Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы: «БИЗ РЕВОЛЮЦИЯ ЖАСАЙБЫЗ»

– Өткөн жумада «парламенттеги көпчүлүк коалиция кризиске кептелди, алар жоопкерчиликти моюнга алып бир чечимге келиши керек» деген ойду айттыӊыз. Маселе ошончолук курч турабы?
– Чынын айтканда, «Кумтөр» акыркы тамчы болду окшойт. Айдан-айга созулган өкмөттүн «Кумтөр» боюнча чечими акыры келип канчалаган адамдардын анык жүзүн ачты. Көпчүлүктү түзгөн коалициянын бул маселе боюнча бирдиктүү пикири да болбоду. Ошондуктан мен  бир позициясы жок коалицияны таркатуу керек деген ойду айттым. Жаз алды менен күтүүсүз кар түшкөнүнө кубанган айыл чарба министрин көргөндө таптакыр эле түӊүлдүм. Талаа ишин баштап алган дыйканга жан тарткандын ордуна кечигип жаткан насыясына убакыт пайда болду деген министрдин сөзүнө ал уялбаса, мен уялдым. Эгерде биз азыр дыйкандарга жардам бербесек, күзүндө эл эмнени жейт? Ал жагын да акыл калчап караштыруу зарылдыгы турат.ө
– Сиз жөнүндө «тракторлорду алып келүүдө Курманбек Бакиевдин тиешеси бар» деген ушак бар. Ушул чынбы?
– Кабарыӊыздар болсо керек, бул тракторлор совет доорунан бери чыгарылып келет. Ал эми Кыргызстанга болсо «АйылБанктын» лизингдик программасы аркылуу «Кыргызавтомаш» ишканасынан алынат. Биз түздөн-түз Беларустан албайбыз. Тракторго кошумча тетиктер Түркия жана Германия сыяктуу мамлекеттерден атайын буйрутма менен алынып келинет. Ошондуктан Беларусь деген атты угуп эле Бакиевдерге жармаштырган туура эмес деп ойлойм. Эгерде ушактарды тараткан адамдардын логикасына таянсак, анда «АйылБанк» жана «Кыргызавтомаш» дагы Бакиевдердин карамагында болуп калабы? Негизи, мындай айыӊ кептерди кимдер таратып жатканы белгилүү. Дал ошол адамдар карапайым элдин ырыскысын уурдагандар. Менимче, бул башталышы гана болсо керек. Себеби «Өнүгүү-Прогресс» партиясы туура жолду тандап, жөнөкөй элдин жашоо деӊгээлин көтөрүүнүн үстүндө иштеп келет. Биздин бул кадамдарыбыз айрымдарга жакпай жаткандай. Ошондуктан аларга көӊүл бурбай, өз жолубузду улай беребиз.
Кошумчалай кетсем, биздин жасап жаткан иштерибиз партиялаштарыбыздын гана жардамы менен болуп жатат. Мүчөлөрүбүз өз аймактарында менин эмес, элдин жерин айдап жардам берүүдө. Белгиленген мөөнөттө трактордун акчасын төлөп бүтүп калса, өздөрүндө калат. Бул жагын да эске алыш керек. Азыр билесиздер, жаз жарыш демекчи, айдап-себүү иштери жүрүп жаткан мезгил. Ошондуктан МТСтин тракторлору аймактарда элдин жерин айдоодо. Бирок МАИ кызматкерлери жолдон  жөнсүз токтотуп, тоскоолдук жасап жатышканын айтып эл нааразы болууда.
– Кыргыз өкмөтү МТС түзүүнүн жолун билбей баш катырып отургандай. Сиз алардан озунуп бир эмес, бир топ МТСти ачып койдуӊуз. Мунун сыры эмнеде?
– Негизи, өкмөт айыл чарба багытында туура эмес принципти тандап жатат. Алар бир учурда баарын колго алып, пайда да тапкылары бар. Буга мисал катары  2001-жылдагы түзүлгөн «КыргызАйылТехсервис» ишканасын айтсак болот. Учурундагы 120 миллион долларлык Япониянын насыясынан азыр болгону 3 миллион сом калды деген маалыматтар бар. Муну менен ишкана банкрот болду. Ошондуктан практиканы эске алып, чоӊ эмес, чакан чарбаларга кызмат көрсөтүш керек. Эгерде өкмөт 2011-жылдан бери республика боюнча жылына 10дон МТС ачып келсе, бүгүнкү күнгө чейин 40 МТС ачылып калмак. Мындай кадам менен агрардык революция жасалып кетмек. Тилекке каршы, биздин өкмөт андай кыла алган жок. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» партиясы кыска убакыттын ичинде өлкөнүн жети дубанында 15 МТС ачып, 150 миӊ гектар жерге ар кандай айыл чарба кызматтарын көрсөтүп, 30 миӊге чукул дыйканга жардам бере алды. Үрөн, күйүүчү май жана кызмат көрсөтүүнү арзан баада кылып, 70 миллион сомдук каражатты үнөмдөп берди.
Биз Кыргызстанда агрардык революцияны жасайбыз жана жасап жатабыз. Айыл чарба багытындагы биздин демилгебиз эл тарабынан колдоо таап, дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорку деӊгээлге көтөрүүдө. Кызматташкан адамдардын катары күн санап өсүп, пайда тапкандар азыр 120 миӊден ашып калды. Биз бул көрсөткүчтү 160-180 миӊге жеткирүүнү көздөп турабыз. Республика боюнча 44 районго МТС ачуу планы менен келе жаттык эле, машина трактордук станцияга муктаждык бар деген 82 арыз келип түштү. Биз дыйкандарды жаӊы технологияларга үйрөтүп, окутуп да жүрөбүз. Жыйынтык жакшы болуп жатканын түшүмдүн 30-35 пайызга өскөнүнөн көрүп жатабыз. Ушул жерден өкмөт өзүнүн тоодой ресурстарын колдонушту билбей жана менеджерлиги жетишпей жатканын айткым келет. Партиянын негизги максаты – бир-эки эмес, болушунча көп адамга пайда келтирүү.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
tilek-x
2015-04-21 20:00:58
Оркундоп осо бергиле эл кызматын кылып онугуу прогресс
+1
hairullo
2015-04-21 22:28:44
Партия деген ушундай иштеш керек. Онугуу партиясын колдойм мен. Мен дагы силерге оз салымымды кошсом дейм. Силердин партияга кантип кошулса болот.
+1
TUMAN1
2015-04-25 15:31:42
Азаматсыз!!!
0
alnaz
2015-04-25 16:01:12
Эми силер бийликти алып кыргыз элин бутуна тургузсанар гана.Баары эле кыйын чыгат башында анан эле баягы ичип жемей,тономой.Азыр эл озун озу багып жатат эптеп,ал эми тойлогондор байлар,чондор дегендей.Жок дегенде кредитти женилдете алышпады.
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан