Жоомарт Оторбаев «Кумтөр» маселесин чечүү боюнча жаӊы сунушту айтып чыкты. «Центерранын» жетекчилигин кызматтан кетирүүдөн турган сунуш эки британиялык ишкердин интернет аркылуу жөнөткөн катынан улам келип чыккан. Ал эки чет жерликтин ысымдары компаниянын Директорлор кеӊешине өкүл катары киргизилмек болгон тизмеде бар. Учурда эл аралык эксперттер да Оторбаевдин сунушун колдоп жатышат, ошол эле учурда ал өкүлдөрдүн артында «Центерранын» жетекчилери да турушу мүмкүн экендигин айтышууда. Жаӊы сунушка байланыштуу жаралган суроолорго өкмөт башчы түшүндүрмө берди.
«ЦЕНТЕРРАНЫН» ЧОӉДОРУН АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ
«Центерра» – акционерлердин чачыранды курамынан турган канадалык ачык компания. 33 пайыздык үлүшү менен Кыргызстан «Центерранын» эӊ чоӊ акционери. Акционерлер Канаданын мыйзамына ылайык, компаниянын Директорлор кеӊешине талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. Кыргызстан керек болсо, аталган компаниянын Директорлор кеӊешинин бүткүл курамына өз талапкерлерин көрсөтүүгө укугу бар. «Центерра» менен түзүлгөн макулдашуудан улам, кыргыз тарап Директорлор кеӊешине 2 гана өкүлдү көрсөтүү менен чектелип келген. Кыргызстан ал кеӊешке көп талапкер деле чыгара алмак, бирок Канаданын мыйзамдарын изилдебей, макулдашууга байланып, буга чейин өз укугун колдонбой келген. Мындай укук бар экендигин, аны Кыргызстан пайдаланбай жаткандыгын таап чыккан, ал укукту колдонмокчу болгон алгачкы премьер Жоомарт Оторбаев болуп отурат.
Кыргызстанда «Центерранын» жетекчилигине карата нааразычылык көптөн бери келе жатса да, ал жетекчиликти алмаштырууга эч качан батынган эмес. Кыргызстандын колу-бутун макулдашуу менен байлап, «Центерранын» менеджменти 2003-жылы эле компаниянын башкаруу бийлигин тартып алып, Кыргызстан «Центерра» жүргүзгөн саясатка кынтыксыз баш ийип келе берген.
Акционерлерге келсек, алардын акцияга жумшаган инвестициясынын башкы максаты – киреше табуу. Акциялардын үчтөн бирине ээ Кыргызстандын «Кумтөр» долбооруна карата кызыкчылыгы да бардык акционерлерден жогору турушу керек жана кыргыз мамлекети компаниянын башкаруусуна активдүү катышышы абзел. Жоомарт Оторбаев сунуш кылган вариант боюнча Кыргызстан Канаданын мыйзамына ылайык, «Центерранын» Директорлор кеӊешине өз талапкерлерин алып келип, акырындык менен компаниянын башкаруусун колго алмак.
ДИРЕКТОРЛОР КЕӉЕШИНЕ КИМДЕР МҮЧӨ БОЛО АЛАТ?
«Центерранын» Директорлор кеӊеши аткаруучу жана аткаруучу эмес директорлордон турат, аткаруучу эмес директорлордун көпчүлүгү көз карандысыз болушу керек. Директорлор кеӊешинин көз карандысыз мүчөсү – бул ар бир акционерге компания тарабынан бирдей мамиле жасалуусуна кепилдик жараткан адам.
Кыргызстан Директорлор кеӊешинин көз карандысыз мүчөлүгүнө кыргыз жарандарынын талапкерлигин көрсөтө алабы? Жок. Ал талапкер Кыргызстандын гана эмес, «Центерранын» башка акционерлеринин да колдоосун алышы керек болот. Дүйнөдө мындай тажрыйба кеӊири колдонулуп келет: ачык компаниялардын Директорлор кеӊешине таанымал ишкердик бедели бар адистерди көрсөтүшөт жана шайлашат.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев «Центерранын» Директорлор кеӊешинин курамына Кыргызстандын атынан чет жерлик адистерди талапкер катары көрсөтүү аракети – бул «Центерранын» башкаруусуна адилеттүү менеджментти алып келүү аракети болгонун айтат. «Ал жагдай Кыргызстандын кызыкчылыгына акыйкаттык менен мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүн жаратмак» дейт өкмөт башчы.
«КУМТӨР» БОЮНЧА БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРМАК?
Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин тушунда да «Кумтөр» кени боюнча маселе кабыргасынан коюлган эле. Канадалыктар менен кенди теӊ шериктикте иштетүү боюнча Жогорку Кеӊештин макулдук берүүсүндө экс-премьер чоӊ роль ойногон. Парламенттик жыйындардын биринде Эркинбек Алымбеков «Кумтөр» боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүдө кыргыздын кызыкчылыгына каршы келген иш-аракеттерди жасаганы үчүн Сатыбалдиевге кылмыш ишин козгоо керек. Ал кызыкчылыгыбызды коргоонун ордуна кайырчыдай болуп Ян Аткинсондун («Центерра Голд» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору) артынан чуркап жүрөт» деп чыккан. Биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстанга кирешелүү болбой турганы кеч болсо да ачыкка чыкты. Вице-премьер Валерий Дилдин айтымында, эгерде биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол коюлса, Кыргызстан 1 миллиард доллардан ашуун зыян тартып калмак.
Оторбаевдин аракетине бут тосуп, «чет элдик жарандарга ишене албайбыз» деп чыккандар да болду. Мындай пикирди алгачкы болуп айткан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун экс-башчысы Дүйшөн Ирсалиев «Тизмеде көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турганынан шек санадым жана аларды «Центерранын» Директорлор кеӊешинде шайланышы үчүн талапкер катары сунуштоодон баш тарттым. Мунун артында эл аралык финансылык топтор, Максим Бакиевдин, Жорж Соростун адамдары турушу мүмкүн» деди.
2003-жылы «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан 33 пайызга түшүп калган келишимди түзүүдө ошол эле Аскар Акаев баш болгон кыргыздар салым кошушпады беле? Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына карандай каршы келген ал келишимди түзгөндөргө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде12 адамга айып тагылып, арасында экс-министрлер Болот Абилдаев, Курманбек Осмонов, Темирбек Акматалиев жана башкалар болгонун тизмектеп айтып жүрөбүз. Бул адамдардын баары кыргыздар. Кыргызга кыргыз гана күйөт деп күпүлдөп жаткан аткаминер менен депутаттардын сөздөрү дал ушундай далилдерден кийин суу кечпей калып жатпайбы? Балким, сабаттуу, бүгүнкү күндүн талабын түшүнгөн, дүйнөлүк практикада колдонулуп жаткан цивилизациялуу жолду сунуштаган премьердин айтканын угуп, колдонуп көрсөк болбос бекен?..
Эльвира Караева
politika@super.kg