2 ЖАШТАГЫ УУЛУН ӨЛТҮРДҮ ДЕП АПАСЫ ЖАНА ӨГӨЙ АТАСЫ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы балдар ооруканасынын кызматкерлеринен милицияга «наристенин өлүгүн алып келишти» деген кабар түшкөн. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын катуу сабалгандан улам көз жумгандыгын аныктаган.

«БАЛА ООРУКАНАГА ЖЕТКИЧЕ ЭЛЕ ЧАРЧАП КАЛГАН»
Биз бул окуя тууралуу Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин хирургия боюнча орун басары Данияр Шайбековго кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 9-апрелден 10уна караган түнү 2 жаштагы Андрей Носков аттуу наристени апасы жана дагы бир киши биздин ооруканага алып келишти. Тилекке каршы, бизге келгиче эле бала чарчап калыптыр. Апасы бизге себебин «кулап кетти» деп түшүндүрдү. Бирок баланын денесинин 2-3 жеринде шишик, көк ала тактар бар экен. Наристе киши колдуу болуп өлүшү мүмкүн деп укук коргоо органына билдирип, экспертиза кызматкерлерин чакыртканбыз. Алар келип текшерип кетишти.

«СЕЛКИНЧЕК ТЭЭП ЖАТЫП КУЛАП КЕТТИ»
Милиция кызматкерлери маалыматты угар замат айтылган дарекке барышып, өлгөн наристенин энесин суракка алышкан. Анын «балам арыкка кулап кетти», кайра «селкинчектен кулаптыр» деген бири-бирине шайкеш келбеген жооптору шек жараткандыктан, укук коргоочулар өлгөн баланын ата-энесин кылмышка шектүү катары убактылуу камакка алышкан. Тергөө учурунда өзүн Юля Мителева деп тааныштырган баланын апасы төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Өзүм 29 жаштамын. Буга чейин эки жолу күйөөгө тийип, экөө менен теӊ ажырашып кеткем. Биринчисинен 2009-жылы Дарья аттуу кыздуу, экинчисинен 2012-жылы Андрей аттуу уулдуу болгом. Андан соӊ Александр менен таанышып, экөөбүз жарандык никеде жашап жүргөнбүз. 8-апрель күнү кечинде уулум жана кызымды күйөөм Александр уктаткан. Эртеси алар ойгонгон соӊ мен дүкөнгө барып нан сатып келип, үйдөгүлөр баарыбыз отуруп тамактандык. Андан кийин уулумду жуунтайын деп чечинтсем артында шишик бар экен. Күйөөмдөн «буга эмне болгон, аркасы шишип калыптыр го?» деп сурасам, ал «билбейм» деп койду. Уулумду киринтип болгон соӊ кызым экөөнү кийинтип эшиктин алдына ойноткону жетелеп чыгып, өзүм керектүү буюмдарды алуу үчүн дүкөнгө жөнөдүм. Дүкөндөн келатып карасам балдар селкинчек тээп ойноп жатышыптыр. Үйгө кирип бир аздан соӊ терезеден карасам күйөөмдүн агасы Михаил аларды ойнотуп жүрүптүр. Ошентип алар түштө келишти. Бардыгыбыз отуруп тамактандык, анан чарчагандыктан уктап кетиптирмин. Кечки саат 20:00 чамасында туруп, Андрейди ойготсом ойгонбой койду. Кызымдан «эмне болду эле?» деп сурасам, «селкинчек тээп жатканда кулап кеткен болчу» деди. Биздин айлабыз кетип «Тез жардам» чакырдык. Алар кечиккенинен жуурканга ороп такси менен ооруканага алып келдик.
Ал эми Юлянын жарандык никедеги күйөөсү Александр окуяны мындайча сүрөттөгөн:
– Мен мас болчумун. Түн ичинде баланын ыйлап жатканын уккам. Апасы сооротуп анын жанында жаткан. Бир кезде ыйлаган үн тык токтоп калды. Мен «аа, басылды окшойт» деп ойлоп койгом, ордумдан туруп барып караган эмесмин. Көрсө, бала өлүп калыптыр.

«БАЛАНЫН АТА-ЭНЕСИ ИЧКИЛИККЕ ЖАКЫН БОЛГОН»
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаевден жогорудагы окуя тууралуу маалымат алдык:
– Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, наристе киши колдуу болуп өлгөнү билинген. Анткени анын кулагынын түбү кызарып калган. Эксперттердин айтымында, баланы кулагынан бирөө чоюп, ары-бери тарткылаган. Мындан тышкары наристенин чекеси тытылып, 3 кабыргасы сынган жана боору үзүлүп кеткен. Дарыгерлер «боор селкинчектен эмес, 3-4-кабаттан куласа үзүлүшү мүмкүн, ал катуу сабалган» дешүүдө. Ошондуктан бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ал кылмышка шектелип каза болгон наристенин 1986-жылы туулган апасы жана анын 1976-жылы туулган жарандык никедеги күйөөсү кармалган. Экөө тергөөдө бири-бирине кылмышты шылтап жатышат. Кошуналарынын айтымында, бул үй-бүлө чындыгында спирт ичимдиктерин көп ичишип, үйүндө дайыма чыр-чатак болуп, балдарын сабап жүрүшчү экен.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
eliza5566
2015-04-20 10:20:08
Балдарга карата зомбулук качан токтойт
0
Meruet84
2015-04-20 10:53:08
Бироого кор , бироого зар .Айбандар десе ..
0
aiyma887
2015-04-20 11:48:59
Эки жаштагы наристе эмнени тушунот,сабаса бир нерсе тушунуктуу болмок беле, эх журок сыздайт. Мындай окуялар качан токтой?
0
mirana9395
2015-04-20 15:30:12
Супер инфонун жаны саны чыкканда,ушундай окуялар чыкбаса экен деп тиленип жатып кирсен ошол эле жаман окуялар.окунучтуу
0
lionna
2015-04-20 22:04:46
Байкуш наристеде эмне куноо??? Эмнени тушунуп коюптур 2 жаштагы бала? Атын очкур энеси, туубай эле кал. Журок зыркырайт го бойтойгон наристени элестетип алып... Эл журт! бул эмнеси? акыр заманбы? Адам бололучу!!! Жаратканым, ыйман бере кор!!!
0
Aruukeramazan
2015-04-21 04:45:41
Уройду учурган окуялар журоктун ушун алып бутмой болду. Окуп алып маанайын чогот. Деги эмне болуп баратабыз. Жаныбарда баласын артык корот го. Тоо (инген) баласы олуп калса кандай гана боздойт, жанына эч кимди жолотпой.
Эх канырыгын тутойт да.
Деги балдарыбыз аман болуп, боодо кырсыктан алыс болушса экен.
+1
2014_samat_DJ
2015-04-22 11:28:52
Мындай айбандарга олум жазасын бериш керек качан токтойт зомбулук ужас
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан