Кыргыз-казак сахнасында жүргөн атактуу айымдардын гардеробунда сөзсүз бул дизайнердин колунан жаралган көйнөк бар деп айтууга болот. Ал – Наиль Байкучуков. Каарманыбыз сүйүктүү кесиби жана кардарлары тууралуу сүйлөп берди.
БАЙКУЧУКОВ НАИЛЬ РУСЛАНОВИЧ
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 21-октябрь
Туулган жери – Казакстан Республикасы, Жамбыл облусунун Жанатас шаары
Билими – Орто
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Кыргыз-казак дизайнери, Бишкек, Алматы жана Лондон шаарларында «Naiyl Baikuchukov» деген аталыштагы кийим дүкөндөрү бар.
– Наиль, сизди көпчүлүк кыргыз жигит деп ойлоп жүрүшөт, ошондон кепти баштасак кандай болот?
– Атым Наиль болгондуктан көпчүлүк менин улутум кайсы экенин билгиси келе берет. Муну билгиси келгендерге мен казакмын деп айтар элем.
– Бирок Наиль казак ысымы эмес да?
– Туура айтасыз, бул татар элинин ысымы. Апам «уулумдун аты Наиль болот» деп атайын ушул ысымды ыйгарыптыр. Кээде түз эфирлерге барып калганда журналисттер фамилиямды кагаздан да туура эмес окуп кыйналышат. Анан тааныштарым «Аты-жөнүӊдү кыскартып койбойсуӊбу. Себеби дүйнөлүк рынокто мындай узун бренд жок. Анын үстүнө сенин өзгөчө атыӊ менен фамилияӊды эстеп калуу дагы кыйын» деген сыяктуу кеп-кеӊештерин айтып келишет. Бирок мен эч нерсени өзгөрткүм келбейт.
– Кесип тандоодо дагы апаӊыздын салымы чоӊ деп айтышат...
– Жок, аны өзүм чечкем. Кичинемден эле көйнөктөрдүн эскиздерин чийип келем. Алгачкы жолу 5-классымда көйнөк тигип көргөм, 8-классымда модельерлердин сынагында
жеӊүүчү болгом. Анан баары башталды (күлүп).
– Атаӊызга караганда апаӊызды көбүрөөк айтат экенсиз...
– Апам менин жан дүйнөм. Ал менин жумуштарыма дайыма көмөктөшүп жүрөт жана ишимдин бир бөлүгүн өз моюнуна алган. Бирок атам дагы четте карап турбайт, жумушта кандай гана маселе болбосун өзү жайгарат.
– Мырзалар үчүн дагы кийим тигесизби?
– Кээде эле тигем. Акыркы жылдардын эсебинен «Non-Stop» дуэтинин ырчысы Максатка гана форма тигип бергем. Алдыда мырзалардын кийиминин түрмөгүн чыгарууга кызыгып жүрөм. Бирок азырынча ага убактым да, күчүм да жетпей жатат.
– Байкашыбызча, сиз көпчүлүк убакта Казакстанда иш алып барасыз?
– Жок, менин бардык тигүүчү жайларым Кыргызстанда. Бишкекте «Naiyl Baikuchukov» брендинин толук кандуу мода үйү жайгашкан. Ал жерде эӊ көп жумушчулар иштейт, кошумча дүкөнүбүз бар. Анын үстүнө бардык кездемелерибиз Бишкекте сакталат. Башка шаарларда дүкөндөр гана бар. Көпчүлүк убактым Бишкектеги жумуш ордумда өтөт. – Сиздин көйнөктөрүӊүздү сүйүп кийген казак жана кыргыз атактууларынын ысымдарын уккум келип жатат...
– Азыр мактангандай болуп калсам керек (күлүп). Казактын чыгармачыл инсандарынан Роза Рымбаева, Баян Есентаева, Мадина Садвакасова, Жанар Дугалова жана «Кешью», «FM» (мурунку «Текила») тобунун кыздары биздин туруктуу кардарлардын катарын толукташат. А кыргыз сахнасынан дээрлик бардык айымдарын кийинтип чыктым окшойт.
– Эми сиздин эмгегиӊиздин баасына келип токтолсок. Дегеним, сиздин көйнөктөр аябай кымбат экен...
– Товардын баасы кездеменин баасын, анан жумушчулардын айлык акысын жана башка чыгымдарды жабышы керек да. Мен кийим наркын өзүм ойлоп таппайм. Туура, биздин көйнөктөр арзан эмес, ар биринин сапатына жана кездемесине ылайык баасы бар. Менин оюмча, мындай керемет көйнөктөр арзан болушу мүмкүн эмес, себеби ага ошончолук эмгек, аракет жана убакыт арналып жатпайбы.
– Кыздар кыялкеч болушат, анын үстүнө эрке дегендей. Көйнөк оюндагыдай болбой калып көз жаш кылган кардарлар барбы?
– Ооба, бирок Кудайга шүгүр, мен андай кыздарды аз жолуктурам. Менин дүкөнүмө көбүнчө эмне сатып аларын билген кыздар баш багышат. Ойду-тоону каалаган эрке кыздар келсе, дароо эле аны менен иштешүүдөн баш тартам.
– Коомчулукта эркек киши стилист же дизайнер болсо, ал тууралуу болду-болбоду бул гей деген ой калыптанып калган. Сиз буга эмне дейт элеӊиз?
– Мындай сөздү чыгарган адамдардын ою кыска болушу мүмкүн. Гейлер дизайнер жана стилист гана эмес, короо шыпыруучу, ашпозчу, деги койчу, ар кандай кесипти аркалашы ыктымал. Бул сыяктуу кептерди айтууга оозу барган адамдар катуу жаӊылышат дейт элем.
– Мындай керемет кече көйнөктөрүн тиккен жигит көпчүлүк кыздардын кыялындагы арзуусу болсо керек. Бул жаатта эмне дейт элеӊиз?
– Мындай тилек алда качан бир кызда орундалды го дейм (күлүп).
– Жүрөктү ээлетип койгон турбайсызбы... Кызык, сүйүктүүӊүзгө үлпөт көйнөгүн өзүӊүз тигип бересизби?
– Албетте, өзүм тигем. Мындай жоопкерчиликтүү жумушту менден башка эч ким жүрөгүнөн жасабаса керек.
– Ишиӊизге ийгилик!
– Рахмат.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg