05-15 22:20:09
Lapushka15 сен озу Кыргызча билбейт окшойсунда биз тушундукко жакшынакай еле
+1
Orozali.Ak-Aryk
2015-11-06 08:43:57
азаматсыз кошуна, биз да ошол каналдарда жуунуп чонойгонбуз.:D
0
Orozali.Ak-Aryk
2015-11-06 08:45:32
азаматсыз кошуна ,бизда ошол каналдарда жуунуп чонойгонбуз
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан