Кыргыз эстрадасында күлсө күлкүсү баарына жакчу бир айым бар. Анан да анын «Күлүп кой» деген ыры менен көбүбүз чоӊойгонбуз. Токчулуктун, барчылыктын, позитивдүү маанайдын символу болгон Гүлнара Тойгонбаева деген ысымды баарыбыз таанысак керек. Маекке шаша-буша келген ырчынын күлкүсү официантка да жукту окшойт, ал да бизди шаӊдуу тейледи.
«ДИЕТА КАРМАБАЙМ»
– Кайсы жердин кулунусуз?
– Аксынын Кербен шаарында төрөлүп өскөм. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, мен бешинчисимин.
– Диета кармайсызбы?
– Кармабайм, бирок кечки алтыдан кийин азыраак тамак жегенге аракет кылам.
– Жалгыздыкты кандай учурларда сезесиз?
– Майрамдарда сезилет. Туулган күн, Жаӊы жыл, 8-Мартта билинип калат. Муну мен Кудайдын сыноосу деп түшүнөм.
– Турмушка чыккансызбы?
– Жок, чыккан эмесмин, «вечный» бойдокмун (күлүп).
– Актрисалык дареметиӊизге кандай баа бересиз?
– Кинону түшүнөм, ойноп кете алам. Бирок трагедиялуу ролдорду такыр ойной албайм.
– Гүлнара айым, саламатсызбы? Биздин гезитке маек кура элегиӊизге көп жыл болуптур. Ушул жылдарда чыгармачылыгыӊызда, жеке жашооӊузда кандай өзгөрүүлөр
болду?
– Негизи эле буга чейин силердин гезитке чоӊ маек кура элек болушум керек, жаӊылышпасам. Ал эми чыгармачылыкта олуттуу өзгөрүүлөр деле байкала элек. Бир нукта, бир калыпта баратам. Башкысы токтоп калбай 20 жылдан бери улантып келе жатам. Мен үчүн ошол маанилүү. Былтыр жеке концертимди бердим, баары ойдогудай өттү. Жеке жашоомдо да баары жайында, өзүӊөр билгендей, кыздуу болгонмун. Азыр энелик милдетимди аткарып жүргөн убагым.
– Былтыр «Түрквизион-2014» сынагына катышуу үчүн ат салышканыңызды билебиз. Дегеле кароо-сынактарга катышуу сизге эмне берет?
– «Түрквизиондун» тандоо туруна катышканымды кээ бирлери туура кабыл алышты. «Ушундай тажрыйбалуу ырчы, бул сынакта эмне кылып жүрөт?» деп түшүнбөй калгандар да болду. Негизи бул ыр сынак, сынакта түрк элдеринин башын бириктирген, ынтымакка чакырган маанилүү чыгарма аткарыш керек экен. Ошондо жаӊы жаздырылган «Бакыт» деген ырым менен финалдан өтүп кетсем, бүткүл түрк туугандарга мендеги бакыт нурларын чачыратып келейин деген максатта эле катышып калгам.Тилекке каршы, тандоо турунун финалынан экинчи орунду алып калдым.
– Калыстарга, алардын тандоосуна капа болгон жоксузбу?
– Калыстар тобунда курбум Гүлнур Сатылганова да отурган. Ага эч таарынычым жок. Бул жерде Түркиядан келген калыстардын ою басымдуулук кылып кетти окшойт. Анан сынактын СМС добуш берүү деген «хитрый ходу» болду. Биринчиден, уюштуруучулар мындан акча иштешет. Экинчиден, таланты жок болсо деле өтөм деген киши өтө берет. Анткени бир номерден 100 миӊ СМС жөнөтсөӊ деле боло берет. Ошентип мен өтпөй калдым.
– Көчөдөбү, сахнадабы, дайыма күлүп жүрөсүз. Бул сиздин фишкаӊызбы?
– Бул жашоодо кандай жүрүш биздин тандообуз. Мен бактылуу болгум келет, жакшы жашагым келет десеӊ ошондой болот экен. Адам ичинен бакыт энергиясын, бакыт маанайын иштетиши керек. Мен жаманмын, ишим жүрүшпөйт деп наалый берсеӊ ошондой боло берет. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө элдер дайыма жылмайып жүрүшөт. Медалдын эки бети бар дегендей эле менин жашоомдо деле кайгы-муӊ, көйгөйлөр болот. Бирок мен өмүрү көйгөйүмдү коомчулукка айтып, жашоомо нааразы болгон адам эмесмин. Мендеги кыйынчылыктар баарында бар, өзүмдүкүн кошуп айтып, элди түйшөлткүм келбейт.
– Бирок көп күлгөндө бетке бат бырыш түшөт дешет. Эрте картайып кетем деп коркпойсузбу?
– Ха-ха-ха. Мен андан коркпойм. Ар бир курактын өзүнүн сулуулугу бар. Ошону билип, көрүп, сезип жашашыбыз керек. Кайсы бир куракта бетке бырыш түшөт, ошол
бырыштан да сулуулук издеп, баарына каниет кылуу зарыл.
– Сиз теӊдүү ырчылар окуучу тарбиялап, мугалим болуп же продюсердик борбор ачып, колдорунан келген жумушун аткарып жатышат. Сиз бул туурасында ойлонуп көрдүӊүзбү?
– Учурда бир теледолбоордун үстүнөн иштеп жатам, аталышы «KGтай». Ырга, бийге шыктуу таланттуу жаш балдар, өспүрүмдөр арасында таймаш жүрөт. Буюрса, жакын арада белгилүү телеканалдардын биринен көрүп каласыӊар.
– Учурда кыргыз эстрадасы өнүгүү жолундабы?
– Ооба, мурункуга салыштырмалуу өсүү бар. Биз 1990-жылдардын башында чыгармачылыкты баштаганбыз. Ал кезде шаарда КТРКдагы үн жаздыруучу жана «Спартак» стадионунда Виктор Менгонун «Менго» деген студиясы эле бар болчу. Азыр керек болсо үйүнүн ичине да студия ачып алышты го. Ырчылар көбөйдү, арасында жакшы ырдаганы, бир күйүп жанган «лампочкалар» да бар. Ырдай албагандар үчүн чоӊ сыноо – бул фонограмманы жоюу. Ырдай ала тургандар жандуу ырдаганга өтсөк, алар өздөрү эле жок болуп кетишет.
– Кызыӊыз чоӊоюп калыптыр, балким атасы тууралуу да айта кетерсиз?
– Кызым Күнай, 5 жашта. Учурда бала бакчага барат. Азыр бүт мээримимди кызыма берип жаткан убагым. Ал эми атасы тууралуу айтпайм. Бул мен үчүн жабык тема, муну баары билишет.
– Колуӊузду сураган, сөз айткан мырзалар барбы?
– Негизи болгон. Жашоодо адамдар түгөй болуп жашашы керек экен. Бул табияттын мыйзамы да. Мына ушул мыйзамдын бузуучусу мен болдум окшойт. Жүрөгүмдүн эшигин кулпулап деле койгон эмесмин, ачык эле. Болгону эшигин каккылаган адам жок болуп жатса керек (күлүп). Көпчүлүк мырзалар «эми бул ырчы да, буга жетиш кыйын» деп ойлошу деле мүмкүн.
– 20 жыл чыгармачылыкта жүрүп эмне таптыӊыз, эмне жоготтуӊуз?
– Окурмандар ойлошсо керек «атак-даӊкка жетти, белгилүү болду» деп. Бирок белгилүүлүктүн деле оӊ жана терс жактары бар. Жакшысы эл тааныйт, сыйдын үстүндө жүрөсүӊ, кээ бирлерине ачылбаган эшиктер ачылат. Мисалы, телефондон эле «мен Гүлнара Тойгонбаевамын» десеӊ, сылык жооп берип калышат. Иши кылып элге кылган кызматыӊдын пайдасы сөзсүз тиет. Ал эми терс жагы, дайыма эл көзүндө, сөзүндө жүрөсүӊ. Сындашат, жаман айтат, жакшы айтат дегендей.
– Репертуарыӊыздагы кайсы чыгарма өзүӊүзгө жакын?
– Ошол эле «Күлүп койду» аябай жакшы көрөм. Негизи ыр тандоодо ырчы кылдаттык менен карашы керек. Мисалы, мен кайгылуу ырларды ырдагандан корком. Анткени ал жашооӊо таасирин тийгизиши мүмкүн. Менин аткаруумда «Менин жүрөгүм сүйүүгө жапты эшигин» деген саптары бар ырым бар болчу. Кой, ушундай болуп кетпесин деп
коркуп, ага оппозиционер кылып «Келдиӊби, сүйүү?» деген ырды аткарып чыккам.
– Оппозициясын чыгарганыӊызга караганда ал ыр жашооӊузга таасирин тийгизген окшойт да?
– Балким (күлүп). Адамдын уккан музыкасынан кандай абалда экенин билсе болот. Мына музыканын керемет күчү. Эгер адам кайгылуу обондорго ыктаса, демек, ал чыгарма анын жан дүйнөсүнүн кылдарын чертип, чыгарма аркылуу адам өз абалын көрүп жаткан болот. Мен дайыма элдерди позитивге чакырып, жакшы темадагы ырларды жараткым келет. Армандуу ырларды аткарган ырчылар бизде жетиштүү эле.
Лунара Бекиева
star@super.kg