БУКАЧАР ӨЗ БАКТЫСЫН ТЕКЕЧЕР МЕНЕН БИЙКЕЧТЕН ТАБАТ (21-апрелден 20-майга чейин төрөлгөндөр)

Индиялыктар үчүн жылдыздардын төлгөсү никеге турар алдында чоӊ мааниге ээ. Үйлөнгүсү келген эки жаш атайын төлгөчүгө барып, жылдыз белгилери боюнча төлгө салдырышат. Эгер экөө мүнөзү боюнча бири-бирине шайкеш келбей калса, никеге туруудан баш тартып коюулары да мүмкүн. Үй-бүлө курууда жылдыз төлгөнүн канчалык деӊгээлде маанилүү экенин, албетте, сиз өзүӊүз чечесиз. Ал эми биз жөн гана түгөйлөрдүн жылдыз белгилерине карап багыт бермекчибиз. Бул ирет букачар жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн шайкештик гороскобун сунуштайбыз.

БУКАЧАР ЖАНА КОЙ
Бул түгөйлөр бири-биринен тажай турган абалга чейин тирешишет. Эгер үй-бүлөдө айым кой, ал эми мырза букачар болсо, айым көбүрөөк лидерлик кылууга умтулат. Ал эми мырза мындай нерселерге жөн гана жан дүйнөсүнүн тынчтыгы үчүн көз жумуп коюу менен кутулат. Букачарлар туруктуу болгондуктан түгөйүнөн да ушул нерсени талап кылышат. Көпчүлүк бул эки жылдыздын кол кармашуусун жаӊылыштык деп билишет. Эгер ортодо ажырашууга себеп болгон жагдайлар чыкса, биринчи чечимди кой жылдызынын алдында төрөлгөн адам кабыл алат. Букачарлар бузулган уянын ордун акмалап, өткөн күндөрүн эстеп, ажырашуу азабын жүрөгүнө жакын кабыл алган жандардан. Ал эми кой болсо эки айрылыш жолдун бирин тандаган күндө да кайра очок жаӊыртуу оӊой деп билет.

БУКАЧАР ЖАНА БУКАЧАР
Букачар жылдызынын алдында туулган эки адам бириксе, туруктуулукту 2 эсеге көбөйтө алышат. Жай турмуш менен күн өткөрө беришип, «бара-бара сүйүү балдарга өтүп кетет экен» деген кепти мына ушундай үй-бүлөлөр чыгарышы мүмкүн. Жашоо жадатма болуп кетпеши үчүн букачар жылдызынын алдында туулган түгөйлөр кызыктуу эс алууларды биргеликте уюштуруп, турмушун түстүү боёкторго боёп туруулары абзел. Жылдыздар букачар түгөйлөрдөн турган үй-бүлөнү мыкты шайкештиктердин катарына кошушат. Анткени булардын ортосунда гармония, өзгөчө берилүү жана туруктуу ишеним бар. Бири-бирин жарым сөздөн түшүнүп, бир көз караштан байкап турган жандар.

БУКАЧАР ЖАНА ЭГИЗДЕР
Букачардын табияты – жер, ал эми эгиздердики – аба. Бул эки табият букачар менен эгиздердин биригүүсүнө келгенде карама-каршылыкты жаратат. Экөөндө бири-бирине кызыгуу пайда болот. Бирок бул кызыгуу эки жылдыздын алдында төрөлгөндөрдүн ынтымактуу үй-бүлө куруп кетиши үчүн жетишсиз. Астрологдор эгиздер менен букачарларды тил табыша албаган түгөйлөр деген топко кошушат. Эгер букачар мырза, ал эми айымы эгиздер болсо, мырзалар үй-бүлө жүгүн бүтүн өз моюнуна алып, аялды жумуш кылдырбай бала бактырып, үйдө отургузуп коюуну самашат. Ал эми букачар айым жана эгиздер мырзага келсек, бул экөөнүн ортосунда бири-биринин көзүнө чөп салуудан улам көп нааразычылыктар келип чыгышы мүмкүн.

БУКАЧАР ЖАНА БӨЙӨН
Эгер эркек букачар, айымы бөйөн болсо, булардын союзу орточо шайкештик катары саналат. Экөө бири-бирин толук канааттандырып, бирге кылган ишинен жемиштүү жыйынтык алышат. Бөйөн айым өзүнүн мырзасынын эрктүүлүгүн, эӊ оор кырдаалдарды оӊой эле чечип койгон сапаттарын баалайт. Ал эми букачар мырзаны бөйөн айымдын чарбачылдыгы, үйдөгү ордун билгендиги жана сарамжалдуулугу багынтат. Идеалдуу үй-бүлө үчүн мындан артык кандай шайкештик бар дейсиз? Эми бөйөн мырза, букачар айым бириккен жагдайды алалы. Чарбачыл, бардык кырдаалга сабырдуулук менен караган бөйөндөр зымга тизгендей тыкан букачар айымдарды көктөн издегени жерден табылгандай кабыл алышат.

БУКАЧАР ЖАНА АРСТАН
Арстан кайда болбосун башкаруучулукту сүйгөн жан катары саналат. Бул эки жылдыз алдында төрөлгөндөр да тил табышып жашап кете ала тургандардын катарында. «Ханды хан кылган аял», «эркектин ар бир ийгиликтүү ишинин артында анын аялы турат» деген кептер бар эмеспи. Андыктан аял куулук кылып, кандай маселе болбосун амалкөйлүк менен жайгарса иш оӊунан чыкмакчы. Айтмакчы, арстандар букачарларга салыштырмалуу кырдаалга жараша бет кап кийип, башкача адам болуп чыга келишет. Ошондой эле сарамжалдуу, бар оокатын үнөмдөп, эртеӊин кылдат ойлогон букачарлар үчүн арстандардын колу ачык, берешендиги ашыкча саналат.
Букачар жылдызынын алдында төрөлгөн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти, актёр Эгемберди Бекболиев жубайы Айсалкын Осмонова менен 38 жылдан бери бирге түтүн булатып келет:
– Жубайымдын жылдыз белгиси – арстан. 38 жылдан бери бирге жашап, балдардын бактысына чөмүлүп турган чагыбыз. Менин мүнөзүм түнт. Үйдө бир аз кагышып кетсек, мен унчукпай, кырдаалды жөнгө салууга ашыкпай жүрө берем. Бирок кабагым кандай ачылып кеткенин да билбей калам, анткени жубайым ачык-айрым жан. Анын ушундай мүнөзүнөн улам эле кайра сүйлөшүп кетебиз.

БУКАЧАР ЖАНА БИЙКЕЧ
Бул эки жылдыздын алдында төрөлгөндөрдүн биригүүсү мыкты шайкеш келген түгөйлөрдүн катарын толуктайт. Экөөнүн теӊ мүнөздөрү бири-бирине окшош, иштемчил, туруктуу жана чынчыл болушат да түшүнүшүү оӊой болот. Бийкечтин да, букачардын да табияты – жер. Ошондуктан бул эки жылдыздын алдында төрөлгөндөр тынч, бейпил жана таттуу өмүр сүрүшөт.
Кыргыз эстрада ырчысы Алихан букачар жылдызынын алдында төрөлгөн. Ал эми жубайынын жылдыз белгиси бийкеч:
– Баш кошуп жашаганыбызга эки жылдан ашып калды. Албетте, бул чоӊ мөөнөт эмес деӊизчи. Ал ортодо кыздуу болдук. Учурда эриш-аркак, ынтымактуу өмүр сүрүп жаткан чагыбыз. Эсимде калып же көӊүл сууткан деле жаӊжал чыга элек, Кудай сактасын. Бирок менин көк беттигим бар. Аны жубайым түшүнүү менен кабыл алып, күнөө кимибизден кетсе да кырдаалды акылдуулук менен жөнгө салат. Бири-бирибизге окшошпуз десем жаӊылышпайм.

БУКАЧАР ЖАНА ТАРАЗА
Идеалдуу болбосо да мамиле куруп жашоого болот. Экөө бириккенде жашоонун ар бир майда-чүйдөсүнө маани берип, бир чөөгүн чайды да теӊ бөлүп ичип, жакшылыктарга кубанып жашашат. Турмуштун ачуу-таттуусун бирге таткан түгөйлөр ортодогу никени сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билсеӊиз керек. Ошондуктан ажырашуулар болсо да аз. Эгер айым букачар, ал эми мырза тараза болсо, жүктүн көбүн айымы тартып жашайт. Ал эми букачар мырза, тараза айым болсо, шайкештик бир тепкичке көтөрүлөт. Чыныгы мырзага тиешелүү сапаттарды өзүнө алган букачар мырзалар ак-караны бирдей ылгаган тараза айымдарды толуктап, айтор, жакшы өмүр кечиришмекчи.

БУКАЧАР ЖАНА ЧАЯН
Эгер айымыӊыз букачар, ал эми сиз мырза чаян болсоӊуз, жашоо бир аз оорураак болот. Өзүнүн татаал кулк-мүнөзүнөн өзү жапа чеккен чаян мырзалар бир мүнөз жана көтөрүмдүү букачар айымы үчүн тоону томкоруп жиберсе да аздык кылат. Букачар айымдар үйдө мыкты кожойке, жолдошуна жакшы кеӊешчи боло алары талашсыз. Букачар мырзанын жубайы чаян болсо, бул эки адам бири-бирине магниттей тартылуу касиетине ээ. Экөө теӊ күчтүү, туруктуу жана жоопкерчиликтүү. Ушул мүнөздөр түгөйлөрдү бириктирип, бир бүтүндүккө алып келбесе, өз алдынча алып караганда таптакыр эки башка адамдарды тандай турган жандардан экени талашсыз.

БУКАЧАР ЖАНА ЖААЧЫ
Букачар менен жаачыдан түзүлгөн союз никеде 80 пайыз шайкештикте боло алат. Эки башка көз караштагы эки жандын ортосунда көйгөйлөр жаралып, мамиленин солгундашына чейин жеткирет. Оор басырыктуу букачарларды жаачылардын көз карандысыздыкты сүйгөн мүнөзү анча кубандыра бербейт. Баарынан жаманы экөөнүн теӊ оӊунан чыкпаган мамилеге кол шилтеп басып кетпей, куру үмүткө азгырылып, эзилип жашай бергендиги. Ушул мезгилге жеткирбей, бири-бирине ачылып, түшүнүшүп, кызыкчылыктарды бирге ишке ашырса, турмуш куруп жашоого болот.

БУКАЧАР ЖАНА ТЕКЕЧЕР
Идеалдуу түгөйлөр булар кимдер? Албетте, букачар менен текечер жылдызынын алдында туулган түгөйлөр. Бекем, туруктуу жана кумардуу махабат бул эки жылдыздын ээлерине буйруган. Максаттары бир, дегеле экөөнүн окшош жактары да көп. Иштемчил, реалдуу нерселерге багыт алып, куру сөз берүүдөн алыс текечерлер өзүнүкүнө окшош мүнөздүү букачарларды оӊой эле таба алат. Чыдамдуу, оор басырыктуу, бири-бирин жарым сөздөн түшүнгөн түгөйлөр үй-бүлөдө бактылуу балдарды тарбиялап, аял-эркек дебей өз ордун билген жубайлар болушмакчы.

БУКАЧАР ЖАНА СУУ КУЯР
Алгач мырза суу куяр, айым букачар болгон жагдайды алып карайлы. Эркиндикти сүйгөн, чыгармачыл жана кумардуу суу куяр үчүн үйдө отурган, чарбачыл жана түшүнүктүү букачар айым туш келсе, асмандан издегени жерден табылгандай кубанат. Эми суу куяр айым менен букачар мырзанын кол кармашкан учурун карайлы. Экөөнү бир горизонтто кароонун өзү оорчулукту жаратат. Суу куяр айымдын өзүнө көп көӊүл бурууну каалашы, кыялдардын асманында учуп жүрүшү бир мүнөз букачарды тажатып жиберет. Кыскасы, жылдыздар бул эки жылдыз алдында туулган адамдардын кошулуусун шайкештикке кошушпайт.ө

БУКАЧАР ЖАНА БАЛЫК
Балыктын табияты – суу. Өзүн жерде чоочун сезип, кыялдардын кучагында жашайт. Эгер мырза балык, ал эми айым букачар болсо жолдошунан коркпой эле көп нерсени талап кыла берсин. Анткени букачар айымдар камчы салдырбай үйдө үлгүлүү кожойке болору талашсыз. Эгер мырза букачар, ал эми айым балык болсо, букачар мырза стабилдүү өмүр сүрүүгө ыктап, туруктуулугунан жазбаган боюнча кала берет. Демек, бул эки жылдыздын алдындагы адамдардын мырзасы букачар болгону кыйла ыӊгайлуу болот. Анткени үлбүрөгөн назик балык айымдарды кандай гана эркек болбосун анын кирпиги менен кошо ирмелип, камкордук кылгысы келет.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
kg.aruujanna
2015-04-20 21:13:50
Супер инфо балыкты да сураныч
0
Ayka1994
2015-04-20 22:03:10
Текечээр жонундо да жазыныздарчыы издоодон таппадым
0
Bambini55
2015-04-20 22:33:00
Мырза ла чаян. Кыз да чаян болсо не болот
0
al-abu-kinesz
2015-04-21 01:34:56
бойдок текечерешкалар барбы таанышалы :)
0
Nuranna_93_kg
2015-04-21 02:42:42
Мен козерогмун,дал келет экен чынында.Бешенеге жазганын корорбуз,бул жагы жараткандан.
0
kuba1
2015-04-21 09:54:03
достор бир гана аллага ишениш керек го дейм, буклашбы текелешпи
0
meraj_1998
2015-04-21 18:04:14
kuba1, оа тура соз жылдыз толгого ишениш кыйын мен учун
0
ramawka28
2015-04-22 01:27:43
охоооо жолдошум букачар мен болсо текечер))))
0
aizbek
2015-04-22 21:40:47
Арстан менен таразаны жазып койунуздарчы Супер инфо
0
damir007
2015-04-23 11:41:44
momuntay
2015-04-23 13:45:10
Супер го. Биз да бирибиз бийкеч бирибиз букачарбыз. Соонун мамиледебиз. Негизи жылызы келишип деген ушундан клам окшойт.
0
kalen9001
2015-04-23 15:08:14
Текечеер мн букачар жылдызы келишет дейтко
0
kalen9001
2015-04-23 15:10:11
Суйуктуум букачар болуш керек екен ошондо
0
chyngyz1992
2015-04-25 06:17:14
Артан тууралула билдирип коюнуздарчы сураныч
0
josholu
2015-04-25 15:06:41
ошондо мен букачарды издешим керекпи
0
Kyrgyzmyn1
2015-04-26 01:20:12
Тообо жок эле нерсеге ишенбегилечи мусулман элим!!
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан