КЫЛТАК

Качандыр бир кезде бул бозоргон каректер жайнап турчу. Чачтары кулпура төгүлүп, көргөн адамдын сугун түшүрө турган келбети бар эле. Азыр чачтары уйпаланып теӊселип келе жаткан кыз убагында алтын медаль менен бүткөн, көпчүлүктүн үмүтүн арттырган өзгөчө жан болчу. Эми болсо көргөндөр боюн ала кача, айрымдар таӊ кала карап өтүп жатты. Кыздын эч нерсе менен иши болгон жок. Болгону оюнун баары жанын кыйнаган, организми талап кылып жаткан баӊгиде эле. «Ломка» деп коюшат бул учурду. Асманда же жерде жүргөнүӊдү билбей, бар дүйнөгө кайыл болуп, издегени эле атыӊ өчкүр баӊгизат болуп калат.
Кыздын атасы белдүү жерде иштеген чиновник болчу. Эки эркектин ортосунда чоӊойгон көзүн караган жалгыз кызы болчу. Көрсө, баӊгизат саткан жан кечтилер колунда бар, атайын саап турганга ылайыктуу ушундай бардар үй-бүлөнүн балдарын аӊдып алыстан кылтак жайып, качан ал торго түшкөндө акчасын соруп башташат тура.
Үч жыл мурун Асема артынан калбай көптөн бери акмалап келе жаткан ак жуумал жигитти байкап жүрдү. Клубга барса клубга, дос кыздарыныкына отурушка барса ал жакта, кээде университеттин коридорунан да көрүп калчу. Жигит жакындабайт, таанышпайт дагы. Сүйкүмдүү жүзүнөн уяча чыгара жылмайып коёт да бүттү. Бир күнү Асема чыдамы түгөнүп өзү жанына барды.
– Балким, жөн гана таанышып аларбыз? Артымдан ээрчигениӊиз чындыгында тажатып жиберди.
– Мен сизди тажатайын деген эмесмин, болгону даай албай жүрдүм,- деп жооп узатты.
Жакындан караганда жигит ого бетер ажарлуу көрүнүп, кыз жүрөгү туйлай түштү.
– Менин атым Акбар,- деди жигит, кыздын толкундана түшкөнүн сезип. Акбар маданияттуу, көптү билген, чымыр денелүү сулуу жигит эле. Кайсы кыз болсо да «ах, меники болсочу» дечүдөй. Асема баш-отун жоготуп сүйүп калды. «Сүйүү көздүүнү сокур кылат» дегендей, 2-3 айдан кийин ал Акбарсыз жашоосун элестете албай калды. Бечара кыз Акбар ага арналган кылтак, баӊгизат сатуу үчүн атайын жиберилген тыӊчы экенин билген жок. Анын кооз көздөрү бардык байдын кыздарына арналганын байкабады. Кечээки тарбиялуу кыз тез эле чылым чегип, арак ичип, клубдардан башы чыкпай калды. Андан да жаманы баӊгиге байланып калган болчу. Ата-энеси байкаганда кыздын абалы оорлошуп калган эле.
– Асема, кызым, эсиӊе келчи, жашооӊ жаӊы башталып жатса бул эмне кылганыӊ?- деди апасы ыйламсырап.
– Кечир,- деди Асема. Мындан башка эч нерсе айтпайт. Ыйласа да, сабаса да ошол көрүнүш.
– Биз сени мыкты деген клиникаларга алып баралы, бардыгын жасайлы. Болгону өзүӊдү колго алчы...- дейт апасы ого бетер жалдырай.
– Макул, апа, сиз айткандай болсун...
Апасынын көз жашы, агаларынын урушканы, атасынын байлыгы да ага жардамга келбеди. Кайсы клиникага жаткырса да качып кете берчү. Бир жагынан баӊгизат, экинчи жагынан Акбарга болгон сүйүүсү жанын кыйнайт. Акбар жөн гана кылтак экенин элдин баары айтса да ишене алчу эмес, өз көзү менен көргөндө гана жаӊылганын, сүйүүсү тепселенгенин билди.
Арак ичкенде өзгөчө Акбарды сагынат. Бул жолу да аны издеп келди. Клубга келген Асема Акбарды алыстан тиктеп турду. Ал болсо бир жаш бийкечтен көзүн албайт. Жанына басып барып жасалма жылмаюусу менен бир нерселерди айтты эле, кыз да жооп берип жатты. Асема эрдин тиштей берди. Ушу учурда гана кылтакка илингенин сезди. Жанын ооруткан ооруга ызасы кошул-ташыл болуп бүк түшө отура калды. Кайра кайратына келе түз эле Акбарга жөнөдү.
– Ой, сен кайдан?- деди ал кайпактай.
– Акбар...
– Азыр келем,- деп тиги кызга жооп берген Акбар аны чыканактан ала булкуп жиберди.
– Бул жакка келбе дебедим беле!
– Мага доза керек...
– Менде жок, Макста... Мен сатпайм да, келесоо, ошол нерсени такыр түшүнбөй койдуӊ.
– Мен сени сагындым.
– Асема, кетип калчы.
Акбардын муздак жүзүн көрүп деси кайта түштү. Башы шылкыя эшикке жөнөдү. Кор болгонуна жүрөгү өрттөнүп кетти. Жол боюнда тургандар теӊселип бараткан кыздын мындай тагдырын кайдан билсин? Эс-мас абалында жолдун так ортосуна чыгып кеткенин байкаган жок. Качайын деп үлгүрбөй калды, катуу келип урунган машинанын алдында калды. Кансырап жатып Асеманын көз алдына кыска жашоосу тартылды. Акыркы 3 жыл азаптын туткунунда калган жаны эмне болгонун түшүндү. Кызыгы, жашоосу бүтүп бара жатканына кубана түштү.
– Рахмат, мен кыйналбайм эми,- деди эрди күбүрөй.
Кан жолдо жатып кыз үзүлүп кетти. Бул учурда Акбар өзүнүн жаӊы курмандыгынын колун кармап жылмайып сүйлөп жатты. Бирок кийин Асеманын ишенчээк каректери көз алдынан кетпей, тирүүнүн тозогунда жашаарын билген жок.

Асия Алиева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Beka90
2015-04-20 09:31:28
Уландысы жокпу ушул чыгарманын?
0
A3A
2015-04-20 18:37:40
Beka90, бүттү го же жаңы кыздын кылтагын окуйлубу??? )))))
0
Meruet84
2015-04-20 10:46:56
Уландысы барбы ..
0
AFRODITA-89
2015-04-20 10:54:18
жакшы чыгарма экен уландысы да болуш керек Акбар ошентип эле жашап калабы...
0
dian
2015-04-20 11:15:28
Кандайча,кантип ушул сериал башталып кетеби эми?А берки "Кумар азабы" не болду чыкпай калды?Урматтуу админ жооп берип койгулачы.
0
dian
2015-04-20 12:00:58
Урматтуу Админ кечирим сурайм менден катачылык кетти."Кумар азабы"чыгарманын откон санын кантип окусам болот.
0
admin_media
2015-04-20 12:16:22
asdef
2015-04-20 22:01:48
Бул казакча петля деген кинодон алыныптыр,бирок анда кыз эмес бала болот
0
jama9210
2015-04-24 14:49:22
asdef,ооба туура айтасыз бирок ал Ануар тируу калатго))
0
good-girl
2015-04-22 06:22:24
Mmmm okunuchtuuuu eken.
0
suiuktuujar
2015-04-22 11:48:35
окунучтуу эх жашоо.
0
jypar.i
2015-04-22 22:29:20
Мен бир нерсеге түшүнгөн жокмун. Эмнеге "эки эркектин ортосунда чоңойгон"? Апасы жокпу дегем адегенде,көрсө апасы бар экен
0
aijan280389
2015-04-22 23:50:12
jypar.i, Байдын жалгыз кызы эки уулу болгон.
0
magic1721
2015-04-23 10:22:32
жомок го ...
0
Kamil_
2015-04-23 14:09:21
5 миллион калкы бар кыргызстанда мындай оз элине кыянаттык кылгандар жуздоп саналат. Бир байкуштун чонтогуно банги затын сала коет. Келечек муундун келечегин ойлоонун ордуна Кытайдан келген сапатсыз, зыяндуу товарларды киргизип коюшат. Айтор, пейпил элдин эсебинен ...


+1
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан